Гүлзат Мамытбек, блогер: «БОЮМДУ БОСФОРГО ТАШТАП ИЙГИМ КЕЛГЕН УЧУР БОЛДУ»

Элди "ойготкон" мотиватор Гүлзат Мамытбек СИЗОдон үй камагына чыгарылды. “Боюмду Босфорго таштап ийгим келген учур болду” дейт ал. Сиз мурун чуусу бүтпөгөн, хайптын ханышасы Гүлзатты билсеңиз, бул жолу энелиги менен сизди таң калтырат деп ойлойм.

– Салам, Гүлзат, ден соолук, маанай жакшыбы?

– Саламатсыңар, баары жакшы, маанай “беш”!

– Келип эле иш баштап кеттиңиз анан?..

– Ооба, “с коробля на бал” дегендей болду (күлүп). Кеңсе өнөктөшүмдүкү, кайсы долбоор менен түрмөгө отуруп чыксам, ошол долбоорду улантып жатам. Англис тилин үйрөтүү боюнча тиркеме жасаганбыз. 500 сабак тартып, системге салып иш башталганда IT жактан маселелер чыкты. 3000 адамга чакталган системге
10 миң адам катталып, натыйжада тиркеме жок болуп кетти. Инвесторлордон акча алып ушул долбоорго салгам. Ошол учурда балдарымды талашып, бир жагынан ишим болуп эки оттун ортосунда калдым. Балдарымды талашпаганымда бул долбоорго күчүм, акылым да жетмек. Бул сыноо болду, “бизди өлтүрө албаган нерсе күчтүү кылат” дегендей, мурун шашкан, алабарман Гүлзат болсом, азыр көп эсе күчтүү болуп чыктым. Керек болсо ал жерде жаткан бир боорлорумду тарбиялап чыктым.

– Кантип тарбияладыңыз?

– Мотивация бердим, камераларда “ким көп китеп окуйт, көнүгүүлөрдү жасайт?” деп жарышып калышты.

– “Мурун соттолгон” деген жаман ат жабышып калды деп өкүнүп калган жоксузбу?

– Жок, мага таасир этпейт. Жалаң атактуулар түрмөдө отурган. Ал жак мени чыйралтты, ар кайсы жакка чачыраган энергиям топтолуп калды. Азыр кандай максат болсо да жете алам!

– Сыноону сиздей кабыл албаган, сынып калган да кишилер бар болсо керек...

– Аларды сындырган нерсе “эл эмне дейт?” деген куру намыс. Элдин пикири мага эч таасир берген эмес, бербейт дагы. Ооба, күндү аз көрөсүң, сыртка чыкпайсың. Мен чыккандан кийин баса албай жаттым, алсыз болуп калат экенсиң. “Тур, чурка, колдоруңду кыймылдат” деп өзүмө кыйкырып жатып тез оңолдум. 7 ай кыймыл аз болду да. Ал жакта бош болсоң чөгүп кетет экенсиң. Тизме түзүп алып, чет тилдерди окуп баштадым. Йога жасап, көнүгүүлөрдү кылып жатып, кыскасы, мага оңой өтүп кетти.

– Изделип жатканыңызды билип туруп эле Кыргызстанга келгениңиз кызык болду...

– Негизи окуя мындай болду. Түркияда жүрүп “Супер-Инфо” гезитине – сиздерге интервью бердим. “Мекениме барбайм, таарындым” дедим. Бирок интервьюмду өзүм окуп чыгып куса болгонумду түшүндүм. Балдарымды да сагынган элем. Ал жакта анча-мынча долбоорлор менен алек болуп тыйын-тыпыр тапкам. Арыз жазгандар менен сүйлөшүп келейин дегем. Түркиядагы өнөктөштөрүмдү Орусияга алып келип жатканда аэропорттон ушундай иш болду. Мен баарын билип эле келгем. Бул сыноодон татыктуу өтүп кеттим. Мурунку күйөөм баарын уюштуруптур. Өзү милиция кызматкери болгон адам, мыйзамды жакшы билет, мен акча алган кишилерди чогултуп, баарын дүрбөтүп арыз жаздырыптыр. Болбосо эч бири менен жаман-жакшы айтышкан жокмун.

– 10 жылда, буюрса, президент болом деп айттыңыз, буга тажрыйбаңыз жетеби?

– Учурда эч кандай тажрыйбам, күчүм, акылым да жетпейт. Ага чейин эки чоң окуу жайын бүтүрөм. Архитектура, юридикалык жактан окуйм. 10 жылда, буюрса, президент болом. Долбоорлорумду ишке ашырам. Бизнестин ой-чуңкурун билип калдым. Мурун кепилдик берем дей берчүмүн, ошол үчүн да Кудай мага сыноо берди окшойт. Түрмөдөн мен эч нерсенин кепилдигин бербеш керек экенин түшүндүм. Бир гана өлүм бар экенине кепилдик берем. Адам жаралдыбы, демек, өлөт. Башка эч нерсенин кепилдиги жок.

– Тиги жактын өзүнчө мыйзамдары болот дешет го, мисалы, үстөмдүк кылуу... Сиз кабылдыңызбы?

– Болсо дагы мага андай деле үстөмдүк кылышкан жок. Бирөө аракет кылды, бычак шилтеп келип “шалава, мы тебя сломаем” дейт. “Аа, кимди ким сындырат көрөлүчү” дедим (күлүп).

– Чыккандан бери балдарыңызды көрдүңүзбү?

– Көргөн жокмун, аракет деле кылбайм. Кайра уруш-талаш, өч алуу башталат. Сот 5 күн атасында, 2 күн менде болот деп чечим чыгарган. Бирок балдарды кайрадан эки оттун ортосуна таштагым келбейт. Балдарым Кудайга аманат, мен өзүм да Кудайдын колундамын.

– Атасы жакшы карайт деп ишенесизби?

– Жакшы карайбы, жаман карайбы, мен билбейм, өгөй апасы менен өсүп жатышат. Кандай кылсам да баары бир балдарымды көрсөтпөйт. Байкуш киши чуркап барып
СИЗОнун жетекчисинен “Гүлзатка жаман мүнөздөмө бергиле, энелик укуктан ажыратам” дептир. Ал киши “жок” дептир. Эми бул киши да менин тагдырыма жазылган бир сыноо. 18ге чыкканда балдарым мага баары бир келет. Түркияда жүргөндө апамдын колунан атасы балдарымды алып кетиптир. Ошондо депрессияга батып калдым. Мен ушуга чейин көп нерсени баштан өткөрдүм, бирок балдарымды алдырып ийгенимдей эч качан оор болгон эмес. Босфорго барып чөгүп өлүп калгым келди. 6 ай депрессияда жүрдүм, бирок чыйралдым, “тур” деп туруп өзүмдү алка-жакадан алып тургуздум. “Балдарың Гарвардда окушу керек, сага алар бир күнү келишет, тур” деп туруп иштей баштадым.

– Чоңойгончо атасы сизге каршы кылып тарбиялап салат деп ойлобойсузбу?

– Балдарым аябай акылдуу, алар Гүлзат Мамытбектин балдары! Мен күндө мотивация берем, алар жашынып барып да көрүшөт. Буга 100 пайыз ишенем. Ошол үчүн мен чөкпөшүм керек. Эненин жытын сагынып, куса болуп чоңойгон балдардан күчтүү адамдар чыгат. Алар чоңойгончо мен президент болуп калам, мага ошондой күчтүү команда керек болот.

– Жашооңуз америкалык горкадай эле өйдө-ылдый болуп турат, көп сыноолор болуптур, бул эмнеден деп ойлойсуз?

– Ха-ха-ха (каткырып). Максатты чоң койсоң, сыноонун да чоңун берет экен. Мен Кыргызстанды эле эмес, планетаны көтөрөм да. Сыноодон чыккандан кийин коркунуч жоголот экен. Азыр эмнеден корком? Балдарымды алып коём деп коркутчу, алып койду. Түрмөгө түшүп калуубу? Мен андан да чыктым. Өлүмбү? Баарыбыз бир күнү өлөбүз. Менин ушундай дух менен чыкканым элге аябай жакты. Көргөндөр баса калып “мотивация бер” деп жатышат. Мен элиме керекмин!

– Духуңузга таң калдым, генден өтсө керек...

– Ооба, тай жагымды тартып калыпмын. Ата тарабым жалал-абаддык боорлорум аалым, дин жолунда жүргөн момун адамдар. Алымкул деген чоң атам, фамилиясын алып жүрөм, ажыдан келе жатып каза болуптур. Ата тараптан илимге кызыгууну алгам. Тай тарабым нарындык боорлорум анык кыргыз пираттар болуптур. Байлардан жылкы уурдап чыгып, кедейлерге тараткан Робин Гуддар экен. Таятам өрт киши экен. Сот болуп иштечү, апам “сен таятаңды тарткансың, эч нерседен коркпойсуң” деп айтып калат.


– Духуңуз өчпөй эле элге дем берип жүрө бериңиз!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан