«АЙЫЛ БАНКТЫН» ДЕПОЗИТТЕРИ БОЮНЧА ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫК!

«Айыл Банк» ААКсы 2022-жылдын 30-июнуна чейин жеке адамдар үчүн депозиттер боюнча жаңы акциясын баштады. Бул убакыттын ичинде сизде төмөндөгү депозиттер боюнча жогорулатылган чен менен депозит ачуу мүмкүнчүлүгү бар:

«Кенч» мөөнөттүү депозити – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүнчүлүгү жок, жогорулатылган пайыздык чен менен белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган ашыкча акча каражаты бар кардарлар үчүн арналган. Депозиттин бул түрү кепилденген туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Депозиттин минималдуу суммасы 1000 сом.

Эффективдүү пайыздык чен: КGS – 14,94га чейин.

Ал эми эң сарамжалдуу кардарлар үчүн “Айыл Банк” ААКсы “Керемет” топтолмо депозитин сунуштайт. Мында пайыздар ай сайын төлөнүп турат же кардардын талабы боюнча капиталдаштырылышы мүмкүн. Депозитте салымды кошумчалап туруу боюнча чектөөлөр белгиленген.

Депозиттин минималдуу суммасы – 5000 сом.

Эффективдүү пайыздык чен: КGS – 14,98га чейин.

Ошондой эле биздин кардарлар үчүн дагы бир жакшы жаңылык!

«Айыл Банк» ААКсы «Ардагер» пенсиялык депозити боюнча үстөк пайызын көтөрдү!

Карылыкка эрте кам көрүү – акылман адамдын иши. Себеби бакубат карылык жөнүндө кыялдануу менен эле чектелбестен, ага азыртан шарт түзүп баруу зарыл. «Айыл Банк» ААКсы менен бирге бакубат карылыкка акча топтоону баштаңыз.

Ал үчүн үйүңүзгө жакын жайгашкан “Айыл Банктын” каалаган филиалына 36 айга (3 жылга) жылдык 13,5 менен “Ардагер” пайыздык депозитин ачсаңыз болот.

Депозиттин минималдуу суммасы 1000 сом.

Эффективдүү пайыздык чен: КGS – 17, 54 га чейин

Кошумчалай кетсек, сиз “Айыл Банктан” Элкарт пенсиялык картасын ачып алсаңыз, ошол картадан ай сайын автоматтык түрдө белгилүү бир сумманы депозитке которо аласыз жана депозитиңиз толуктала берет.

Сиз Банктын кеңселерине барбастан, AБ24 мобилдик банкинги аркылуу депозит ачып, толуктап жана актуалдуу маалыматты ала аласыз.

“Айыл Банк” менен бирге депозитиңизди сактап, көбөйтүңүз!

Депозиттердин бардык түрлөрү жөнүндө маалымат банктын www.ab.kg сайтында жеткиликтүү.

Депозиттер боюнча толук маалыматты «Айыл Банктын» жакынкы филиалынан же 0(312) 68 00 00 телефону боюнча алса да болот.

Байланыш телефондору: 0(556) 68 00 00; 0(222) 68 00 00; 0(707) 68 00 00.

«Айыл Банк» – сизге жакын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан