ДЕПУТАТТАР “ЭЛГЕ ИПОТЕКАЛЫК ДААРАТКАНА КУРУП БЕРЕЛИ” ДЕШТИ

2-июнда парламент жыйынында депутат Арсланбек Малиев ар бир үйгө заманбап даараткана куруу боюнча мамлекеттик ипотекалык программа иштеп чыгууну сунуштады.

– Бүгүнкү күндө жарандардын басымдуу бөлүгү чоң аталарыбыз, бабаларыбыз барган дааратканаларга дагы эле барарын түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан калктын маданиятын көтөрүү программасын кабыл алып, мамлекет бул программаны өз моюнуна алышы керек. Анда душу бар заманбап даараткана, мындайча айтканда, санитардык блок ар бир үйдө болушу керек. Алар үч түрдө болуп, жарандар турак жайына жараша тандай ала тургандай болушу шарт. Бул үчүн мамлекет тарабынан акча бөлүнүп, ар бир жаран же үй-бүлө ипотека сыяктуу 10-15-20 жылдын ичинде төлөшү абзел,- деди Малиев.

Депутат ошондой эле Кыргызстанда заманбап дааратканасыз бир дагы коомдук имарат, ишкана курулбашы керек деп билдирди. Мектептерди курабыз, дааратканасы короодо.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан