Алла Пугачёванын мурдагы күйөөсү, орустардын белгилүү ырчысы Филипп Киркоровдун жашоосунда кара тилкелер өкүм сүрүүдө. Мисалы, Филипптин журналист кызды сабап койгону кызуу талкууга алынууда. Аны улай биз да ырчынын өмүр таржымалына кайрылып, анын ырчылыктан башка да өнөрлөрү тууралуу сөз кылып кетүүнү чечтик.
Аты-жөнү – Киркоров Филипп Бедросович
Туулган жылы – 1967-жыл, 30-август
Туулган жери – Болгария, Варна шаары
Кесиби – Ырчы, актёр, композитор жана продюсер
Наамдары – Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти.
АТАДАН КАЛГАН ӨНӨР
Филипп теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө, 1967-жылы жарык дүйнөгө келген. 5 жашынан тарта эле ата-энесин ээрчип, гастролдордо жүрөт. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн. Бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган десек болот.
1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталат. 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат. Экөө тил табышып кетет да, Илья жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калат.
АЛЛА МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ...
1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушат. Бул жылы ырчы биринчи клибин тартып, Ялтада өткөн сынакта жеңишке жетишкен эле. Ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштайт. 1992-жылы АКШга, Канадага, Германияга гастролго ийгиликтүү барып келет.
1994-жылы Киркоровдун жашоосунда чоң бурулуш болот. Башкача айтканда, орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөйт. Ошол мезгилден баштап экөөнүн сүйүүсү ташкындап, коомчулукта эң көп сөз болгон жан шериктерге айланышат.
Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан. Мунун так себеби айтылбай келет. Филипптен сураганда: “Биз ажырашкан жокпуз. Мен Алланын ишенген эң жакын мырзасы болуп кала берем. Ал эми паспорттогу ажырашуу мындай эле, башка үйлөнбөйм”,- деп жооп берген. Ал эми ажырашуу боюнча чечимди ЗАГСтан алуу үчүн Пугачёва белгилүү телеалпаруучу Максим Галкин менен келген болсо, Филипп жалгыз барган. Нике күбөлүгүн алгандан кийин, ажырашууну “жууш” үчүн Алла Галкин менен ресторанга жөнөгөн. Ал эми Киркоров маанайы суз үйүнө кайткан. Ушундан улам ажырашуунун себепчиси Максим Галкин деп жыйынтык чыгарсак болот.
ШАМАЛ БОЛБОСО...
Көптөгөн хит ырлардын автору Илья Резник өзүнүн китебинде Киркоровду гомосексуалист катары сүрөттөп келген. Пугачёва менен да, Киркоров менен да көп жылдар бою жакын мамиледе болгон Резниктин сөздөрү чындыкка жакын болсо керек. Филипп акындын бул кылыгына “Резник – саткын жана шайтан” деп гана тим болгон. Андан сырткары музыкалык сайттардын биринин кечесинде отуруп: “Николай Басков экөөбүз “3 маймыл” аттуу гей клубуна барчубуз. Ал жакта эстен кеткис түндөр өткөн”,- деп балп эттирип алганы да бар.
КҮНӨӨСҮН КӨЧӨ ШЫПЫРЫП ЖУУЙБУ?
Ушул жылдын 6-декабрь күнү Киркоров “Золотой граммофон” салтанатынын режиссёру Марина Яблокованы бетке бир муштап, жыгылып калганда 2-3 жолу тээп жиберген. Уруштун чыгышына ырчынын бетине лампанын жарыгы ашыкча тийип жатканы себеп болгон. Режиссёр кыз жарыкты убагында ала албай калып, сөгүш угуп, анын артынан муш жеген. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, териштирүү башталган. Киркоров бул жоругун оорусуна шылтап, коомчулук алдында: “Мындай кадамга барууга оорум себеп болду”,- деп жабырлануучудан кечирим сураган. Анын айтуусу боюнча, талма оорусу жылына бир-эки жолу кармап турат. Ошол эле күнү ден соолугун текшертүү үчүн Израилге учуп кеткен. Израилдин доктурлары 3 күн текшерип, “баары жайында” деген жыйынтык чыгарып беришкен. Бирок кесиптештери, достору анын оорулуу экенине ишенерин билдиришкен. Ал эми айтылуу ырчы Валерий Меладзе: “Биз эмне, зоопаркта же токойдобузбу? Бул эмне деген жорук?!”- деп кесиптешинин кылганын сынга алып, жаңы жылдык кечеде Киркоров менен бирге ырдоодон баш тарткан.
Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү “ырчыдан Эл артисти наамын тартып алуу керек” деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми ырчы: “Күнөөмдү жууш үчүн көчөгө чыгып коомдук иштерди жасаганга даярмын. Наоми Кэмпбэлл, Жорж Майкл сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар деле күнөөсүн ушинтип актаган”,-дейт. Филипп колуна тийген буюм менен жакпаган адамын уруп жиберген адаты бар Наоми Кэмпбэллге атаандашат окшойт. Жабырлануучу тарап болсо чоң муштум жылдызды мыйзам менен жазага тарттырарын билдиришүүдө.
Марина Яблокованын адвокаты Сергей Жорин: “Киркоровдун талмасы жанында алп боксчу Николай Валуев турганда кармабайт да, эмнеге аялзаты турганда кармайт?!”- деп какшыктайт.
ЫЗЫ-ЧУУ ПАРАД
Кыскасы, мындай жоруктарын айта берсек, гезит бети жетпечүдөй. “Кыйын болсо өзүнө кыйын да” деп кыкеңдер айтмакчы, өзүнө жараша мамиле кылбаса, ырчы дагы көптөгөн мурундун убалына калат го. Айтмакчы, Киркоров ырчы эмес эле мушкер болсо, жакшы жыйынтыктарга жетер беле?
(Ырчыга байланышкан чуулгандуу окуя тууралуу
видеону сайтыбыздын
"Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg