Сапарбек Зулпуев, төкмө акын: “МЕНИН АЙЫБЫМ – КИТЕП ОКУБАГАНЫМ”

Сахнада кыймыл-аракети, тамашалуу айтышы менен элдин көңүлүн бурган төкмө акын бар, көпчүлүктүн сүймөнчүгү. Ал – Сапарбек Зулпуев. Сапарбек мырза төкмө гана эмес, театр актёру дагы экенин билчү белеңиз? Ушул жана башка кызыктар коштолгон маек алдыңыздарда.

– Арыбаңыз, Сапарбек мырза! Маекти сиз катышкан соңку айтыш тууралуу баштагым келип турат, Таласта өткөн айтыш кандай болду?

– Бар болуңуз. 10-майда Бишкекте тандоо туру болуп, 46 акындын ичинен 12 акын өтүп, 16-17-май күнү Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата Таласта уюштурулган айтышка катыштык. Таластын меймандостугу, сый менен тосуп алгандыгы мага жакты. Казактардан 4 акын келиши керек эле, шартка байланыштуу 3 акын келди.

– Буга чейинки маегиңизде “айтыштарда өсүү бар” дептирсиз. Ошол тууралуу сурагым келип жатат, кандай өсүү бар?

– Азыр “Айтыш” фондунда 10 күн сайын айтыш сабактары болот, жаш төкмөлөр көбөйдү. Жакшы айткандар жок эмес, бар.

– Жакшы айтышкандар жок эмес, бар дедиңиз...

“Асмандан асман, көктөн көк, самандан саман, чөптөн чөп” деп ырдай бергендин баары эле акын болсо, анда кыргыздын 50-70 пайызы акын болмок. Анын ичинде философия деген бар, маанисине карап айтуу деген бар. Кайсы теманы ачып жатат, кайсы теманы айткысы келип жатат, ошолордун баарын эске алганда өсүп келаткан балдар, кыздар бар.

– Анда айтыңызчы, мыкты акындар деп кимдерди айтасыз?

– Жаштардан, Темирбек Матыбаев, Элмирбек Иманалиев, Нурсултан Абдыкаримов, Тынарбек Буураевдер жакшы чыгып жатышат. Философия десе философия, юмор десе юмор жактан, атүгүл мени менен да жакшы шарт түзүп айтышып жүргөн бир акын бар. Менден 7 жаш кичүү болсо дагы менин сахнадан тапкан досум. Аны мен эле эмес, бүтүн кыргыз журту сыйлайт. Ал – Аалы Туткучев.

– Башка акындар “айтыш болордо китептерди окуп даярданабыз. Айтышка аз калганда толкунданып уктабай чыгабыз” дешет. Сиз кантип даярданасыз?

– Мен кийим-кечемди, акчамды даярдайм. Анан Кудай тилиме, дилиме салганын айтам деп жөнөп кетем. Мен китеп окубайм. Ошол айыбым. Окуган менен мээме кирбейт. Бирок анча-мынча аудиокитептерди угам.

– Жакында Аккыз Абазбековадан маек алдым. Ал сахнада айтылган ырлардын 50 пайызы жатталган болсо, 50 пайызы ошол жактан төгүлөт деди. Сизде да жаттап алган учур болобу?

– Москва да бир күндө курулган эмес. Ошол жазып алып айтайын деп акындыкка кызыккандын өзү жакшы аракет, кыргыз элине дагы бир жакшы акын кошулду деген белги. Бара-бара жазбай төгүп калат ошол акындар. Ошондой үмүт кылыш керек. Менде андай болгон эмес. Башында деле түз эле чыккам, азыр да жаттабайм.

Алдын ала муну айтам деп жазып алышат экен. Кантип ошол айтышка туура келип калат, билбейм мен. Кээде мага жаттап алган акындар түшүп калат, тигил же бул деп айтпайм. Алым сабак кылалы десем, оюмду айтып алайын дешет. Ошолор жаттап алган деп ойлонуп калам.

– Алгач ирет айтышып сахнага чыкканыңызды эстеп бериңизчи.

– 2003-жылы Өзгөндө азыркы депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен айтыш өткөн. Айтыштын афишаларын көтөрүп жүргөн жеринен төкмө акын Абдували Акимбековго жолугуп калдым. Ага чейин тааныш болчубуз. “Сен келип катыш” деди. Ошондо биринчи жолу айтышка чыккам. Андан мурун айылда тойлордо ырдап, концерттерге катышып жүрчүмүн.

– Чакырса эле барып айтышып кеттиңизби? Толкундануу болдубу?

– Ооба, дароо эле айтышып кеттим. Менин сахнага чыгып сүрдөөнү билбей калганымдын себеби – атам манасчы болгон, мен 7 жашымда үй-бүлөлүк манасчылар тобун түзгөнбүз. Эки агам, мен, атам болуп төртөөбүз сахнага чыгып манас айтат элек. Ошентип элдин алдына чыгып жүрүп сүрдөө дегенди билбей калдым. Азыр кээде "баланча, түкүнчө отурат" деп сүрдөп калам.

– Демек, атаңыз да өнөрлүү адам экен да?..

– Ооба, атам манасчы. Чоң атам төкмө акын болгон экен. Апамдын бир тууган таякеси Молдобай деген төкмө акын болгон. Ал а дегенде эле оозунан куюла берчү экен. Ошол өнөрүнүн айынан көз тийип каза болгон дешет.

– Элдин сүйүүсүн байкайсызбы?

– Кудайга шүгүр, күйөрмандарым көп. Бир жолу бир киши “биздин үйдө жүрүп айылдын тойлорун кыдырып кел” деп Баткенге алып барган. Жолдон чай ичели деп чайканага кирип калбайлыбы. Ал жактан көргөндүн баары “Сапарбек менен учурашып коёлу” деп келип жатышты. Анда телефон бар эле, бирок сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу, автограф алышчу. Тиги киши “айылга тааныштырганы алып келе жатсам, сени баары тааныйт экен” деп күлдүргөн эле. Азыр деле сүрөткө түшүп, автограф сурашат. Балдарын көтөрүп келип “оозуна түкүрүп кой” дегендер бар. Бирок биз анчалыкка барбайбыз. Кечээ эле Таластан бирөө “оозуна түкүрүп койчу” деп баласын көтөрүп келди, “жок, түкүрбөйбүз” деп нан чайнап оозуна салып койдук, жеп алды.

– Учурда актёр болуп иштеп жатыптырсыз.

– Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театрында актёр болуп иштейм, быйыл 4 жыл болот.

– Актёрлукка кайдан кызыгып баштагансыз?

– Бала чагымда радиодон, теледен спектаклдер берилчү. Ошолордон таасирленип актёр болгум келчү. Акындарга кызыгып акын болсом деген кыялдануу менен кошо эле сахнага чыгып ойноп актёр болсом деген кыялдарым бар эле. Мындан 4 жыл мурун Барпы театрында режиссёр болуп иштеген Бакыт Жумалиевге жолугуп, “силерге келип иштесем болобу?” деп сурагам. Ага мен жаш чагымдан кызыгарымды, мектептин сахнасында ойноп жүргөнүмдү, сынактарга катышканымды, 2005-жылы Өзгөн элдик театры менен Ошко барып, Суранчы Жетимишовдун “Кубат бий” пьесасында роль жаратып, Ош театрында иштеген залкар агай Ташбек Кудайбердиевдин колунан грамота алганымды айтып бердим. “Келип иштеп көр” деди. 3 ай сыноо мөөнөтүндө иштеп, калып калдым. Агайдан “20-30 жашымда келсем алат белеңиз?” десем, “албетте, ушундай талантыңды ошондо деле көрсөтсөң, алмакпыз” деп калат. Мен 42 жашымда бул жакка жумушка кирдим. Өзүм Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынан болом. Азыр жумушума байланыштуу Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жашайм.

Жакында театр ишмерлер союзунун демилгеси менен уюшулган актёрлук боюнча курста 6 ай окуп, диплом алдым.

– Актёрлук жагып жатабы?

– Сахнага чыгып ойноп коюш оңой деп ойлойт экенбиз. Ары кызыктуу, ары түйшүктүү кесип экен. Бирок ошентсе дагы түйшүгүнө кыйналган мезгилде өзүмдү бактылуу сезип иштеп жүрөм. Театр деңиздей болгон тармак экен. Өмүр бою үйрөнүп бүтөмбү, билбейм.

– Бул театрга чейин кайсы жактарда иштедиңиз?

– Филармонияларда, Өзгөн элдик театрында иштедим, бош жүрүп калган убактар болду.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.

– 2 уулдун атасы, бактылуу жардын жолдошумун. Аялымдын аты – Махабат. Уулум Кудайберди 7 жашта, кичүүсү Жумадил 5 жашта.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан