Марлен Абдрасулов, Роман Сапаров, балбандар: “АЛЫШ КҮРӨШҮ ОЛИМПИАДАЛЫК СПОРТ ТҮРҮНӨ КИРСЕ ДЕЙБИЗ”

Ош шаарында 21-23-май күндөрү алыш күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өттү. Анда Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстандын спортчулары күч сынашты. Жалпы командалык эсеп боюнча Кыргыз өлкөсү 1-орунду, Өзбекстан 2-орунду, Иран 3-орунду алды. Азия чемпиону болгон балбандар Марлен Абдрасулов жана Роман Сапаровду кепке тарттык.

– Салам, жигиттер, жеңиш кут болсун! Сезимдер кандай болуп жатат?

Марлен: – Рахмат. Уткандан кийин ата-эне, айылдаштарымдын жанына келгенде көзүмдөн жаш айланып кетти. Өзүмдүн жеримде килемге чыктым, жакындарым келип карап отурушту. Алардын ишеничин актайын деген жоопкерчилик өтө чоң болду.

Роман: – Рахмат. Мен бул жеңишти аябай күткөм. Ушул алтын медаль үчүн канчалаган мээнет кылдым. Кудайга шүгүр, жеңиш мага насип этти.

– Азия чемпиондугу кандай өттү, жеңишке карай жол оңой болбосо керек?

Марлен: – Алыш күрөшү боюнча Азия өлкөлөрү күчтүү, мындайча айтканда, фаворит өлкөлөр. Азия чемпиондугу өтө жогорку деңгээлде өттү. Өлкөдө расмий түрдө көп жылдан бери өтө элек эле. Федерация жетекчиси формабыздан бери даярдап, жакшы карап жатат. Мен 70 килограмм салмак ченинде өлкө намысы үчүн күрөштүм. Бардык атаандаштарым катуу даярдык менен келиптир, бардык айлампадагы кармаштар мен үчүн өтө кыйын болду. Казакстан, Өзбекстан, Ирандын балбандарын жеңип, финалда түркмөнстандык Дүйнө чемпионун жеңип, алтын медаль тагындым. Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына жолдомо алдык. Буюрса, ал жакта дагы Кыргызстандын гимнин ойнотуп келели деп жатабыз.

Роман: – Жеңиш оңой жол менен келген жок. Өзбекстан, Казакстан, Иран, Түркмөнстандын балбандары күчтүү экен. Чүчү кулак олимпиадалык негизде кармалгандыктан топтогулар баары бири-бири менен күрөшүп чыгат. Мен үчүн финалда Өзбекстандын балбаны менен кармашуу өтө оор өттү, мындан эки жума мурун эле Өзбекстанда эл аралык турнир болгон. Ошондо ал жеңүүчү болгон, мен 3-орунду алып калгам. Ошол балбан менен кайра кез келип калдым. Кудай мында жеңишти мага буюрган экен. Өз салмак ченимдеги балбандардын күрөшүү ыкмаларын алдын ала карап, ошого жараша даярдангам. Азия чемпиону болгонум Көчмөндөр оюндарына барууга жакшы өбөлгө болду. Машыктыруучубуз турнир алдында “бул Азия чемпиондугу да, Көчмөндөргө тандалышыңарга негиз болот, бул чемпиондукка күчтүү балбандар келди, Көчмөндөр оюндарында да атаандаш ушулар болот. Финалга чыкпаганыңар Көчмөндөр оюндарына барабыз деп үмүт кылбай эле койгула” деп баарыбызга эскерткен.

Биз окуучу кезде Биринчи көчмөндөр оюндарында айылдаш агалар күрөшүп, өлкө намысын коргошкон. Ошондо “ушул агаларымдай болуп мен дагы өлкө намысын коргосом” деп кыялдангам. Ошол кыялданган убакыт эми келе жатат деп ойлойм. Буюрса, Көчмөндөр оюндарында да жеңиш менен кайтуу үчүн талыкпай эмгек кылам.

– Өзүңөр тууралуу айтып берсеңер, алыш күрөшүнө кантип келип калдыңар эле?

Марлен: – Мен 1999-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Додоң айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Учурда Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде магистратурада окуп жатам. Күрөш менен алектенгениме 14 жыл болду. Кичинемден эле айылда той-аштарда күрөшүп жүрчүмүн. Бара-бара профессионалдык деңгээлде машыгууга өттүм. Машыктыруучубуз Каныбек Абытов 1999-жылы айылга алыш күрөшү боюнча зал ачкан. Айылда залга келбеген бала жок, баары келет. Биз деле ошолордун арасында залга келип жүрүп кызыгуубуз артып кеткен. Каныбек Абытов азыр улуттук курамдын башкы машыктыруучусу болуп Бишкекке кеткен.

Роман: – Мен деле Додоң айылынан болом. 2000-жылкымын. Учурда Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде сырттан билим алып жатам. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Мен төрөлгөн кезде алыш күрөшү боюнча залдар ачылып, кызыгуу арта баштаптыр. Ата-энем кичинемден эле алыш күрөшүнө беришкен. Каныбек агайдын колунда тарбиялангам. Бир айылдан болгондуктан Каныбек агай Марлен экөөбүздүн тең жеке машыктыруучубуз. Бул спортто жүргөнүмө 13 жыл болду. Башында эле алыш күрөшүн тандагам, ошол бойдон бир эле багытта келе жатам. Үйдө үчөөбүз алыш күрөшү менен машыгабыз. Агам спорт чебери. Апам “бир жериңди оорутуп алба, убагында тамак же” деп дайыма санааркап турат. Күрөшүп жатканда жүрөгүм чыдабайт дей берет. Күрөшүп бүткөндө өзүм телефон чалам.

– Дагы жетишкендиктериңер тууралуу кошумчалап өтпөйсүңөрбү?

Роман: – 2021-жылы алыш күрөшүнүн эркин стилинде өлкө чемпиону, Баяман Эркинбаев атындагы эл аралык турнирде жана кыргыз күрөшүнүн чемпиону болгом. 2022-жылы өлкө чемпиондугунда алыш күрөшүнүн классикалык стилинде 60 килограмм салмак ченинде Өлкө чемпиону болдум. Улуттук курамга киргениме 2 жыл болду, турнирлерди калтырбай ийгиликтүү катышып келе жатам.

Марлен: – Буга чейин 2019-жылы Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 60 килограмм салмакта чемпион болгом. Өлкөдө алыш күрөшү боюнча 3 жолу, лейлек күрөшү боюнча 1 жолу чемпион болдум. 2018-жылы Көчмөндөр оюндарына тажик күрөшү боюнча 1-орунду алгам. Бир нече эл аралык турнирдин, Баяман Эркинбаев атындагы турнирдин жеңүүчүсүмүн. Эл аралык спорт чеберимин.

Роман: – Алыш күрөшү 60тан ашык мамлекетке тарады. Олимпиадага чейинки чемпиондуктардын баары өтүп бүттү. Эми алыш күрөшү да Олимпиадалык спорт түрүнүн катарына кирсе деп тилек кылып келе жатабыз. Биз дагы Олимпиада оюндарында күрөшүп, өлкө намысын коргогубуз келет.

– Тилегиңер орундалсын! Маегиңерге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан