“CODA: Дүлөй ата-эненин баласы”

Март айында кино жаатында мыктыларды аныктаган “Оскар” сыйлык тапшыруу аземинде “Эң мыкты тасма” номинациясында “CODA: Дүлөй ата-эненин баласы” жеңишке жетти. Башкы номинациядан сырткары “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу”, “Эң мыкты адаптацияланган сценарий” статуэткаларын да алган тасма тууралуу сөз кылалы дедик. “Оскардан” башка да көптөгөн сыйлыктарды куржунуна салган тасма көпчүлүктүн купулуна эмнеси менен толду?

Жашоо үчүн күрөшкөн балыкчынын үй-бүлөсү

Массачусетс штатындагы Глостер шаарында жашаган Россилердин үй-бүлөсү. Алардын жалгыз каржы булагы – балык кармап, сатуу. Балыкчылык кесиптин кыйынчылыктары менен катар сатып алуучулар да акырындык менен балыкка болгон бааны арзандатып же такыр эле албай коюп карапайым элди кыйнашат. Россилерде алардан башка да маселелер толуп жатат. Жалгыз Рубинин гана кулагы угуп, ата-энеси, агасы дүлөй болгон үй-бүлөдө негизги жүк 17 жаштагы кыздын моюнуна илинген. Анын күн тартиби таңкы саат 3тө башталат. Бул мезгилде атасы, агасына кошулуп балык кармаганы деңизге чыгышы керек. Кармаган балыктарын сатууда Руби котормочу болот. Негизи эле ал үй-бүлөсүнүн коомго аралашып жашоосунун негизги көпүрөсү эле. Андан кийин мектепке чуркайт. Теңтуштары сабактан сырткары көптөгөн кошумча ийримдерге жазылганда, Руби да музыка ийримин тандап алып хордо ырдап көрдү. Музыка жан дүйнөсүнө жакын экенин дароо эле байкаган. Мугалими да музыкалык колледжге тапшыр деп сунуштайт. Бирок... Рубинин моюнунда үй-бүлөсү бар да. Ал же үй-бүлөсүн, же өзүн, өзүнүн кыялдарын, максаттарын тандашы керек деген диллема жаралат. Жаш кыз кайсы багытты тандайт? Үй-бүлөсү кандай кыйынчылыктарды басып өтөт? Суроолорго жоопту толугу менен тасманы көргөндө табасыз.

CODA

Тасма оригиналында CODA деп аталат. Бул аббревиатура англис тилинде “Children of Deaf Adults” деп чечмеленип, которгондо “Дүлөй ата-эненин баласы” деген аталыш келип чыгат. “Сандэнс-2021” кино фестивалында сыйлыктар боюнча фаворит болгон “Дүлөй ата-эненин баласы” тасмасын көрсөтүү укугун Apple TV+ 25 миллион долларга сатып алган.

“Бельелердин үй-бүлөсү”

“Дүлөй ата-эненин баласы” 2014-жылы чыккан Франция, Бельгия өлкөлөрүнө таандык “Бельелердин үй-бүлөсү” тасмасынын ремейки. Бирок режиссёр, сценарист Шан Хейдер аталган тасмадан дүлөй ата-эненин кызы болгон өспүрүм кыздын жашоосу деген каркасты гана алганын, калган окуялардын баарын жаңыдан жазып чыкканын айтат. “Бельелердин үй-бүлөсү” экранга чыкканда бир топ сынга алынган. Ал сындардын негизгиси дүлөйлөр жөнүндө тартылган тасмада кулагы уккан актёрдук курам иштегени болгон. “Дүлөй ата-эненин баласында” бул кемчилик эске алынып, чынында эле кулагы укпаган актёрлор Трой Коцур, Дэниел Дюран, Марли Мэтлин тандалган. Рубинин (Эмилия Жонс) апасынын ролундагы актриса Марли Мэтлин кичинесинде ооруганынын кесепетинен кулагы укпай калса, кыздын атасынын ролун аткарган Трой Коцур менен агасынын ролундагы актёр Дэниел Дюран тубаса дүлөйлөр.

Даярдык

Актриса Эмилия Жонс каарманы Рубинин ролун аткарыш үчүн 9 ай дүлөйлөрдүн кыймыл тилин үйрөнгөн. Ал эми режиссёр Шан Хейдер болсо кыймыл тилин, кулагы укпаган коомдун жашоосун тереңирээк билүүгө 1 жылдан ашык убактысын короткон. Балык кармоо учуру табигый көрүнүшү үчүн актёрдук курамга эле эмес, тартуучу топко да чыныгы балыкчылардан сабак алганга туура келген.

Алгачкы “Оскар”

Кулагы укпаган мырза актёрлордун арасынан биринчи жолу актёр Трой Коцур “Оскар” сыйлыгына ээ болду. Ал “Экинчи пландагы мыкты актёр” номинациясында жеңишти илип кетти. Ал эми кулагы укпаган айым актрисалардын арасынан ушул эле тасмада роль аткарган Марли Мэтлин “Оскарды” 1986-жылы эле алып койгон. Трой Коцур да, Марли Мэтлин да чыгармачылык жолго оңою менен келип калбаганын, жашоодо кинодогудай, керекпи, андан да көп кыйынчылыктарга кабылганын айтышат. Коомчулуктан дүлөйлөр сыяктуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды түшүнүү менен кабыл алып, аларга моралдык жактан болсо да колдоо көрсөтүүсүн суранышат.

Баш каармандар

Руби Россинин ролундагы англиялык актриса Эмилия Жонс 2002-жылы туулган. Эмилияны көпчүлүк актриса катары да, андан сырткары ырчы, музыкант катары да таанышат.

Үй-бүлө башчысы Фрэнк Россинин образын ачкан актёр Трой Коцур 1968-жылы АКШда жарык дүйнөгө келген. Актёрлуктан сырткары режиссёрлук да таланты бар.

Рубинин апасы Жекки Россинин ролунда татынакай актриса Марли Мэтлин. 1965-жылкы америкалык актриса кичинесинде жогорку температура менен коштолгон оорудан кийин угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү, Россилердин уулу Леонун ролунда актёр Дэниэл Дюран. Театр жана кино жылдызы болгон америкалык актёр 1989-жылы төрөлгөн.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан