КЫРГЫЗСТАНДАН СЫРТКА КУМШЕКЕР ЧЫГАРУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кыргызстандан кумшекер жана чийки камыш кантын экспорттоого 6 айга тыюу салынды. Тийиштүү токтомду 31-майда министрлер кабинети кабыл алды. Максат - өлкөдө кумшекерди массалык түрдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу экени айтылат министрлер кабинети тараткан маалыматта.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда жетиштүү көлөмдө кумшекер бар деп билдирди.

-“Кайыңды-Кант” заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Орусиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмүн завод кабыл алып, кант кайрадан өндүрүлө баштады – деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин кумшекердин 1 килограммы үчүн 79 сом өлчөмүндө социалдык баа белгиленген. 1 килограммдан ашык сатып алууну каалагандар 85 сомдон сатып ала алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан