Шылуун заман
Редакцияга “Оюн бизнеси” ассоциациясынан кайрылышты. Алар: “Айлабыз кеткенден силерге келдик. Мындай окуя болорун күткөн эмеспиз. Милиция бизди коргобой эле, кылмышкерлерди коргоп калганбы?”- деп сыздап отурушту. Анда сөз башынан болсун.
ТЕРГӨӨЧҮНҮН ТЕСКЕРИ ЖОРУГУ
2010-жылдын 4-декабрь күнү “Мэри Клуб” ЖЧКсынын өкүлдөрү ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Арызда Орусия Федерациясынын үч жаранынын үстүнөн чара көрүү тууралуу өтүнүч жазылган. Алардын айтымында, Геннадий Никитин, Леонид Тарасов жана Дмитрий Михалков (өздөрү көрсөткөн паспорттогу аты-жөндөрү, болжолдорго караганда, аларда дагы башка паспорттор бар) “Мэри Клуб” ЖЧКсынын оюн залында ойношуп, алдамчылык жол менен жалпысынан 20 660 доллар акчаны утуп кетишкен. Рулетка оюнунун жүрүшүндө фишкаларды жең ичинен чыгарып, оюнга кошушкан. Дилер байкабаганы менен, камерага алардын иш-аракети тартылган.
Ошол эле күнү кечке маал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган шектүү үч адам кармалган. Алар сурак учурунда күнөөлөрүн моюнга алышкан. Бул кылмыш иши боюнча бардык материалдар Биринчи Май райондук ИИБине берилген. Иш кылмыштарды каттоо китепчесине да катталган. Ишти тергөөчү, милициянын майору Назира Даирбекова кабыл алган.
Кызыктын баары ал күндүн эртеси башталган. "Оюн бизнеси" ассоциациясынын юрист-кеңешчиси Шаршеев Искендер бул тууралуу минтип баяндайт: "5-декабрь күнү кечки убакта тергөөчү Назира Даирбекова S1688G мамлекеттик номурлуу күлгүн түстөгү Нива машинасына шектүү адамдарды салып, РИИБдин аймагынан алып чыгып кеткен. Документтерин кайрып берип, алардын качып кетүүсүнө көмөк көрсөткөн. Ошол эле кечте муну биз билип калып, тергөөчүгө анын кылган жоругу боюнча кайрылганбыз. Тергөөчү өтө орой түрдө этикалык чектен чыга жооп берип койду".
Андан соң жабырлануучулар Биринчи Май райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнө кайрылышкан. Аларга милиция кызматкерлери шектүү деп саналган адамдар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылгандыгын билдиришкен. Жабырлануучу тарап милиция кызматкерлери менен биргеликте мейманканага келгенде, кылмышка шектүү адамдар ал жерден чыгып кетишкени маалым болгон. Милиция кызматкерлери Казакстанга чыга турган “Ак жол” постун жана “Манас” аэропортунун жүргүнчүлөр терминалын жабуу сунушун киргизишкен. Андан кийин иликтөө иштери жүрүп жаткан кезде, оперативдүү маалыматка ылайык, кылмышка шектүү адамдардын экөөсүнүн аты-жөнү Бишкек-Москва рейсиндеги учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесинде бар экени билинген. Аэропортко барган милиция кызматкерлери менен жабырлануучу тарапты жүргүнчүлөр терминалына киргизбей коюшкан. Аба майданындагы УКМК-нын кызматкерлери көрсөтүлгөн сүрөт боюнча учуп кеткен жүргүнчүлөрдүн ичинен кылмышка шектүү адамдардын экөөсүн таанышкан.
НАМЫС КАЙДА?
Өз күнөөлөрүн моюнуна алгандан кийин алардын Кыргызстанда эч кандай мыйзам жок сыяктуу өлкөдөн чыгып кетишин кандай түшүнсө болот? Акылга сыйбаган көрүнүш! Биздин милициядан ар бир эле шектүү адам кылмышын моюнуна алып, андан кийин коштошпой “англисче” кете берсе болобу?
Жабырлануучу тарап менен болгон маегинде бир милиция кызматкери алдамчылыкка шектүүлөрдүн бирөөсү “алдамчылык – биздин оокат. Мындан башка нерсе кыла албайбыз” деп билдиргенин айткан. Мындай билдирүүдөн кийин "шектүүлөрдү коё берүү жалпы эле ИИМдин кадырын, абалын баткакка белчесинен батырып жатпайбы?!" деген ой келет.
СУУ ИЧКЕН КУДУГУНА ТҮКҮРДҮБҮ?
Кыргызстандын “Оюн бизнеси” ассоциациясынын курамына кирген казинолор бир топ жылдардан бери ИИМге материалдык жардам берип келишкен. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолор учурунда милиция кызматкерлерин колдоп, жардамын аяган эмес. Ассоциация ИИМге көмөктөшүп, мыйзамсыз кумар оюндары бизнесинин тамыр алып кетишине бөгөт койгон. ИИМдин жообу кандай болду? Мамлекет алдында мыйзамда жазылган милдетин аткарып койгондун ордуна ичкен кудугуна түкүргөндөй эмеспи?
Азыркы кезде ассоциацияга мүчө болгон ЖЧКлар 3 миң адамды жумуш менен камсыз кылат. Бул деген 3 миң үй-бүлөнүн бакубатчылыгы. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, оюн бизнесинен мамлекетке 2010-жылдын ичинде 670 миллион сом салык келип түшкөн. ИИМдин бир жылдык бюджети 1,8 миллиард сомду түзөт. Ошондо бул сумманын жарымына жакынын оюн бизнеси табат экен. Башка өлкөлөрдө оюн бизнесине мамлекет түздөн-түз колдоо көрсөтүп келет. Казинолор бир гана бюджетке түшкөн акча эмес, туристтердин, валюталардын агып келишине өбөлгө түзөт.
Алдамчылардан жапа чеккен ЖЧК түштүктөгү июнь окуяларында милиция кызматкерлерине 500 миң сомдук жардам көрсөткөн. Ушул жылдын эсебинен эле 300 миллион сом салык төккөн.
Эми өлкө казынасын толтуруп келген ишкерлер эмне кылышы керек? Кимден жардам күтүшү керек? Милиция тартип менен мыйзамдын так сакталышын коргошу керек эле го?
СУРООЛОР ТУУЛАТ
Бул окуядан кийин мындай суроолор өзүнөн-өзү туулат. Эмне үчүн тергөөчү шектүүлөрдү коё берди? Алар тергөөчүгө эмнени убада кылышкан? Же жогору жактан көрсөтмө келдиби? Үч шектүүнүн бирөөсү кайда? Тигил экөө акчага кетип, бирөөсү барымтада калганбы?
КЕЧ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ
4-декабрдагы окуя боюнча кылмыш иши 9-декабрда гана козголуп отурат. Анда да шектүүлөрдүн кылмышы видеотасмадан анык көрүнүп тургандан кийин. Азыр Биринчи Май райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү менен козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук ИИБинде тергелип жатат.
Ал эми тергөөчү Назира Дайырбекованын кылган ишин ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы иликтеп жатат. Жыйынтыгын дагы билдиребиз, окурман.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg