Бекназар Жамангараев, Ассоль Молдокматованын сүйүктүүсү: «АССОЛЬ АЗЫРКЫНЫН КУРМАНЖАН ДАТКАСЫ»

Ассоль Молдокматова бул жолу бизге жалгыз эмес, жан шериги, кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири Бекназар Жамангараев менен бирге маек берди. “Үлпөт той качан болот?” деп сурап жаткандар үчүн жооп да бар. Анда белгилүү түгөйлөрдүн эксклюзивдүү маегине күбө болуңуздар.

– Саламатсыздарбы, Ассоль айым, Бекназар мырза? Кыргызстанга келишиңер менен! Канча убакыт Кыргызстанда болосуздар? Эки өлкөдө тең жашайсыздарбы?

Ассоль Молдокматова: – Саламатсыздарбы, рахмат! Биздин оюбуз, жүрөгүбүз дайым Кыргызстанда. Мекенибизде болгон ар бир окуяга кайдыгер эмеспиз. Апам, жакындарым баары мекенибизде, андыктан биз көпчүлүк учурда Кыргызстанда болобуз. Кээде Америкада жашайбыз. Досторум “сен жок Кыргызстанды ким иреттеп турат?” деп тамашалап калышат. Мен адилетсиздикке чыдабайм, дайыма жабыркаган тараптамын. Бул оор нерсе, бирок менин адамдык миссиям ушул.

Бекназар Жамангараев: – Саламатсыздарбы? Азыр шартка жараша эки өлкөдө жашаганга туура келип жатат. Келечекте мекенибизде жашайбыз деп пландап жатабыз.Социалдык чоң долбоорлорду ишке ашыруу керек, аракет кылып жатабыз. Өзүмдүн кесибим IT тармагы болгондуктан Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрсөм деп кыялданам. Өзүбүз алыста болсок да акылыбыз, жүрөгүбүз мекенибизде. Кесибим менен чет өлкөдө көп болдум, тоо, токой, чөл, көл баарын көрдүм. Бирок киндик кан тамган жерге эч нерсе жетпейт, элимди жакшы көрөм, кайсы жерге барсаң кубанып тосуп алат. Баары бир өзөгүбүз мекенибизде болгондуктан, көп убакыт бул жерде болобуз.

– “Жакында үлпөт той” деп жарыя кылдыңар, качан күбө болобуз жана кайсы шаарда болот?

Ассоль: – Азырынча шашпайбыз.Тоюбуздун майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп жатабыз. Көп идеяларыбыз бар, аны ишке ашыруу үчүн шашпай ойлонуу керек.

Бекназар: – Үйлөнүү тоюбузду күз айларына пландап жатабыз. Бишкекте болот, кандай болот, кайсы жерде болот, канча киши келет, азырынча сыр кылып туралы.

– Кантип таанышып калганыңыздар тууралуу айтып берсеңиздер...

Ассоль: – Биздин таанышуубуз кызык болду. Тагдыр болуш керек, социалдык баракчама жазылган постторго дайыма Бекназар комментарий жаза берчү.

Бекназар: – Ушундай жакшынакай айымдын эсинде калайын деп аракет кылчумун да (күлүп).

Ассоль: – Бир жолу Нарынга иш сапар менен бармай болдук. Тимур деген таанышым “видео материал тартып келели” деп калды. Ал Бекназарды да чакырыптыр.

Бекназар: – Тимур мага да телефон чалып Нарынга бармай болдук. Ассоль менен чогуу барарыбызды угуп дароо макул болдум. Таңкы саат 4тө Бишкектен эки машина менен чыгып кеттик. Аябай толкундандым, бирок билгизбегенге аракет кылып жаттым.

Ассоль: – Кайрымдуулук иш-чарасы менен бара жаткам, алыскы айылдагы жардамга муктаж адамдарга көп барат эмесминби, ошол учурда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү мага “Нарын облусунун ардактуу өкүлү” деген наам берип калды.

Бекназар: – Так ошол Ассолго наам тапшырып жатканда залга кирип калдым.

Ассоль: – Жынсы шым кийген, чачы аркасына байланган, жылмайганы өзгөчө жигитти дароо байкадым.

Бекназар: – Мен үчүн биринчи жолугушуу жана Ассолго кандай таасир бергеним маанилүү болчу. Биз биринчи жолу көзмө-көз жолугушуп жатканбыз, ага жагымдуу таасир калтыргым келди.

Ассоль: – Сыртка чыкканда “Голливуд жылдызы сиз белеңиз?” деп тамашаладым. Экөөбүз эки башка машинага отуруп алыскы айылдардын бирине жөнөп кеттик. Алыскы айылда жашаган жардамга муктаж кичине кызга барышым керек эле. Ага 15 миң сомдук ортопеддик бут кийим керек болуп жаткан экен. Бекназар угары менен “мен алып берем” деди. Мага анын мээримдүүлүгү, берешендиги жакты.

Бекназар: – Мен Ассолдун кайрымдуулук иштерине аябай суктанам. Бардык эл суктанат болуш керек. Аны жакшы биле элегимде Ассоль учакка түшүп барат, сулуу болуп эл алдына чыгып сүйлөп кете берет деп ойлочумун. Өзү машина менен алыскы айылдарга барып, уйкусуз, дем албай иштегенин көрүп таң калдым. Кайрымдуулук үчүн ушунча ден соолугун, убактысын короторун билгенимде сыйлап калдым.

– Мындан башка дагы кайсы сапаттарын жактырдыңыз?

Бекназар: – Ассоль тууралуу том-том китеп жазып, сериал тартса болот. Жеке мага жаккан мүнөзү – жүрөгү, пейили кенен адам, эл үчүн күйүп-бышып кетет. Мен анын жүрөгүн, пейилин сүйүп калдым. Акылы, сулуулугу жагат. Пандемияда тикесинен тик туруп, кызыл зонага чейин кирип барып жардам берип жатты. Биздин чогуу жашап жатканыбызга жарым жылдай болуп калды, күнүмдүк жашообузда дагы “сен эркексиң, акыркы чечимди сен чыгарасың, мен сени угам” дейт. Чоң иштерди кылат эмеспи, бирок кичине кыздай кыялы бар, ак көңүл, ишенчээк. Мындай аял бир кылымда бир жаралат деп ойлойм. Ассоль мени менен жашап калгандан баштап мага “Ассолду капа кылба. Эмнеге Америкага алып кетип калдың, бул элге керек айым” деп жазышат. Аны бүгүнкү күндүн Курманжан даткасы десе болот.

– Ассоль айым, сиз Бекназар мырза тууралу айтып берсеңиз...

Ассоль: – Учурда мээримдүү жүрөгү бар, жан дүйнөсү ачык, татыктуу адам менен чогуу отурам, жашап жатам. Ал ушул боюнча калат деп ишенем, мыкты сапаттары тууралуу кийин дагы толук айтып берем. Менин Бекназарым тууралуу айтсам сөз көп. 90-жылдарда бүт өлкө оор абалда калбадыбы, Бекназардын апасы каза болуп, 5 уул апасыз калат. Атасы уулдары менен Чаекте жашап, Бекназар Бишкекте музыкалык окуу жайда окучу экен. Эртең менен көчө шыпырып, кеңселердин терезесин жууп, айына 200 сом тапчу экен. Жашаган үйүнүн жанына тандыр орнотуп, наавайчыларды ишке алып, ысык нанды таңкы саат 5те “Ош базарына” алып барып сатып алгачкы бизнесин баштаптыр. Бекназар 19 жашында англис тилин күнү-түнү окуп, 1999-жылы алгачкылардан болуп АКШга учуп кетет. Окуп, иштеп жүрүп, азыр дүйнөдөгү көрүнүктүү IT адиси болду. Ушунун баары анын мүнөзүн калыптандырган. Ушунча кыйынчылыктан кийин да мээримдүү, дили таза, ачык, элге жакын болуп калганы мени суктандырат.

– Бекназар мырза, социалдык тармактарда Саяк байке деп катталыпсыз. Себеби барбы?

Бекназар: – Мен Жумгалдын Чаек айылынан болом. Эл айткандай, супер саяктардан болобуз (күлүп). Уруумдун аты өчүп калбасын деп ушу атты алып жүрөм. Башында тамаша катары койгом, кийин эл да, мен да бул атка көнүп кеттик.

– Ассоль айымдын уулдары менен тааныштыңызбы, кандай кабыл алышты?

Бекназар: – Албетте, тааныштым. Жан, Шабдан экөө тең жакшы кабыл алышты.
Ассоль жакшы тарбия бериптир балдарына, мамилебиз жакшы.

Ассоль : – Уулдарым “апа, сиздин жүзүңүз күлүп, бактылуу болуп турсаңыз, сиздин жаныңыздагы адамды дайыма сыйлап, жакшы көрүп турабыз” дешти. Алар мага бакыт каалашат.

– Бактылуу болуңуздар, сүйүүңүздөр кылымга жашасын! Маегиңиздерге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан