ЖАШООНУН ЖАЗЫЛБАГАН ЧЫНДЫКТАРЫ

“Адам жашоосунда жазылбаган мыйзам болуп калган чындыктарды кабыл алуусу керек” дешет психологдор. Эмне чындык экенине чогуу көз жүгүртөлү.

ЭМНЕГЕ ИШЕНСЕҢИЗ – ОШОЛ ЧЫНДЫК

Эмне иш кылбаңыз, эмнени сүйлөбөңүз – аң-сезимиңизде жасап, сүйлөп жаткан нерсеге ишенгениңиз үчүн ушундай иш-аракеттерди кыласыз. Эгер бүгүнкү күнүңүз, келечегиңиз ийгиликке, бактылуу көз ирмемдерге толот деп ишенсеңиз, ал оюңуз сөзсүз аткарылат. Эртеби-кечпи, негизгиси ишенич жана аракет керек. Ал эми өзүңүздү негатив ойлордун рамкасына салып алсаңыз, жашоонун кызыгы кетет, өзүңүздү эле эмес, айланаңыздагы адамдарды да терс ойлоруңуз менен чүнчүтүп жибересиз. Позитивдүү же негативдүү энергиянын кайсынысын чакырарыңызды өзүңүз чечиңиз.

ЭЧ КИМ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС

Кыргыз менталитетинде бул чындыкты кабыл алуу оорчулук жаратат. Анткени илгертен бир тууган бир тууганга, дос доско мындай мамиле кылыш керек деген түшүнүктөр бар. Бул учурда сый мамиле, тарбия менен “психологиялык карызды” алмаштырып албаш керек. “Тигиге жакшылык кылдым эле, мага кылбай койду”, “туулган күнү менен куттуктасам, мени унутуп калды” деген сыяктуу майда-чүйдө таарынычтар менен көңүлүңүздү кирдетпеңиз. Эгер таарына турган болсоңуз башкалар сизге “карыз” болчу иш-аракеттерди кылбаңыз. Жагынуу, кошомат кылуу сыяктуу иш-аракет кылган адам өзүнө да ошондой мамилени күтөт. Бирок сизге жооп кылып жагынууга эч ким милдеттүү эмес.

ИДЕАЛДУУ АДАМ БОЛБОЙТ

Идеалдуу адам болбойт. Андыктан бирөөнүн кемчилигин көрүп, анын жаман жагын чукуп көңүл ооруткандан алыс болуңуз. Көчөдө отурган кайырчыдан баштап, жогору кызматта иштеген адамдын да өз тагдыры, жашоосундагы оош-кыйыш учурлары болот. “Ушинтип мактанбай эле койбойбу”, “мен буга караганда кыйынмын”, “сен жиндисиң” деп интернеттеги сүрөттөрдүн алдына көңүл иренжиткен комментарий жазган “диван эксперттери” да жашоодо кадимки эле адамдар. Болгону мындай адамдарга көңүл буруу, сүйүү, бакыт жетишсиз, кайсы бир учурда психологиялык жактан травма алган да болушу мүмкүн. Анан өзүнөн ийгиликтүү адамды көргөндө автоматтык түрдө көкүрөктөн негатив сөз чыгат. Негизгиси таза, так, ак жүрүңүз.

СИЗДИ БАКТЫЛУУ КЫЛА ТУРГАН АДАМ – ӨЗҮҢҮЗ!

Келишимдүү жигитке жолуксам” же “лотереядан баланча миллион утсам бактылуу болмокмун” дейсизби? Бирок лотереядан уткан акча бир көз ирмемде жок болот же бай адамга турмушка чыккан, сулуу аял алгандын баары эле бактылуу болот деген кепилдик жок. Бакыт – ар бир адамдын өзүндө. Сиз жашап жаткандай кичинекей үйү, сиз канча жылдан бери түшүрбөй кийип жүргөндөй шымы, күндө жеген бир сындырым наны жок, керекпи, алты саны толук эмес толтура адам жашайт бул дүйнөдө. Андыктан колуңузда барына шүгүр деңиз. Анткени сиз бактылуу адамсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан