ДҮЙНӨНҮ КОРКУНУЧКА КАМОО КЕЗЕГИ – МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИНДЕ. Бул эмне болгон оору?

COVID-19 пандемиясынын аягы жыйылгыча медиктер жаңы коркунучту жарыялашты. Акыркы апталарда Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө маймыл чечеги оорусунун жайылып баратканы дүйнө жүзүн кооптондурууда. Ушул оору тууралуу маалымат беребиз.

МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИ ТУУРАЛУУ

Маймыл чечеги – чанда кездешүүчү инфекциялык оору. Дарттын козгогучу – ортопоксвирус, башкача айтканда, адам жана жаныбардын вирусу болуп эсептелет. Табигый түрдө алып жүрүүчүлөргө Африкадагы темгилдүү жана даракта жашоочу тыйын чычкан, гамбия келемиши, темгилдүү жана селевиния чычканы, маймылдардын түрлөрү кирет.

Эмнелер аркылуу жугат – аба (шилекей, какырык, чүчкүрүк) кан жана уруктук (сперма) аркылуу. Маймыл чечеги менен ооруган жаныбар менен байланыш болгондо, ооруган адам менен жакын катнашта болгондо жугат. Жыныстык катнашта жугуу коркунучу чоң. Вирус ооруну алып жүргөн жаныбардын жана адамдын терисинин тытылган, сыйрылган жерлери жана былжырлары аркылуу да жугат. Ооруган энеден түйүлдүккө өтөт.

Кимдер көбүрөөк ооруйт – балдар жана жаштар, ошондой эле иммунитети төмөндөр. Көз жумуп кетүү ооруган адамдардын 100 пайызынын ичинен болжол менен 3,6-10 пайызды түзөт.

Ооруган адам канча убакта айыгат – бир нече аптада, адатта 3 аптага созулат.

Дарт негизинен кайсы өлкөлөрдөн жолугат – нымдуу тропик токойлору бар Борбордук жана Батыш Африкада, бирок айрым учурларда башка өлкөлөргө тарап кетет.

Маймыл чечегине каршы вакцина барбы – атайын вакцина жок, бирок Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда табигый чечекке каршы вакцина маймыл чечегинин жугушунан сактай алат.

Дартты аныктоочу тест-системи барбы – Орусиянын окумуштуулары ортопоксвирустук инфекцияны аныктоочу тест-системи менен аныктоого болорун билдиришти.

Вирустун жашыруун көбөйүү убактысы – вирус организмге киргенден кийин жашыруун көбөйүү мезгили- 5-21 күн.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Баштын оорушу, катуу чыйрыгуу, калтыроо, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын, арка-жондун оорушу, шалдыроо, тердөө, арыктоо
  • Денеге бүдүрлүү жаралардын чыгышы, ичинде суюктук бар ыйлаакчалардын болушу. Жаралар алгач беттен башталып, анан денеге, анын ичинде жыныстык органдарга тарайт. Болжол менен 10 күндө жаралардын бети карттанат. Айрым учурда жаралар алакан менен тамандан баштап чыгат.
  • Лимфа бездеринин чоңоюшу
  • Организмдин ууланышы

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ

Атайын дарылоочу дары-дармек жок. Бирок айрым окумуштуулар табигый чечекти дарылоодо колдонулуучу каражаттарды колдонууга болот дешет. Дарылоодо вируска каршы тэковиримат, цидофовир, бринцидофовир каражаттары эксперимент катары колдонулары айтылууда. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев эгер өлкөдө оору катталса Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушалган дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлөрүн айтты.

КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ КАТТАЛДЫ?

2022-жылдын 25-майына карата 20 өлкөдө 265 адамда катталды. Катталган өлкөлөр – АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Швеция, Израиль, Швейцария, Австрия, Бельгия, Нидерланды, Дания, БАЭ, Чехия, Финляндия.

ООРУНУН ТАРЫХЫНАН

Оору качан белгилүү болгон – 1958-жылы Копенгагендин мамлекеттик институтунун лабораториясы тарабынан аныкталган.

Адамда биринчи ирет катталган – 1970-жылы Африканын Конго Демократиялуу Республикасында.

Башка континенттерде катталган алгачкы учур – 2003-жылы АКШда.

Европада катталган – 2018-жылы экзотикалык өлкөлөрдөн кайтып келген 7 адамдан табылган.

ООРУДАН КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК?

Ооруган маймылдарга жолобоо, жапайы жаныбарлар менен байланышта болбоо, этин жебөө

Колду таза жуу, антисептик чачуу

Жыныстык катнаш учурунда сактануу каражаттарын колдонуу

Тааныбаган адамдар, саякатчылар менен баарлашпоо

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан