КАНЧАЙЫМ

(Башы өткөн санда)

Өмүркул кызына ыраазы болуп, ак тилегин айтып батасын берди. Атасынын кеңеши менен кулинария техникумуна кирип, ошол жакты бүтүрдү.

Канчайым бойго жетип 18ге чыкканда татынакай, созулган кыз болуп чыга келди. Мындай кызга кимдин көзү түшпөсүн, окуусун бүткөнчө көп эле жигиттер гүл сунушту, колун сургандар көп болду. Бирок Канчайым “атам макул болгон жигитке турмушка чыгам, атам менен сүйлөш” дейт келген жигиттерге. Бири атасына жакпаса, бирине атасынын койгон шарты жакпайт. Эми аларга токтобой, болочок күйөө бала тууралуу сөз кылалы.

Жайлообек Аламүдүн суусунун боюнда жайгашкан Арашан деген айылдан болот. Союз маалында Арашан айылы Стрельникова атындагы совхоз аталып, атагы Союзга чейин жеткен. Кыргызстанга келген чоңдорду өкмөт башында турган кишилер ошол совхозго алып барышчу. Жайлообек Арашанга барып-келип совхоздо жөнөкөй жумушчу болуп иштеп жүрдү. Совхоздон алган айлыгы жыргатып жетер эмес. Ошол үчүн Фрунзе шаарына келип, айдоочунун окуусуна кирип окуп жүрдү. Аскер тартибине көнгөн зыңкыйган келишимдүү жигитке тийишкендер көп болот. Бири карындашы, бири жээни, кээси кудачасы менен тааныштырат. Бирине Жайлообек жакпаса, бирин Жайлообек жактырбайт. Жайлообектин аталаш (энелери башка) эжеси Төмөнкү Ала-Арча совхозунда жашачу. Жайлообек колу бош боло калганда ошол эжесиникине бара калчу. Бир күнү эжесиникине барса бир татынакай кыз келип, эжеси менен сүйлөшүп калды. Кызды көргөндө Жайлообек далдырай түштү. Кыз да сүйлөшүп жатып Жайлообекти бир-эки сапар карап алды. Кыз кеткенден кийин эжеси:

– Кааласаң тааныштырып коёюн, жакшы, акылдуу кыз,- деп мактап калды.

– Интеллигент көрүнөт, жөнөкөй айдоочу экен деп мага көнбөйт го.

– Бул кыз антип бой көтөрбөйт. Ээ, иним, “эркектен эшек качпайт” деген кыргыздын сөзү бар. Сендей жигитти көзүнө сүртө албаган кыздар канча,- деди ал инисинин көңүлүн жайлап. Эжеси Канчайымды чакырып экөөнү тааныштырды. Өмүркул менен эжесинин огороддору тийишкен кошуна экен. Мына ошол күндөн баштап Жайлообек эжесиникине көп барчу болду. Барганда эжеси Канчайымды чакырып берет. Экөө ээрчишип кинотеатрларга барышат.

Чындыгында Жайлообек мындай жөнөкөй, татынакай кызга жолугам деп ойлогон эмес. Бара-бара Канчайым Жайлообектин жүрөгүнүн төрүн ээлеп алды. Эми ага жипсиз байланып калды. Эрте күндү кеч кылбай баш кошуп алалы деген сөзүн айтса, Канчайым баягы сөзүн кайталап “атам макул десе, мен макулмун” деди. Жайлообек тобокелге бел байлап Өмүркулдун үстүнө кирип, салам айтып, көчүк койду. Кыраакы фронтчу жигиттин аягынан башына чейин көз чаптырды. Адамдан жакшылыгын аябаган жакшы жигит экенине көзү жетти.

– Армияга кайсы жакка баргансың?

– Белорусиянын Могилев деген шаарына.

– Оо, Белорусияда болгом. Анын көптөгөн айыл-кыштактарын бошотконго катышкам. Эми келген талабыңды айта отур.

– Кызыңыздын колун сурап келдим.

– Уулум, сен Канчайымдын жүрөгүн багындыр, мен сен тарапта болоюн,- деп койду азга ойлонгон аксакал.

Кызы атам эмне десе, мен макулмун дейт. Атасы кызынын жүрөгүн багындыр дейт. Эмнеден баштасам деп эжеси менен кеңешти.

Эжеси “буларга сендей жигит керек. Намыстанбай белен үй, жайга ээ болуп жашап калбайсыңбы” деген сунушун айтты. Эжеси айтпаса деле Жайлообек Канчайым үчүн төбөсү менен кудук казганга даяр болуп калган. Автомектепте окуудан бошоор замат Өмүркулдукуна келет, короо-жайынын бузулган жерлерин оңдойт, сарайларын тазалайт, отун-суусун даярдап коёт. Анан Канчайымды ээрчитип кинотеатрга алпарат. Андан калса Өмүркулдун иштеген жерине барып кол кабыш кылат.

Эрте күндү кеч кылбайын деп Өмүркул малын союп, Жайлообектин туугандарын, совхоздун чоңдорун, айыл аксакалдарын чакырып той өткөрүп, эки жаштын башын кошуп нике кыйдырып койду. Бул убакта иниси Жапый каза болуп калган. Сөзүнө бек турган неме өлүк каадасын сактап инисине топурак салбай койду. Эки жаш бактылуу үй-бүлөнүн кучагында жакшынакай турмушта жашап жатышты. Канчайым 1 эркек, 2 кыз төрөп берди. Ойлогон максаты, тилеген тилеги орундалып Өмүркул неберелерин жетелеп эрмек кылчу болду. Канчайым Фрунзедеги бир ресторанда башкы ашпоздун жардамчысы, Жайлообек болсо Айыл чарба министрлигиндеги бир чоңду тартып иштеп жүрдү. Жайлообектин атасынын каза болгонуна көп болгон, апасын Канчайым барып үйүнө алып келип алган. Кудагыйы келгени Өмүркул да эрмектешкенге киши табылып жыргап калды. Өмүркулдун калоосу боюнча Төмөнкү Ала-Арчадагы үйүн Көк-Жардагы үйгө алмаштырып алышкан. Өмүркул менен энеси каза болгондо Жайлообек менен Канчайым өз колдору менен жерге беришти. Колдо ал-күч барында деп Көк-Жардагы үйдү сүздүрүп салышып, ордуна 6 бөлмөлүү заңгыраган үй салып алышкан. Уулу үйлөнүп 3 баланын атасы болду. Кыздары дагы турмушка чыгып, үй-жайлуу болушту. Улуу кызы Америкага иштегени кеткен.

Мен Канчайымдын башынан өткөн окуяларга таасирленип, ушул аңгемени жазууга колума калем алдым. Бир ирет Канчайымдан:

– Төрөгөн ата-энеңди издегиң келдиби?- деп сурадым.

– Жок, андай ой болгон эмес. Атамды таарынтып албайын деп аракет кылчумун. Менин метрикемди жанагы мени көп сабаган аял отко салып өрттөп жиберген. Ошон үчүн ата-энем белгисиз болуп калды. Кайсы улуттун кызы экенимди билбейм,- деп жооп берген ал.

– Тагдырыңа ыраазысыңбы?

– Өмүркулдай атага, Жайлообектей күйөөгө туш болуп калганыма кудайга миң мертебе ыраазымын,- деди.

(Аягы)

Окен Маматканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан