Түрк кино жылдызы МЕХМЕТ ОЗАН ДОЛУНАЙ

Түрк кино дүйнөсүнө, тагыраагы, түрк актёрунун жашоосуна саякатка чыктык. “Озан Мехмет Долунай тууралуу кенен маалымат бериңиздерчи” дешти окурмандар. Окурмандын каалоосу – биз үчүн “мыйзам”. Белгилүү, таланттуу, суроо-талапка ээ бойдок жигит “Таш боор Стамбул” сериалы менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

Туулган жери: Түркия, Анталья

Туулган жылы: 1991-жыл, 17-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Жогорку коом”, “Бизден кийинки кезек”, “Таш боор Стамбул”, “Кайгыда да, кубанычта да”, “Конок” жана башка

Мехмет Озан: “Бала бакчада, мектепте чакан сценкаларга, театрлаштырылган оюн-зоокторго катышканым менен, актёрлук кесипти аркалап калам деп ойлогон эмесмин. Кичинемден эле АКШга кеттим. Ал жактан бош убактымды көбүрөөк спортко багыштадым окшойт. Анын үстүнө мектепте окууга талап күчтүү болгондуктан, ашыкча нерсени ойлонгонго убакыт, күч деле калчу эмес. Мектепти бүткөндөн кийин кайра мекениме – Түркияга келдим. Өзүмдүн эмес, ата-энемдин каалоосу менен университеттин машина куруу факультетине инженердик кесипке тапшыргам”.

МОЮНУНАН БАЙЛАНГАН ИТ УУГА ЖАРАБАЙТ

Америкада жашап эркиндикке, көз карандысыздыкка көнө түшкөн Мехметке өзү каалабаган окуу жайда билим алуу кыйын болгон. Окууну бүткөндөн кийин бир канча компанияга практикага барып көрдү. Бирок “моюнунан байланган ит ууга жарабайт” дегендей, жакшы жыйынтык чыгара албай койду. Университетте окуп жүргөндө дагы бир нече ийримдерге жазылып алган эле, арасында театралдык курс да бар болчу. Алдыга коюлчу максатты жигит театрдан көрдү. Инженердик кесип “сандыкка бекилип”, чыныгы кесипкөй актёр болуу үчүн аракет кыла баштады. 2 жыл актёрдук окуу жайда окуган Мехметтин дебюту театр сахнасында өткөн. Устаттары ага “мыкты актёр болуш үчүн карьераңды театрдан башта, сахнанын күнгөй-тескейин көр” дешчү. Актёрдук алгачкы абройлуу сыйлыгын театрдагы ролу үчүн алганы ушундан улам болсо керек.

Ал эми кинодогу алгачкы ролун 2015-жылы “Кичинекей алдамчылар” сериалынан алган. Америкалыктар тарткан жаштарга арналган сериалдын түркчө вариантынан Мехмет Озан Долунай аттуу актёр бар экенин билишти көрөрмандар. Бул ийгиликтүү старт болчу.

Мехмет Озан: “Саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Жаңы жер, жаңы эл, мен билбеген тарых, маданият жашоого болгон кызыгуумду арттырат. Өзгөчө адам колу тийбеген, бузула элек жаратылыш коюнунда жыргап эс алам. Мени актёр катары тааныган адамга караганда, бейтааныш адам катары көргөндөр менен бат тил табышам. Анткени алар менден эч нерсе күтпөйт, сындабайт. Жөнөкөйлүк деген сонун сапат”.

“ТАШ БООР СТАМБУЛ”

Чынында эле каарманыбызды жакындары жөнөкөй деп сыпатташат. Ошол эле учурда ачык, шайыр, амбициялуу адам. Мехмет Озан 10 жылга жетпеген актёрдук карьерасында көптөгөн тасмаларга тартылды. Алардын баары ийгиликтүү болуп, жогорку рейтингдерди багынтты дегенден алыспыз. Ошентсе да анын талантын далилдей алган кино долбоорлор болду. Алардын бири катары “Жогорку коом” сериалын атасак болот. Түрктөрдө дагы бай-кедей темасы көп козголот эмеспи. “Жогорку коомдо” актёр Мерт аттуу бай, эрке, текебер жигиттин ролун аткарган. Сериалда Мехметтен сырткары да күчтүү актёрдук курам ойногон эле. Натыйжада ар бири актёр-актриса катары рейтингин көтөрө алышты.

Каарманыбыздын “визиттик картасы”, аны дүйнө элине тааныткан “Таш боор Стамбул” сериалы болду. Тасманын кыргыз күйөрмандары да көп экени талашсыз. “Сериалдагы каарманым Женк мага караганда ачык адам. Биринчи айтып, жасап салып, анан ойлонот же такыр эле ойлонуп баш оорутпайт” деген актёр 2019-2020-жылдары экранга чыккан сериалдын арты менен карьералык дагы бир тепкичке көтөрүлө алды. Андан бери Мехметтин жашоосуна көз салган күйөрмандардын саны миңдеп, балким, миллиондоп саналат.

Мехмет Озан: “Окуяга катышканга караганда байкоо жүргүзгөндү жактырам. Адамдарды да сыртынан карап, алардын жашоосуна, кыймыл-аракетине байкоо салган жагат. Биздин кесип адамдардын образын ачып берүү да. Андыктан канчалык көп байкоо жүргүзсөң, ошончолук жеңил ойнойсуң. Кино, сериалдарды да көп көрөм, анализ жасайм, тажрыйба топтойм”.

КЫЗЫКТУУ ИНСАН

Бош убактысында Мехмет байкоо жүргүзүп эле отурат экен дебеңиз. Каарманыбыз көп тармактуу инсан. Алгач спорт тууралуу сөз кылалы. АКШга алгач барганда эле узун бойлуу жигит баскетбол ойной баштаган, андан кийин америкалык футбол командасынын мүчөсү болду. Анын тоодо сноуборд тээп жүргөнүн же сууда толкун менен жарышып сёрфинг ыкмаларын аткарып жатканын көрсөңүз болот. Айтор, жигит спортту жан дили менен сүйүүчүлөрдүн катарында.

Музыка. Актёр электроника жанрындагы музыканы жактырып эле тим болбостон, өзү дагы бул стилде музыка жарата алат. Кайсы бир түнкү клубдан аны ди-джейдин ордунда көрсөңүз таң калбаңыз.

Жазуучу. Чыгармачыл адам катары Мехмет жазуучулук талантка да ээ болгону кадимки көрүнүш болсо керек. Жакындары анын укмуш аңгемелери бар дешет. Келечекте актёр тасмаларга өзү сценарий жазып калган күн алыс эместир.

Фотограф. Саякатчы адам көргөн кооздугун камерага түшүрүп калбаса “күнөө” болсо керек. Бул жаатта Мехметтин күнөөсү жок. Анын колунан көздү эс алдырган керемет кадрлар жаралат.

Сүйүү. Бойдок, ийгиликтүү жигитке “ууга” чыккан кыздар, тагыраагы, жыйынтык чыгара алган айымдар тууралуу сөз кылсак. Мехмет Озан 4 жыл актриса Мелисса Шенолсун менен кыз-жигит мамиледе болгон. Андан кийин актёр мырза модель Пелинай Ийгит менен жетелешип калды. Эмнеси болсо да Мехмет азырынча бир дагы кызга нике шакегин сала элек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан