БИР СҮЙҮҮ, БИР КЛУБ, БИР ГОЛ! «РЕАЛ МАДРИД» - ЧЕМПИОН!

“Бир сүйүү, бир армия, бир клуб, бир гол!” Ооба, “Реал Мадриддин” күйөрмандары учурда дал ушундай чакырык менен майрамдап жүрүшкөн чагы. Анткени 29-май Парижде өткөн УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде испаниялык “Реал Мадрид” футбол клубу англиялык “Ливерпулду” жеңип, аталган турнирдин 14-жолку чемпиону аталып тарых жарата алды. Беттештеги кызыктарды төмөнкү макаладан окуңуз.

“РЕАЛ МАДРИД” УЕФАнын РЕКОРДЧУСУ

Спорттун падышасы футбол болсо, ал эми УЕФА Чемпиондор Лигасы дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири. Көрүүчүлөрдүн саны боюнча УЕФА Олимпиада оюндарын ашып өтөрү белгилүү. УЕФА Европада эң престиждүү делген клубдар арасында 67 жылдан бери турнир уюштуруп келет. 1991-жылдан тарта ал “Чемпиондор Лигасы” атала баштаган. Буга чейин 22 европалык футбол клубу аталган турнирдин жеңүүчүсү болгон, эң көп титулдун ээси, рекордчу “Реал Мадрид” клубу.

ФИНАЛДЫК БЕТТЕШ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА ӨТМӨК, БИРОК...

Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши башында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт деп чечилген. Орусия тарыхтагы эң мыкты финалды өткөрүүгө көптөн бери кылдаттык менен даярданган. Тилекке каршы, дүйнөлүк саясаттагы чоң өзгөрүүлөр спорттук мелдештерге да таасирин тийгизди. Беттешке 3 ай калганда УЕФА өкүлдөрүнүн саясий чечиминен улам финалдык беттешти өткөрүү аянтчасы Париж шаарына жылдырылган.

ОЮН БАШТАЛАРДА БАШ АЛАМАНДЫК ОРУН АЛДЫ

Финалдык беттеш алдында Париждин “Стад де Франс” стадионуна жасалма билет менен кирүүгө аракет кылган күйөрмандарга каршы полиция кызматкерлери көздөн жаш чыгарчу газ колдонушту. Баш аламандык кылган футбол сүйүүчүлөрдүн көбү “Ливерпуль” клубунун күйөрмандары экени айтылды. Интернетке тараган видеолордон алардын тосмолордон ашып, стюарддардан качып, аренага чуркап киришкенин көрүүгө болот. Коопсуздук маселесинен улам оюн өз убактысынан 37 мүнөт кечигип башталды. Париж полициясы 105 тополоңчуну кармаганын жарыялады. Ал эми Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманинин айтымында, финалдык беттештеги кагаз билеттеринин 70 пайызга жакыны жасалма болгонун, стадионго 30 миңден 40 миңге чейин британиялык күйөрмандар жасалма билеттер менен же такыр эле билетсиз киришкенин билдирди.

“ЛИВЕРПУЛЬ” МЫКТЫ ОЙНОДУ, БИРОК “РЕАЛДА” КУРТУА БАР!

Бул беттеш талашсыз тарыхта калат! Анткени “Реал Мадрид” Чемпиондор Лигасынын финалында дарбазага бир сокку киргизип жеңишке жетти. Голдун автору – бразилиялык чабуулчу Винисиус Жуниор. Ал оюндун 59-мүнөтүндө таамай соккусу менен англиялыктарды жеңилүүгө дуушар кылды. “Ливерпуль” мыкты оюн көрсөттү, бирок “Реалдын” дарбазачысы Тибо Куртуа укмуштуудай сейвдерди жасап командасын куткарып жатты. Арбитрдин ышкырыгы жаңырып, таблого эсеп 1:0 деп жазылганда уткан тарап сүйүнүчтөн, утулган тарап күйүнүчтөн жер кучактап ыйлашты. Футбол оюндарынын сыйкыры, “кайфы” ушунда болсо керек, оюнчулардын, күйөрмандардын толкуп-ташкан эмоциясын көгүлтүр экрандан да сезүүгө болот.

ФИНАЛДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР

Карло Анчелотти, “Реал Мадрид” клубунун машыктыруучусу:

– Бизде командада мыкты сапаттар менен толукталган эң сонун атмосфера бар. “Реал Мадрид” Чемпиондор Лигасын жеңүүгө татыктуу болчу. Биз эч качан багынбайт элек. “Ливерпулдун” чабуулчулары тынымсыз артыбыздан чуркап жүрүштү, бирок коргоочуларыбыз жакшы ойношту. Экинчи тайм оюнду өзгөрттү.

Юрген Клопп, “Ливерпуль” клубунун машыктыруучусу:

– Финалдык оюндарды анализдеп чыктым, топко ээлик кылуу 50:50 болду, биз бутага көп сокку кылдык. Мен “Реал Мадридди” куттуктайм. Жеңилүү оор, бирок Куртуа бул беттештин мыктысы болду. Бизде гол киргизүүгө 100 пайыз мүмкүнчүлүк болду, бирок Куртуа укмуштуудай тосуп жатты. Биз бул жыйынтыкты кабыл алабыз.

Тибо Куртуа, “Реал Мадрид” клубунун дарбазачысы:

– “Реал Мадрид” финалга чыкса сөзсүз жеңет! Мен азыр тарыхтын оң тарабындамын. Бул оюнда урматка ээ болуш үчүн, карьерам үчүн финалда жеңишке жетишим керек болчу, анткени мени англиялыктар өзгөчө сыйлашчу деп айта албайм. Мыкты сезондон кийин да көп сындарды угуп жүргөм. Мен командам менен сыймыктанам. Биз дүйнөнүн эң мыкты клубдарын жеңдик.

Лионель Месси, футболчу:

– «Ливерпулдун» жеңилүүсү мага, менин командам “ПСЖ” клубундагы оюнчуларга катуу тийди. Бирок биз эң мыкты команда Чемпиондор Лигасын дайыма эле жеңе бербестигине көзүбүз жетти. “Реал Мадридди” сыйлайм, бирок алар бул Чемпиондор Лигасынын чүчү кулак кармоосунда эң мыкты команда болгон жок, бирок аягында баарын жеңди. Менин оюмча, Карим Бензема кызыктуу сезонду өткөрдү жана команда менен Чемпиондор Лигасын жеңип, бул ийгиликте негизги ролду ойноду. Менимче, Алтын топту ким алары белгилүү болуп калды окшойт.



КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Чемпиондор Лигасынын бул жылдагы жалпы бюджети 2 миллиард евродон ашуун каражатты түзгөн. Турнирди жеңген командага 20 миллион евродон ашык каражат берилет.
  • “Реал Мадриддин” чабуулчусу Карим Бензема Чемпиондор Лигасынын “Мыкты бомбардири” аталды. Ал турнир алкагында өткөн 12 беттеште 15 гол киргизген.
  • Мадриддик «Реалдын» дарбазачысы Тибо Куртуа Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде «Ливерпуль» менен болгон беттеште “Эң мыкты оюнчу” деп табылды.
  • “Мыкты дарбазачы” наамын “Челси” футбол клубунун дарбазачысы Эдуард Менди алды.
  • Бул жолку Чемпиондор Лигасынын эң жаш оюнчусу португалиялык “Спортинг” клубунун оюнчусу Дариу Эсугу 16 жашында талаага чыкса, эң улуу оюнчу италиялык “Милан” клубунун футболчусу Златан Ибрагимович 40 жашында оюн талаасына чыкты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан