«СУПЕР-ИНФО» 20 ЖАШТА!

“30 жылдан бери мындай боло элек эле” деген сөз мода болуп кетпедиби. Мен билгенден эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ЖМКлардын ичинде 20 жыл элди былкылдатпай маалымат менен камсыз кылып, 120 миң нускага чейин чыккан, №1016-санга жеткен кыргыз тилдүү жеке гезит болгон жок.

“Бу дүйнөдө не карып?

Сатылбаган бөз карып.

Көмөкөйдөн чыкпаган,

Айтылбаган сөз карып” деп Калыгул олуя айтып кеткендей, айтар сөзү болбосо, акыйкаты болбосо далай гезиттер сыяктуу “Супер-Инфо” деле орто жолдо калмак беле деп коём. Элге 20 жылдан бери кызмат кылып, агын ак, көгүн көк деп калыстыгынан жазбай келе жаткан “Супер-Инфо” гезити 31-майда 20 жашка толуп отурат.

20 жыл! Бул мезгил бүктөмүндө талыкпаган эмгек, изденүү, окурман менен мезгилдин тамырын тарта билүү жатат.

20 жыл! Бул аралыкта эмнелер гана болбоду, далай тоскоолдуктарга учурады, ар кандай бут тосуулар болду, ал көшөгө артында калсын. Кандай гана болбосун, гезит арыштуу кадамынан жазбай, ишенимдүү келе жатат. Мен Толик болгону, Толик атка конгону мындай кашкөй, мындай күчтүү команда көрбөдүм. “Толик байке, майрамыбызга карата тамаша аралаш жакшы макала жазып бериңиз” дешкенде кубанып макул болдум. Гезит кантип түптөлүп, кандай жолду басып өткөнүн буга чейин жазганбыз. Бул жолу гезиттин учурдагы жамааты, кашкөйлөрү, көзүрлөрү менен тааныштырайын.

РЕДАКЦИЯНЫН КОМАНДИРИ АВТАНДИЛ ДОБУЛБЕКОВ

– “Баатырдын атын алыстан ук” дегендей, бул баатыр 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге ыңгайсыз суроо берип таанымал болгон. Журналисттин артыкчылыгы ошондо эмеспи, элдин оюндагы нерсени тайсалдабай тарс айтып салса, демек, журналисттик озуйпасын сезе билгени да. Оңою менен бирөөнү мактабаган саясатчы Адахан Мадумаров да бул инимдин маектешүү шыгына жылуу пикир айтканы эсиме түштү.

“Катар-катар лөктү айтам,

Калп айтпаган төптү айтам” дегендей, Автандил мырза 2019-жылдан бери “Супер-Инфонун” башында келе жатат, гезиттин директору жана башкы редактору. Бир калыбынан жазбай, катуусун имерип, айрым акылдуусунганын чын жүрөктөн жылмайып жеңип жамаатка баш-көз болуп келе жатат. Автандил инимди кээде аяп кетем, эй, анткени чыгармачыл топто көбү кыз-келиндер. Мен кээде бир кемпириме түтө албай жатканда... дейм ичимден.

СУПЕРДИН СУПЕРИ КАНЫМЖАН УСУПБЕКОВА

– Канымжан деген айым бар гезитте, охоо, сүрдүүнүн сүрдүүсү, сырттандын сырттаны десек болот. Учурда шеф-редактор. Адатта жумушка жаңы келген кызматкерди ушу айымдын ишенимдүү колдоруна салып беришет. Журналисттерди ийлеп-ийлеп, идиреги болсо алып калат, элегинен өтпөгөндөр калат. “Суперде” 18 жылдан бери тынымсыз иштеп келе жаткан бул кишини “мастер Шифу” деп койсок жарашат. Медицина тармагын чемичке чаккандай чагат, ден соолук, курулуш, пайдалуу кеңештер, айтор, тиричиликке эмне керек болсо андай макалалардын баары ушу кишинин калеминен жаралат. Өлкө боюнча тааныш-байланыштары эң көп да ушул айым. Бишкектеги врачтардын баары менен беш. Ошол үчүн Канымжан айымды даяр саламаттыкты сактоо же айыл чарба министри деп тамашалап калабыз.

КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ АСЫЛ ОРОЗБЕКОВА

– “Асыл жансың ай, айдын нурундай” деп азыркынын булбулу Мирбек Атабеков ушу биздин Асылга арнап ыр чыгаргандай. Чын айтам, ырдын каарманы ушу кыз. Аты да, заты да асыл. Асылдын асылдыгы – кандай кызмат болсо да “кыла албайм” деп кыйыктанбай жасап берет. Иштебеген бөлүмү калган жок, отурбаган креслосу калган жок. Кайда барса да ишин тыпыйтып жоопкерчиликтүү бүтүрөт, учурда шеф-редактор. Колунун узундугу ушунчалык, Түркиянын жылдызы Зейнеп Бастык, Кореянын жылдыздары “BTS”, айтор, кимди кааласа ошону шыйрактан кармап келип “интервью алат”. Башкалар бул жакта кыргыздын анча-мынча жылдыздарынан ала албай жүргөндө, Асыл карындашыма чет элдик жылдыздар “Асыл, бул жумада мени чыгарчы” деп “жалдырап турушат” десең, чиркин. Баса, Асылжан карындашымдын жүрөгүнүн ээси болом деген жигиттер, эсиңерде болсун, алгач менин сынагымдан өтөсүңөр!

ӨЗҮ КУРЧ, СӨЗҮ МУРЧ НУРЖАМАЛ ЖИЙДЕБАЕВА

– Бүгүн айтпаганда качан айтам, капа болбо, карындашым, сырыңды айтпасам болбойт. Жумадан жумага окурманды күттүргөн, шолоктотуп ыйлаткан сериалдар ушул айымдын калеминен жаралат. Псевдоними Айлин Д. “Супер-Инфо” жаралганы карындашымдын сериалдары кошо жаралган, ошондон бери эриш-аркак келе жатышат чиркин. Моюнга алыш керек, мынча талант кайдан деп таң калам кээде. Анткени жазганын бир дем менен, ырахаттанып окуйсуң.

“Көкүрөк чечен болбосо,

Көзү көрүп не кылат” дегендей көкүрөгү менен көптү көргөн, өзү курч, сөзү мурч карындашымдын дагы далай таланты катылып жатат. Жакында аты дүркүрөп чыкканда өзүңөр күбө болуп каласыңар. Демиңерди ичиңерге ката тургула, ээ?

"ЭЛДИН КЫЗЫ" ДИНАРА АКИМОВА

– Бизде элдин кызын өзүбүздүкүнөн кыйын көрүп “карачы, элдин кыздарын...” дей берген адатыбыз бар. Дал ошол кыйындыгынан редакцияда “элдин кызы” аталган Динара кызым бар. Журналисттердин кенжеси, ошол үчүн кызым деп коём. Көк бөрү, жылкы десе ичкен ашын жерге таштап, Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин кыдырып кетет. Спорттун фанаты, улакчы, футболчу, боксчу, комментатор, машыктыруучу, балбандар, айтор, бардыгы ушу кыздын башында, колунда, калеминде. Өжөрлүгү, ишке берилгендиги эми жанда жок. Ушу кызым спортчуга турмушка чыгып мага спортсмен неберелерди тартуулайбы деп кыялданам.

АК ҮЙДҮН ДАЙЫМКЫ КОНОГУ ЛУНАРА БЕКИЕВА

– Охоо, Лунара карындашым саясатчыларды чекеден маекке тартып, интервьюда айласын кетирүүдө. Маектештери деле “эртең мунун суроосуна кантип жооп берем” деп ойлонуп жакшы уктабай чыгышат го дейм. Министрин баш, депутатын төш кылып бурчка такап күтүүсүз суроолору менен айласын кетирип жибермейи бар. Анан да бул карындашым тагдыры оор жарандардын үмүтү, тиреги. Акыйкаттык издегени, чырдашканы, тагдырын айтып ыйлаганы, жардам сураганы баары ушул карындашыма келет. Материалды иликтеп-жиликтеп, казчусун казып, талбай жүгүрүп жүрүп ийненин көзүндөй болсо да чындыкты таап элге жеткирет. Ичимден “кыйынды кыйын деш керек” деп сыймыктанып калам!

КАТАЛАРДЫН ДУШМАНЫ ГУЛИЙПА МАМЕТОСМОН КЫЗЫ

– Гулийпа гезиттин “ката тапкычы”, тагыраагы, корректор карындашым. Бул кызсыз гезитте анча-мынча тамгалар "бекинип" калышы мүмкүн. Журналисттер материалын “бышырып” бүткөндөн кийин ашты “демдеш” ушул кыздын колунда. Жоопкерчиликтүү карындашым ийне менен кудук казгандай ар бир сөздүн маанисин издеп, талдап “ай, ушу туура эмес болуп калып жүрбөсүн?” деп каталарды таап турат. Ап-бали дебегенде эмне дейсиң? Эски, салмактуу ырлардын фанаты. Маданиятты өзүнөн артык сүйгөн карындашым бул тармакта макалаларды да жазып келет. Өзү кумурскадай мээнеткеч, изденип эле басып жүрөт. Технологияда кандай жаңылык болсо Гулийпа дароо үйрөнүп алган болот. Мына ушундай көп кырдуу адамдар иштейт редакцияда.

МАТЕРИАЛГА КӨРК БЕРГЕН КАНЫКЕЙ АЙТАЛИЕВА

– “Каныкей деген бир кыз бар,

Асмандагы жылдыз ал” деп туруп төгүп жиберейинби, чиркин. “Беш көкүл кезимде келдим эле сага, абышка” деп кемпирлер жаштыгын эстеп калышат го. Каныкей да беш көкүл кезинен гезиттин дизайнери, 17 жашынан баштап редакциябызда келе жатат. Гезитти колго алганда эле өзгөчө стиль көрүнөт мага, дароо “Каныкей ушул бетти жасаган экен” деп калам. “Супер-Инфонун” биринчи бетинин жасалгасы – ушул кыздын эмгеги экенин биле жүрүңүз, окурман. Ар бир материалга өзүнчө кам көрүп, өзгөчө кылып жасап чыгыш эмне деген эмгек? Башка бирөө болсо эчак фантазиясы түгөнсө керек эле, биздин Каныкей ар жума сайын жаңы дизайн ойлоп таап таң калтырат. Жашына эмес, эмгек тажрыйбасына карасак, Каныкей гезиттин ардагери. Бирок өзү жапжаш болсо да үч баланын апасы, жолдошунун сүйүктүү жары. Көрдүңөрбү, ал жакка да, бул жакка да кантип жетишиш керек экенин Каныкейден үйрөнүү керек.

КРЕАТИВДҮҮ МЕНЕДЖЕР НАРГИЗА УМОТОВА

– “Супер-Инфонун” жарнама тармагын, кардарлар менен иштөө, бул жаатта жаңы долбоорлорду тартууну Наргиза карындашым карайт. Учурда гезиттин коммерциялык директору. Бардык жагынан креативдүү, идеяга бай.

Ошондуктан сунуштары, идеяларын жамаат менен бөлүшүп турууга шашат. Өзүнүн негизги ишине кошо, мисалы, корпоративдик кече, жамааттын табият коюнунда, көлдө эс алуусун уюштуруу сыяктуу иштерди да ала кеткени анын мыкты менеджер экенинен кабар берип турат.

АЙЫМДАРДЫН КЕҢЕШЧИСИ АСЕЛ ИШЕНБАЙ КЫЗЫ

– Асел деген бал эмеспи. Аты да бал, сөзү да бал, иши да бал сонун кыз. Гезит даярдоодо тексттен каталарды таап оңдогон дагы бир каарманыбыз. Гезитте кожойкелерге арналган “Ашкана” рубрикасынын, сулуулукка кам көргөн кеңештердин “апасы”. Тамакты алгач өзү жасап көрүп, анан гана окурманга сунуштай турган мыкты сапаты бар. Дайым жылмайып гана жүрөт. Мени бир күнү өз колуң менен тамак жасап чакырсаң, жаман кемпиримди кошуп алып барып келем!

МЫЙЗАМ МЕНЕН ДОС АЙНУРА СЫДЫКОВА

– Биздин укуктук таянычыбыз, юрист. Мыйзамдарды чагат тим эле. Далай сыноону баштан өткөргөн гезиттин кызыкчылыгын талашып

Айнура карындашым да далай жүрдү. Мыктыны мыкты деп бүгүн айтпаганда качан айтабыз?

7 ДУБАНГА КОЛУ ЖЕТКЕН УРМАТ КАНЫБЕК УУЛУ

– Гезитти сонун кылып даярдадык, эми аны окурманга жеткирүү керек. “Супер-Инфону” басмаканадан алып кардардын колуна жеткирүү Урмат мырзанын иши. Унчукпай жүрүп тоодой ишти бүтүргөн мыкты жигит. Гезиттин жети дубанга жетиши үчүн кээде Урмат иним түндө иштөөгө туура келет, анын бул эмгегин баса белгилеп коюу зарыл. Эми бул жигитти мактай берсек сөз көп деңизчи, көз тийбесин деп ушундайда токтото туралы.

КАЗЫНАНЫ КАМПАЙТКАН ҮМҮТ ЫРЫСБЕКОВА

– Гезитке жарнама тартып, кардарлар менен иштешкен сулуу Үмүт карындашым. Чын эле сулуу, ишенбесеңер сүрөтүн карагыла. Орусча мактай кетсем, “Комсомолка, спортсменка и просто красавица!” Ар бир кардардын тилин таап, аларды кызматташууга көндүрүүнүн өзү эмне деген мээнет? Редакциянын казынасын кампайтып, гезит бетинен жарнамага орун издеп эле жүрө бер, жаркылдаган Үмүт карындашым.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан