ТАШИЕВ МЕНЕН МАДУМАРОВ ПАРЛАМЕНТТЕ КАЙЫМ АЙТЫШТЫ

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтышты.

Ташиев Мадумаровду Баткенде аткезчилерди калкалап жатат деп айыптады. Мындан кийин Мадумаров трибунадан жооп берүү үчүн убакыт сурап, сунушу колдоо таппай калды. Депутат буга нааразы болду.

– Ошондуктан тилим бар деп эле сүйлөй бербеш керек. Баарына жооп бересиң. Мага сөөмөй кезебе, колуңду сындырып коём. Баягыда депутаттар макулдук беришпей камалбай калдың. Мен башкы прокурор болгондо эчак камалат болчусуң. Эми да кеч эмес,- деди Ташиев Мадумаровго.

Мадумаров Ташиевди абайлап сүйлөөгө чакырып "жакында көрсөтөм" деди эле, Ташиев буга жооп кайтарды.

– Урматтуу депутаттар, мунун "көрсөтөм" дегенинде кеп бар. Бизде оперативдик маалымат бар. Булар өлкөдө баш аламандык уюштуруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатышат. Мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бир туугандарыңыз чогулуп алып "Адахан акебиз бийликке келет, буларга көрсөтөбүз" деп жатканы боюнча иштер жүрүп жатат. Жакында ошол бир тууганыңызды камасак дагы кыйкырып чыгасыз,- деди Ташиев.

Мадумаров "аткезчилерди калкалагандарды билсең четинен кама, мен кол чабам" деди эле, Ташиев "сени кошуп камайбыз жакында" деди. Буга депутат "колуңдан келбейт, келчү ишти айт" деген жооп узатып, Ташиев "келеби-келбейби, көрөбүз" деп билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан