Жаңылай Исакова, актриса: «АТАМ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫН АЛГАНДА АЯБАЙ КУБАНДЫМ»

“Үйгө барганда апамдын жаткыла дегенине карабай түнкү саат 3-4кө чейин атам экөөбүз сүйлөшүп отура беребиз” деген каарманым кичинесинен атасына жакын экен. Атасы жөнүндө айтып жатып эреркеп көзүнө жаш алды. “Атам – аска-зоом” рубрикабыздын алкагында бул сапар актриса, режиссёр Жаңылай Исакова менен атасы, Кыргыз Эл артисти Алымкул Исаков тууралуу маек курдук.

“КИЧИНЕСИНЕН АКТЁР БОЛОМ ДЕП КЫЯЛДАНЧУ ЭКЕН”

– Атам 1960-жылы 20-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Ата-тегим айтылуу Насирдин Исанов, Төрөбай Кулатов чыккан жерден болот. Билесиздер да, Ноокатта алма, тамеки талаасы жакшы иштетилет. Атам талаа иштери менен алектенип жүрүп эле чоңойгон экен. Ошол кезде айылга көчмө театр келип калганда жибербей койбосун деп жумушун жанталашып бүтүрүп алып спектакль көргөнүн өзү эскерип калат. Жаңылбасам, ошондо Сабира Күмүшалиева баш болгон залкарлар ойногон спектаклди көрүп таасирлениптир.

Биздин урууну бакырчаактар деп коюшат. Эмнеге дегенде баары үндүү келишет. Атамдын да диапазону кенен, жакшы ырдайт. Кичинесинен актёр болом деп кыялданчу экен. Мектепти бүткөндөн кийин актёр болом дегенине чоң атам каршы болот. Эң кызыгы, ошондо молдо таякеси “баланы каалаган окуусуна жибер” деп чоң атамды көндүрүп, батасын берет. Атам Бишкекке келип Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы окуу жайга тапшырыптыр. Окуп жүргөн маалында Ташкентке окууга кабыл алуу болуп, куурчак театры артисти бөлүмүндө окуп калат. Кийинчерээк айтылуу казактын актёр, режиссёру Нурмухан Жантурин окууга тандоо кылып жатыптыр деп угуп, "драмалык актёр болом" деп тырышып жатып Алматыга которулуп, окууну ошол жактан бүтүп келет. Эмгек жолун Ош улуттук драма театрынан баштаган.

“БИР КӨРҮҮДӨН СҮЙҮҮ БОЛГОН” ДЕП АЙТЫП КАЛЫШАТ”

– Аскерге барып кызмат өтөп келгенден кийин апам менен таанышып калат. Атамдын классташы апамдын курсташы экен. Бир кечеде чогуу отуруп калышыптыр. “Бир көрүүдөн сүйүү болгон” деп айтып калышат. Апам Лейлектен болот, апамдын айылына күнүнө эртең менен бир эле автобус каттачу экен. Айыл боюнча апамдын үйүндө телефон болуптур. Атам чалса таенем алат да. Бир жолу эптеп апамды телефонго чакыртып алып, барайынбы десе, өзүң бил деп коюптур. Кызыгы, күн түштөн ооп калганына карабай атам апама келип калыптыр. Экөө тең окууну бүтүп, иштеп жүргөндө үйлөнүшкөн. Апам учурда драматург, көптөгөн мыкты пьесалардын автору.

“ЖУМШАК КӨРҮНГӨНҮ МЕНЕН, БИР СҮЙЛӨГӨН КИШИ”

– Баары эле өз ата-энесин мактайт да, бирок менин атам ата катары да, адам катары да мыкты деп айта алам. Анткени чыгармачылыкта болобу, жетекчилик ишинде болобу, айтор, дос-кесиптештеринен атам тууралуу начар пикир уга элекмин. Ар бир сөзүн цитата катары жазып алгың келген адамдар болот го. Атам менен сүйлөшүп отурганда да ошондой, өтө терең адам. Ар бир кырдаалды анализдеп, өзү аркылуу өткөрүп анан биз менен бөлүшсө керек деп ойлойм. Атам жумшак көрүнгөнү менен, бир сүйлөгөн киши. Бир көз караш менен эле оюн түшүндүрөт, катуу тилдеген учуру болгон эмес. Эжем экөөбүзгө апамды кошуп "үч кызым бар" деп коёт. Апам менен деле талаш учурлар жаралып калганда бир эле көз караш менен токтотот.

“АТАМ ЖУМУШТАН КЕЛМЕЙИНЧЕ УКТАЧУ ЭМЕСМИН”

– Кичинемде атам мени Жаңылиз, Лиза деп эркелетчү. Бой жеткенден кийин эле апам менен сырдашып калбасам, ага чейин атам менен гана сүйлөшчүмүн. Эжем апамдын, мен атамдын кызы болчумун. Атам жумуштан келмейинче уктачу эмесмин. Ал кезде түштүк аймактары боюнча жалгыз алпаруучу атам болчу. Боз түстөгү костюмун кийип алып иш-чараларды, тойлорду, концерттерди алып барчу, спектакли болсо ага дагы жетишчү. Ошентип үйгө кеч келчү, кирип келип эле Жаңылиз деп кыйкырчу. Чуркап барып атамдын моюнуна асылып калчумун. Түнкү саат 12-1 болсо да тамактанып, кечке болгон жаңылыктарды айтып берип анан уктачумун. Азыр телефон чалганда тамашалап мен ага Алымкул Дооронович, ал мага Жаңылай Алымкуловна деп кайрылабыз.

“АТАМ ЖАРАТКАН ГҮЛСАРАТТЫН РОЛУНАН АБДАН ТААСИРЛЕНГЕМ”

“Кичинеңде театрга келип алып бул менин атамдын театры деп кыйын болуп күйгүзө берчүсүң” деп күлүп калышат. Атамдын спектаклдерин калтырбай көрчүмүн. Кичинемде Ош драма театрынын репертуарында “Жаныбарым Гүлсары” спектаклинде атам Гүлсараттын ролун аткарчу, көздөрү дал эле аттыкындай көрүнчү. Гүлсарат кыйналып жан берип жаткан жерин көргөндө тынчсызданып жатып апамдын колун эзгилеп салчу экенмин. Кийин эс тартып калганда деле ошол жери мага аябай таасир берчү. Бул ролу үчүн Чыңгыз Айтматов дагы колун кысып, куттуктаганын атам сыймыктануу менен айтып калат.

Атам аябай эмгекчил, роль чыгарарда түнү менен уктабай калчу. Атам менен жүрүп ар бир иш-аракетин, баштапкы даярдык, сахнадагы чагылдырылышы, айтор, процесстин баарын көрүп жүрүп менде чыгармачылыкка болгон кызыгуу артса керек.

“СЫЙЛЫКТЫ САЛКЫН КАНДУУ КАБЫЛ АЛДЫ”

– Сыйлык күтпөй эле жашаса болот дегенибиз менен, бул нерсе чыгармачыл адамга чоң стимул берет. Атам Кыргыз Эл артисти наамын алганда аябай кубандым. Бизден өтүп дос-кесиптештери сүйүнүп, «татыктуу алды» деген сөздөр көп болду. Ошол нерсе мен үчүн сыймык болду. Ал кезде Египетте элем, мен барганча тапшыруу аземи болбой турса экен деп тиледим. Бактыга жараша, жетишип калдым. Сыйлык алып жаткандагы атамдын салкын кандуулугу таасир берди, жөнөкөй эле кабыл алып койду. Сыйлык – жакындар үчүн сыймык болот экен.

“АТАМ КЫЗЫКТУУ МАЕКТЕШ”

– Атам кызыктуу маектеш. Кайсы жаатта болбосун сүйлөшө аласың. Мен Ошко барганда апамдын “эртең кыйналасыңар, уктагыла” дегенине карабай таңкы саат 4кө чейин деле сүйлөшүп отура беребиз. Театр, чыгармалар, тарых тууралуу, анан да санжыраны жакшы билет, түшүнүктүү кылып айтып берет. Мага аскердеги окуяларын дагы уккан жагат, тажабай сурай берем, актёр болгонгобу, аябай кызыктуу баяндап берет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан