ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-12-июнга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жакындарыңыз, кесиптештериңиз менен мамилеңиз чыңалуу абалында болот. Мунун негизги себеби – сиздин чыдамкайлыгыңыздын жана сабырыңыздын бүткөн чегине келгени. Ошондуктан сизге жагымсыз маанай тартуулаган адамдардан оолак болгонго аракет кылыңыз. Техника менен тил табышпай маанайыңыз түшүшү мүмкүн, унааңыз бузулуп, аны оңдоо менен көп убара болосуз. Эс алуу күндөрүн чакан саякаттоо, пикникке чыгуу менен өткөрүңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүк каржы маселелерди чечүүгө, түгөйүңүз менен ири суммадагы киреше алып келүүгө ылайыктуу жума. Бойдоктордун сүйүктүүсү менен мамилеси татаалдашы мүмкүн. Бул күндөрү анын таарынычын жазам деп кымбат баалуу белектерди сатып алуу максатка ылайыктуу эмес. Чыныгы каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүздү эске алганыңыз туура. Балалуу букачарлар балдарын ченемсиз эркелетип ашкере ээн баш кылбаганы туура.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Демилгени колго алып, болгон аракетиңизди жумшап иштериңизди бүтүрүүгө аракет кыласыз. Бирок айрым тоскоолдуктарга учурайсыз, алар жакын адамдар, үй-бүлө мүчөлөрү, ата-эне болот, алар сиздин иш-аракеттерди колдошу күмөн. Кесиптештер арасында конструктивдүү оюңузду, өз ниетиңизди ачык айта аласыз жана алар түшүнүү менен кабыл алышат. Бойдоктор сүйүктүүсүнүн жүрүм-турумуна байланыштуу дооматтарды угушат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада бөйөндөр руханий иштер менен алектенип бул күндөрдү тынч, обочолонгон чөйрөдө өткөргөнү жакшы. Жашооңузда болгон акыркы окуяларды түшүнүү жана анализдөө үчүн сизге ыңгайлуу, жайлуу атмосфера керек болот. Сагынышып жүргөн адамдар менен жолугууга ыңгайлуу апта. Бойдоктор бирөө менен жолугарда ал адам жөнүндө маалымат билип алганы туура, кийин “такыр мен ойлогондой эмес экен” деп өкүнүп калбаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Өлкө ичин кыдырып, саякаттоону каалап жүрсөңүз аракетти баштаңыз. Кыска сапарларыңыз ийгиликтүү болот. Араздашып жүргөн жакын адамдарыңыздын бири менен элдешүүгө ыңгайлуу учур табылат. Компьютер же электрондук жабдууларды сатып алууну каалап турсаңыз, сатып алууну кийинкиге жылдырып туруңуз. Бойдоктор түнкү клубдарга баруудан, түрдүү достук кечелерден баш тартып турганы оң, анткени капчыгыңызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жакын тууганыңыздан материалдык жардам аласыз. Ашыкча агрессивдүү болуп сизден улуу, тажрыйбалуу, таасирдүү адамдар менен талашып-тартышасыз, амбицияңызды жөнгө салууга аракет кылыңыз. Айрым жагдайда баары эле сиздин пайдаңызга чечиле бербейт, андыктан капа болбоңуз. Бойдок селкилер жолугушууга чакыруу алышат, кече көйнөгүн даярдай берсеңиз болот. Апта соңунда көксөгөн тилегиңиздин бири орундалышы ыктымал.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жашооңуздагы айрым баалуулуктар өзгөрөт, балким, буга башка бирөөнүн көз карашы же сиз окуган китеп таасир этиши мүмкүн. Түгөйүңүз буга чейин сизден жашырып жүргөн көп сырлар ачыкка чыгат. Мындан улам ортоңуздарда араздашуу орун алышы ыктымал. Жумушун сүйгөн таразалардын эмгегинин акыбети кайтып жетекчилик айлык маянасын көбөйтүп берет. Бойдок таразалар жаңы таанышууларга үмүт артпаганы туура, ал адам менен мамилеңиз көпкө узабашы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта башында чаяндар өздөрүнүн кыраакылыгынан улам айрым окуялардын себептерин түшүнө башташат. Достук мамиле түзүү аракетиңизден майнап чыкпайт. Бойдок чаяндардын жашоосунда эсте каларлык романтикалык жолугушуу болот. Саякатты сүйгөндөр бир аздан акча чогулта бергени туура, анткени жай мезгили көз ачып-жумгуча өтүп кетет. Карызга, банктан насыяга акча алуу сунушталбайт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй-бүлөлүү жаачылар үчүн келечекке пландарды түзүүгө ылайыктуу апта. Балким, сизди юбилейлик кечеге же достук отурушка чакырышы мүмкүн. Бойдок түгөйлөрдө сүйүктүүңүз абдан дымактуу болуп, анын демин басканга алыңыз жетпей калышы мүмкүн, андыктан бир аз убакытка демилгени өнөктөшүңүзгө берүүгө туура келет. Базар кыдырып кыялыңыздагы кийимди, буюмду сатып алыңыз. Юридикалык, мүлк мурастоо маселелерине байланыштуу көйгөйлөр ийгиликтүү чечилет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Тиричилик техникасын оңдоп, батириңизди тазалап, үй-жайды иретке келтирүүгө ыңгайлуу апта. Кырдаал жакшы жагына өзгөрсүн десеңиз талыкпай эмгектенип, кылып жаткан ишиңизден күмөн санабай аткарганыңыз туура “ишке ашабы же ашпай калабы” деген ойлор сизди артка тартышы ыктымал. Жумушта жетекчилик көп иштерди сиздин моюнуңузга жүктөп коюшу мүмкүн. Дем алыш күндөрү балдарыңыз менен сейилдеп, шаар кыдырсаңыз болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Студенттер окуусунда эң кыйын делген материалды өздөштүрүүгө туура келет. Үй-бүлөлүк маселеге тиешелүү көйгөйлөрдө шашылыш чечим кабыл алуудан карманыңыз. Чыгармачыл суу куярлар өз талантын көрсөтүү жөндөмү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдура алышат. Бойдоктор сүйүктүүсү менен таарынып кетиши мүмкүн, мамиледе тыныгуу алуу экөөңүздөргө тең пайдалуу сыноо болот. Тыныгуудан кийин сезимдердин туруктуулугуна ынана аласыздар.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балдарды тарбиялоого көңүл бөлүңүз бул сизге өзгөчө ырахат жана кубаныч тартуулайт. Тиричилик маселелерин чечүү үчүн эң сонун апта болот. Спорт менен машыгып же диета кармап арыктагысы же толгусу келгендер аракетти ушул жумадан баштаса жыйынтыгы жакшы болот. Бойдок балыктар сезимталдыгынан улам сүйүктүүсүнүн ал жөнүндө оюн сезип коюшат. Бирок кээде алтынчы туюм да адамды алдап коюшу мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан