“Бир тууган” рубрикабызда куудул, тамада, ырчы Борончу Кудайбергеновдун агасы Кубан Кудайбергенов конокто. “Борончу аракетчил, өзгөчө идеяларга бай, боорукер. Баарына өз күчү менен жетти” дейт ал.
“ЧОҢ ЭНЕБИЗ БОРОНЧУГА ЧАҢ ЖУГУЗЧУ ЭМЕС”
– Биз үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз, 6 эркек, 2 кыз. Борончу экөөбүздүн ортобуз эки жаш айырма болгондуктан удаа эле чоңойдук. Борончуну мектеп жашына чейин Рысбүбү деген чоң энебиз баккан. Илгери чоң энеге бала бермей деген бир салт болгон көрүнөт. Баланы бергенден кийин ата-энеси кайра сурай алышчу эмес экен. Рысбүбү чоң энебиз атамдын агасынын байбичеси. Балдары чоңоюп кеткенде Борончуну эрмек кылайын деп алып алган көрүнөт. Борончу кичинесинде тентек болчу, чоң атамдар Эпкин айылында жашап жүргөн кезде өзү курактуу балдарды күл төккөн жерге чогултуп алып, аларды күлгө оонатып чачышып ойночу экен. Кечинде балдардын ата-энеси “Борончу балдарды күлгө оонатып салыптыр” деп ызылдашса, чоң апабыз баласын коргоп алар менен урушканга чейин барчу экен. Чоң эненин колунда аябай эрке өстү. Ал киши Борончуну аябай жакшы көрөр эле. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай, коргоп эле турчу. Борончуга чаң жугузчу эмес. Тамактын даамдуусун, момпосуйдун түрүн берип бапестеп бакты да. Айылчылап келгенде дароо Борончуну чакырып момпосуйларды берет. Борончунун маанайы жакшы болуп калса бизге дагы бөлүшүп койчу, көңүлүнө туура келбесе бербей кетип калчу. Мектепке барарда өзүбүздүн үйгө келди. Ошондо ага бир топ оор болду. Үйдө чоң энесиндей эч ким анын көзүн карабайт, антип эркелетпейт, кадимкидей жашоого түшүп калды да.
“АСКЕРГЕ КЕТЕРДЕ КАССЕТАГА ЫР ЖАЗДЫРЫП, АПАМА ТАШТАПТЫР”
– Биз уялчаак болуп чоңойдук, Борончунун бала кезден тартынбаган, ачык-айрым мүнөзү бар. Мектепте чоң класстарда окуп калганда балдар кыздарга кат жазып калат эмеспи, ошол кезде апамдан эч нерсени жашырбай эле “апа, баланчанын кызына кат жаздым, жооп алдым” деп айта берер эле. Анын айтып жатканын угуп биз уялып, “эй, аны эмне айтып жатасың?” деп жаман көрчүбүз.
Мектепте ырдап, интермедия аткарып иш-чараларга көп эле катышып жүрдү. Кароо-сынактарда майда болсо да сыйлыктарды алып калчу. Биз жаш кезде Протон деген кичинекей көтөрүп жүрмө магнитофондор чыккан. Борончу аскерге кетип жатканда ошого ырдап жаздырып, кассетаны апама таштап кетиптир. Мен аскерден келген кезде Борончу аскерде кызмат өтөп жаткан экен. Апам кассетадагы ырларын коюп угуп калчу.
“ЧУБАК САТАЕВ МЕНЕН ЖҮРҮП ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АРАЛАШЫП КЕТТИ”
– Борончу 8-классты бүткөндөн кийин училищеде окуп механизаторлук кесипти алып чыкты. Кийин Орусиянын Амур облусунун Благовещенск шаарында танкалык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келди. Аскерден келгенден кийин Кыргыз автомашиналык заводго жумушка орношуп, Чубак Сатаев менен бирге иштеп калат. Ошол жерден аны менен таанышып, чыгармачылыкка киришип кетти. Ошону менен чыгармачылык жолдо аракет кылып келе жатат. Чынын айтканда, “чыгармачылыгыңа жумша же бир керегиңе жарат” деп деле жакындар тараптан каржылык колдоо болгон жок. Ал кезде Союз урап, кыйынчылык болуп турган учур эле да. Өз күчү менен чыгармачылыгын тургузду. Анын арты менен жер алды, там салды. Артисттер ошол кездерде жакшы жөрөлгө кылып, кезек менен концерт беришип, андан түшкөн акчага үй алышкан. Бек Борбиев менен кошуна болуп калганы да ошондон болчу. Кийин Бек ал жактан көчүп кетти.
“БОРОНЧУ ТАЛАСТАН БОЛОТ ДЕП МЕНИ ЖЕҢИП КОЮШКАН”
– Ата-энебиз бизге “муну кыл” деп деле багыт берип же бир нерсени таңуулаган жок. “Өзүңөр көңүлүңөргө жакканын кылгыла” дечү. Көпчүлүк артисттер “жакындарым каршы болгон” деп калышат го. Борончуга батасын берип эле ийгилик каалашкан. Чогуу өсүп, жанында жүргөнгөбү, чыгармачылыкты баштаганда анча деле маани берген эмеспиз. Элге белгилүү болуп “Борончунун тууганысызбы?” деп таанышса сыймыктанып калам. 1992-жылдары болсо керек эле. Бир жерде конокто отурсак телевизордон Чубак, Борончу, дагы башка ырчылар ырдап баштаганда “үнүн чоңойтуп койгулачы, таластыктар ырдап жатат” деп калышты. “Жалаң эле таластыктар эмес го” десем, “кимди айтып жатасың?” дешти. “Борончу Таластан эмес да” десем, “жок, Таластан” деп мени жеңип коюшту. “Аа, таластык болобу?” деп алар менен макул болуп отуруп калгам.
“ҮЙЛӨНӨРДӨ МЕНДЕН УРУКСАТ СУРАГАН”
– Жатаканада жашачумун, бир күнү Борончу келди. Көйнөгүмдү жууп, бөлмөнү тазалап бир орунга тура албай эле жумуш жасап жүрөт. Негизи Борончу кичинесинен апама, эжеме жардамдашып үйдөгү иштерди жасаша калчу. Азыр деле карап отура бербей, кээде тамак жасай коймою бар. “Эмне болуп кетти?” десем, “үйлөнүш керек, ушинтип эле көйнөгүңдү жууп жүрө бересиңби?” деди. “Көңүлүмө туура келген үйлөнө турган деле кыз жок, үйлөнөм десең сен үйлөнө бер” десем, “ой, байке, ошого уруксат сурайын деп келгем” деп кубанып кетти. Ошентип менден мурун ал үйлөнгөн. Үй-бүлөдө келинчегиң колдоп турса, иш алдыга жылат да. Борончунун жубайы жакшы инсан, ар дайым колдоп-жөлөп турат.
“БУЛАРДЫ КУУДУЛ ДЕБЕЙ, КӨРӨГӨЧ, СЫНЧЫЛАР ДЕЙТ ЭЛЕМ”
– Мамлекетте саясат бир аз башкача болуп жатпайбы, сын айткан кишини жаман көрүп, аны менен тирешип эле жатып калышат. Абдылда, Тынар, Борончу сыяктууларды куудул дебей, көрөгөч, сынчылар деп айтар элем. Алардын айткан кебинин түпкүрүн түшүнө келсең мааниси тереңде жатат. Борончу өзгөчө идеяларга бай. Кандай болбосун мамлекеттик деңгээлдеги темаларды көтөрөт. Кечээ жакында кыргыз-өзбек достугу деп кыргыз-өзбек куудулдарын чогултуп Ошто футбол уюштурду. Мунун деле түпкү мааниси жакшы болуп жатпайбы. 2-3 жыл мурун ар бир аймактан чыккан тарыхый инсандарды таанытуу максатына “Тарых кербени” деген долбоорун ишке ашырды. Убагында узун чачтуу кыздар сынагын уюштуруп жүрдү, каржылык колдоо болуп сынак азыркыга чейин өтсө өлкөдө узун чачтуу кыздар кыйла көбөймөк. Көп эле жакшы иштерди уюштурат, анан баары эле каржыга барып такалат да. Деги эле тынч алып отуруп калбайт, эми “Мыскыл жана тамаша” долбооруна өмүр берип, жаңыртып даярдап жатпайбы.
Динара Акимова