БАЛДАРГА ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК УБАДАЛАНДЫ

1-июнда өлкөдө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бишкекте жана аймактарда майрамдык программалар жана оюн-зооктор уюштурулду. Балдардын коомдогу орду, алардын жаркын келечеги тууралуу жалындуу сөздөр, куттуктоолор жылдагыдай дагы бир жолу айтылды.

Президент Садыр Жапаров балдарга кам көрүү – мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү экенин билдирди.

– Балдарды сак-саламат жетилтүү, руханий жактан өнүктүрүү, коопсуздугун камсыз кылуу, сапаттуу билим берүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптан колдоо бийликтин ишиндеги негизги багыт,- деген президент Жапаров балага ата-энеден мыкты камкорчу жок экенин белгилеп, ата-энелерди бала тарбиялоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар. Алардын ичинен 2,5 миңдей бала мектепке барбайт, негизги көйгөй – үй-бүлөнүн материалдык абалы. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 4,8 миң бала оор турмушта жашай турганы аныкталган. Министрлик балдарга карата зомбулуктун бардык түрү өсүп жатканын айтып коңгуроо кагып жатат.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, 2021-жылы балдарга карата 244 зомбулук фактысы катталган. Балдарды уруп-сабоо окуялары коомчулукка жарыяланган учурлар көп. Мындай фактылар балдарга жыл сайын 1 күн гана көңүл буруу жетишсиз экенин көрсөтүп турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан