Бейне
Биздин каарман адабият айдыңында из салганга, беш баланы тарбиялап өстүргөнгө, эркин гезит ачканга, атүгүл ажого кеңешчи болгонго да жетишкен. Легендарлуу “Бриллиант жыландын” автору Чолпонбек Абыкеев назарыңыздарда.
КААРМАНЫБЫЗ ТУУРАЛУУ
– Туулган жылыңыз...
– 1957-жылы 16-августта Кочкор районундагы Ормон-Хан айылында туулгам. Жылым – Тоок, жылдыз белгим – Арстан.
– Боюңуз, салмагыңыз...
– Боюм – 190 сантиметр, салмагым – 100 килограмм.
– Сиз баалаган музыка...
– Классикалык музыкалардан, күү уккандан рахат алам.
– Кандай тасманы тажабай көп ирет көргөнсүз?
– Орустардын “Москва көз жашка ишенбейт” тасмасын.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз жана машыккансыз?
– Жаш кезде баскетболду жакшы ойночумун. Кийин “Бриллиант жыланды” жазганда чыгыш мушташы менен машыгып калдым. Азыр эртең менен бир аз чуркап коём.
– Чарчаганда кантип эс аласыз?
– Жайында тоого булак боюна барып, машинамдын эшик-терезелерин ачып коюп эки саат уктап алсам эле сонун эс алып калам.
– Акыркы жолу эмнеге аябай кубандыңыз?
– Төрт ай мурун неберелүү болгондо кубандым. Атын Манап деп өзүм койдум.
– Мүнөзүңүзгө кандай баа бересиз?
– Мүнөзүмдү сууга салыштырам. Суунун алдын бөгөп коюуга мүмкүн эмес. Баары бир жырып кетет. Кайната берсең, колуңду күйгүзүп жиберет. Тоңдуруп алсаң, эриши тозок. Эгерде өз пайдаңа пайдалансаң, сен каалагандай болот.
– Агай, редакциябызга куш келипсиз!
– Рахмат.
– Балалык бардык нерсенин башаты болот эмеспи. Атактуу жазуучубуздун балалыгы кандай жагдайда өткөнүн билгибиз келет.
– Менин ата-энем көп жылдар бою тоодо жүрүп мал баккан адамдар болгон. Апамдын айтуусунда, тоодо толгоосу кармап калып, Ормон-Ханга жетпей, булактын боюнда төрөлгөн экем. Мектеп жашына келгенимде гана айылга түштүм. Катар-катар салынган үйлөрдү биринчи жолу көргөндө таңданып, атамдан "эмнеге булардын үйлөрү жакын? Алардын малы бири-бирине кошулуп кетпейби?" деп сураганым эсимде.
1-классты бүткөндө кайра тоого кеттим. Ошондо колума “Каныбек” романы туш келип, үч ай бою ошол китепти окуп бүтүп, күзүндө агайыма айтсам, таптакыр ишенбей, таң калган эле. Азыр ойлосом, китепти жарым-жартылай эле түшүнсөм керек. Бирок китепкөйлүгүм өмүр бою калды. 6-классымда журналист тууралуу бир китеп окуп, журналист болом деп дегдедим да калдым. Атама фотоаппарат саттырып алып сүрөт тартып, макала жазып, өзүмдү журналистмин деп жарыялап салдым. Жаштын тилегин берет экен, минтип сизге интервью берип отурам.
– Атактуу “Бриллиант жылан” романы көп жылдар элди кызыгуу торуна чырмады. Ушул китептин жаралыш тарыхын айтып берсеңиз...
– Ириде чыгарма табышмакка оролгон болушу керек. Романда ошол сыр катылган. Бриллиант жылан эмес, чындыгында, алтын жылан. Жаралуу тарыхына келсек, менин бир тууган агам тентектик кылып түрмөгө түшүп, Молдовановкада отурган. Ал “авторитет, положенец” эле. Кичине кезимде алардын үйүндө көп жүрүп калдым. Мени бала деп маани бербей, үйүнө чогулган таасирдүү адамдар өз ара “алтын жылан бул жылы баланчанын колунда дейт, түкүнчө алып кетиптир” деп сүйлөшүп калышчу. Зирек болсом керек, бул нерселер көкүрөгүмдө калган экен.
– Көлдөгү бир үй-бүлөнү бүтүндөй атып кеткен окуя болбоду беле. Ошол жылдары сенсация жараткан окуя китептин өзөгүн түзгөнү эмнеден?
– Ошол райондун прокурору менин өкүл атам эле. Ал ошол окуя тууралуу: “Кызык, мындай кылмышты көргөн эмесмин. Акча да, алтын да каалашынча чачылып жаткан экен. Бирок эч нерсеге тийбептир. Алтын жыланды издеген окшойт”,- деп калды. Баягы кичине кезимдеги окуялар эсиме түшүп, кызыгып калдым. Изилдеп отуруп ушул чыгарманы жараттым.
– Демек, алтын жылан бар экен да...
– Бар. Ал жылан кумар оюндарын мыкты ойногон адамдын символикасы катары белгилүү дешет.
– "Бул китеп менен Абыкеев байыган" дешет. Ошол чынбы?
– “Бриллиант жылан” 75 миң нуска менен басылып, 3 миллион сомго жакын киреше алып келди. Мени, үй-бүлөмдү, “Аалам” гезитин 15 жылга жакын бакты. Демек, байыган деген сөздүн чындыгы бар.
– Кызыкканым, кандай учурларда чыгарма жазасыз?
– Менин эргүү күтүп эркелегендей убактым болгон жок. Билесиз, гезит конвейер сыяктуу эмеспи. Чыгарма жазып, ошол эле учурда гезиттин макалаларын жазып, чыгарганга жетишишим керек эле. Негизи, мен чыгармаларыма өтө кызганчаак окшойм. Жакшылап бышырмайынча жарыкка такыр чыгара албайм. Алгач көп жылдар бою мээме жазып алам. Кийин агын суудай эле атырылып кагазга түшө баштайт.
– Эми жеке жашооңузга келсек. Ар бир күчтүү эркектин аркасында аялзаты турат эмеспи. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Келинчегим Калбүбү менен Таласта иштеп жүргөндө таанышып калгам. Эжелерим аны тамашалап “келин кылып алабыз” дей беришчү экен. Таанышып, бир-эки жолу жолуккандан кийин ала качып кеткем.
– Сүйлөшүп эле алып келсеңиз болбойт беле?
– Калбүбү да орус мүнөз, кыйынсынган кыз экен. Мен дагы ааламга батпай, кыйын болуп турган кезим эле да. Эжем “булар кыр көрсөтүп, сынашып, көпкө барып калышат. Андан көрө ала кача берели” деп ойлоду окшойт. Ошентип, биздин сүйүүбүз үйлөнгөндөн кийин катуу башталган. Минтип 27 жылдан бери бактылуу жашап келе жатабыз. Ортобузда 3 кыз, 2 уул бар. Жакында чоң ата болуп, бир толкунданып алдым.
– Саясатка аралашып калдыңыз...
– Саясат туруктуу жана убактылуу болуп экиге бөлүнөт. Туруктуусу – мекенди сүйүү, элге кызмат кылуу, инсандык парз. Убактылуусу – кайсы бир топтун же бийлик өкүлүнүн кызыкчылыгы. Мен азыркы саясаттан өз ордумду көрбөдүм. Ошондуктан аралашкым келбейт. Бирок туруктуу саясатымды жүргүзүп келем.
– Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеп калдыңыз. Адам катары экс-президентке кандай баа бересиз?
– 2005-жылы көтөрүлүштүн алдында болдум. Курманбек Салиевич менен иштешкен 3 жыл ичинде бийликте анын бир да жакыны жок эле. Эми ал кеткенден кийин табакташы деле, таптакыр билбеген адамдар деле жерден алып көргө салып жатышат. Мен анте албайм. Адамгерчиликтүү, кичи пейил адам катары эсимде калды. Ошол жылдары апам каза болду. Адатта кечирээк келчү президент эрте келип мага көңүл айтып, айылыма жөнөткөнү эсимде. Уулу Максим саясатка аралашпаганда, балким, баары башкача болмок.
– Манаcтын Кароол-Дөбөсүнөн казына табылат деген имиштер бар эле. Ошол окуянын аягы эмне болду?
– Ал жакта да саясий оюндар башталып кетти. Негизи, 16 метр казыш керек эле. 15 метр казылгандан кийин токтотууга туура келди. Жеке пикиримде, ал жерден казына табылбаса да, археологиялык табылга тапсак, чоң жеңишибиз болмок.
– Пир туткан жазуучуңуз ким?
– Жыл өткөн сайын адамдын табити да өзгөрөт экен. Чындыгында, көп китеп окуп, менин да табитим өзгөрдү. Өзгөрүлбөгөн бир гана нерсе, Чыңгыз Айтматов мен үчүн ошол бийиктигинде гана кала берди. Ал менин абдан сыйлаган жазуучум.
– Канча мамлекетте болгонсуз? Ошол элдердин арасынан кыргыз эли эмнеси менен айырмаланат?
– Чындыгында, көп жерлерде болдум. Менин оюмча, кыргыздай ток пейил, меймандос калк жок. Жаман жагы – ээрчиме калкпыз. Бирде немистердей так болгубуз келет. Же япондордой акылдуу болсок дейбиз. Өзүбүздөгү улуулукту, рухту сезбей, башка элдин жаман илдетин тез жуктуруп алабыз.
– Маегиңизге рахмат. Сизден дагы мыкты чыгармаларды күтөбүз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg