ШАХ-ФАЗИЛ БАЯНЫ

Шах-Фазил күмбөзү Жалалабаттын Алабука районунун Сафедбулан айылында жайгашкан. Ислам дининин айрым өкүлдөрү экинчи Мекке аташкан Шах-Фазилдин тарыхы11-12-кылымдарга барып такалат. Эң кызыгы, Сафедбулан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу.

ШАХ-ЖАРИР

11-12-кылымдарда Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жарир чоң атасынын тапшырмасы боюнча 12 миң аскери менен Фергана өрөөнүнүн элине исламды жайылтуу үчүн келет. Жеринин кооздугуна карап Алабуканы жердеп калышат. Ислам дини тууралуу түшүнүгү жок, өздөрүнчө топ-топ болуп ар башка динге баш ийген карапайым калк алгач Шах-Жарирдин үгүтүнө моюн суна беришпеди. Кадам сайын каршылыктарга учураса да, Шах-Жарир Алла Таала тарабынан чоң атасына дайындалып түшүрүлгөн ыйык Куран китеби, Мухаммед пайгамбардын насааттары жөнүндө айтып, жыйындарды өткөрүүдөн жазбайт.
Жергиликтүү элдин ишеними менен урматына дагы тереңирээк ээ болуу үчүн Жарир айылдын жергиликтүү башкаруучусунан өзүнө Буайда аттуу кызын берүүсүн сурайт. Кыздын атасы уруксат берген соң үйлөнүү той өтөт.
Ортодон бир нече мезгил өткөндөн кийин аймактын башкаруучусу Ихшид менен Буайданын атасы динди жайылтууга келген арабдарга кол салууну пландашат. Кол салуу жума күнкү намаз убактысына белгиленет. Жума күнү арабдар жума намазга мечитке чогулушат. Буайда кол салуу боюнча кабар угат да, бул тууралуу Жарирге айтат. Намазды бузууга болбойт эле, антсе да арабдар намазды кыска окуп, салгылашууга даяр турууну чечишет. Бирок, бир себептерден улам, мүмкүн жаңылыппы, айтор, кыска эмес, узун намазга жыгылууга өтүшөт. Козголоңчулар мечитке кирип келишип, сыйынып жаткан арабдардын башын чекеден кылычтап киришет. Ошондо Алланын кудуреттүү күчү менен дубалда оюк пайда болот да, Жарир ал жер аркылуу өтүп, өзүн жана жакын адамдарын куткарып калууга жетишет. Окуяны уккан калган арабдар кандуу окуя болгон жерге келишип, Алладан жүз бургандардан мечиттин ичине кирип, жарадар болгондор менен дүйнө салгандардын денелерин чогултуп кетүү үчүн бир күн сурашат. Жергиликтүү жаштар буга макул болушканы менен карылары баш тартып: “Эгер биз ичкериге арабдарды киргизгенибизди укса, шах бизди аман калтырбайт”,- деп болбой коюшат. Ошентип, Жарир кош бойлуу жубайы Буайда жана башка арабдар менен мекенине кайтат.
Ошол убакта кандуу окуя болгон жерде арабдардын биринин кара терилүү жаш кызматчы күңү башы кесилген арабдардын ичинен өзүнүн кожоюнунун башын издейт. Күңдүн аты Боболон болот. Ал кожоюнунун өлгөнү анык болсо, башы азат болмок. Боболон кесилген 2700 баштын баарын чогултуп, аккан сууга жууй баштайт. Бирок, кожоюнунун башын таппай коёт. Кыз баштарды жууп бүтүп бир жерге чогултуп, таш менен корумдайт. Баштардын баарын жууп бүткөнчө Кудайга жагаарлык иши үчүн Алланын кудуретинин артында ал капкара кыздан аппак кызга айланат. Бир нече убакыттын ичинде аппак кызга айланган кызды эч ким тааныбай калат. Аны көргөн тажиктер Сафед-Булан (Аппак-Боболон) деп аташат.

ШАХ-ФАЗИЛ

Өз мекенине кайтып баргандан бир нече мезгилден кийин Жарирди кутумдар уулантып өлтүрүшөт. Анын жубайы Буайда эркек балалуу болуп, атын Фазил коёт. Фазил 40 жашка чыккыча атасынын тагдыры тууралуу эч нерсе билбей чоңоёт. 40 жашка келгенинде апасы болгондордун баарын айтып берет. Фазил аскер чогултуп Ферганага келет да, акыры анда ислам дининин бийлигин орнотот. 40 жыл мурун кандуу окуя болуп өткөн мечиттеги баштары кесилген денелер кандайдыр бир сыйкырдуу күчтүн артында бузулбай, куду ошондой болуп турган болот. Фазил ал денелерди диний жөрөлгө менен жерге бердирет. Фазил 16 жыл бийлик жүргүзөт. Эркек балалуу болуп, ал 16га чыкканда чоң той берет. Жергиликтүү аймактын башкаруучусу Фазилди конокко чакырып, уулантып өлтүрөт. Фазилге күмбөз тургузулат.
Ошол замандан тартып Сафед-Булан (Аппак-Боболон) жашаган кыштак анын атынан Сафедбулан деп аталып калат. Кийин Сафед-Буландын көзү өткөн соң мүрзөсү мазарга айланат.
Арабдар менен кандуу салгылаш болуп өткөн жерде азыркыга чейин «исламды тутунган күнөөсүз пенделерге асмандан исламдын жашыл туусу көрүнөт» деп айтылат.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
solnyshko
2011-10-02 20:03:25
Ушул кумбозго менин чон агам барып келген,ушул окуяны чын болгон деп айтышат...
0
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан