БИР БҮРКҮМ. ЧИНОВНИК ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ...

  • Быйылкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкерин тартуу пландалууда.
  • Парламент депутаттары бала асырап алуунун шарттарын жеңилдетүүнү сунушташты.
  • 2022-жылдын 1-июлунан тарта өлкөдө энергетикалык суусундуктар үчүн акциз салыгы төлөнө баштайт.
  • Чүйдө милиция кызматкерин сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 21 жаштагы мүчөсү изделүүдө.
  • Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы үчүн Жедигер Саалаев Конституциялык соттун судьясы кызматынан бошотулду.
  • 31-майда Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси пара берип жатканда кармалганы кабарланды.
  • Кыргызстанда жыл сайын 6 миңдей жаран тамеки чегүүгө байланыштуу оорулардан каза табары маалымдалды.
  • 1-июнда ИИМдин Криминалдык кызматынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду.
  • Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.
  • Омар Султанов Кыргыздын атынан Женева шаарындагы БУУнун туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
  • Эл аралык “Манас” аэропортунан өлкөдө 2017-жылдан бери мыйзамсыз жүргөн жеңил моторлуу учак табылды.
  • 2-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 708 миллион метр кубду түздү.
  • Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө курула турган президенттик мектепти быйыл 15-сентябрга чейин бүтүрүүгө тапшырма берди.
  • Сузак районунда өз аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын 2-июнда Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
  • Токмоктогу Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болгону маалымдалды.
  • 2022-жылдын 4 айында "Кумтөр" мамлекеттик казынага 11 миллиард сомдон ашык каражат которгону айтылды.
  • Парламент депутаттары Бишкектин борбордук мечитинин ордуна мектеп курууну сунуштап чыгышты.
  • Ош шаарында жолбун иттерди жок кылуу боюнча рейд башталат.
  • Дүйнөдө маймыл чечеги оорусу катталган өлкөлөрдүн саны 30га жетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан