Сузакта сабалган окуучунун апасы: “МУГАЛИМ ТАЖРЫЙБАСЫЗДЫК КЫЛДЫ, КООМЧУЛУКТУН ТУУРА ТҮШҮНҮҮСҮН ӨТҮНӨМ”

Сузак районундагы мугалим окуучуну сабаган окуя коомчулуктун кызуу талкуусунан түшө элек. Эл арасында мугалимдин да, окуучунун да таламын талашкандар көп. Биз аталган окуя боюнча тараптардын пикирин угуп көрдүк.

ЭСКЕ САЛСАК...

25-май күнү интернет желесине мугалим окуучуну сабап жатканы тартылган видео тарап, көп өтпөй окуя Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болуп өтүп, информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабаганы белгилүү болду. Аталган окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү иши башталганын билдирген болчу. 26-майда окуучуну ур-токмокко алган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Бирок райондук билим берүү башкармалыгы иш тергелип бүтмөйүнчө мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эмес. “Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, учурда ден соолугуна байланыштуу дарыланууда. 5 баласы болгондуктан балдарын караганга эч ким жок, дарылануусун үйүндө улантып жатат. Толук айыкса жумушуна чыгат” деп билдирди Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.

Ал арада 1-июнь күнү Билим берүү жана илим министрлигинин алдына жарандык активисттер митингге чыгып, мектепте болуп жаткан балдарга карата зомбулукту токтотууну суранышты. Активисттердин бири Гүлбарчын Жумаева: “Окуучунун укугу корголбой жатат. Мугалим жумуштан алынып, окуяга укуктук баа берилсин. Биз мугалимдин интервьюсунан эч кандай педагогикалык билими жок экенин көрдүк. Мугалим 5 жыл билим алат. Ал маегинде 1 айлык курсту бүткөм деп жатат, өзүнүн, окуучулардын алдында жоопкерчилиги жок адамды ким мугалим кылып киргизген? Окуучу психикалык жактан жабыркады. Окуяда кыз өзүн коргогон. Балада да жан дүйнө, эмоция бар”,- деп билдирди.

Сабалган окуучунун апасы Шаиргүл Хусанова: “КҮНӨӨ ЭКИ ЖАКТА ТЕҢ БАР”

– Кызым ооруканадан 1-июнь күнү чыкты, дарыгерлер облустук ооруканага алып барып бир сыйра медициналык кароодон өткөрүп текшертишиптир. Мен бара алган жокмун, жолдошум эки жолу инсультка кабылып, төшөктө жатып калган. Ошону карап бошой албадым. Кызымдын абалы жакшы, буюрса. Сабаган мугалим эжекеси күндө ооруканага, кызыма тамак алпарып ал-абалын сурап жатты. Бүгүн да күйөөсү экөө келип кызымдын абалын сурап, жолугуп кетишти. Биз башынан эле урушкан жокпуз. Ошол сабаган күнү мугалим келип “кызыңызды бир шапалак чаап жибердим” деп кечирим сураганда эле кечиргем. Тескерисинче, “эмнеге эжекең менен айтышасың?” деп кызымды андан кечирим сураткам. Бирок анда видео интернетке тарай элек эле, мынчалык кол көтөрбөй эле койсо болмок экен.

Кызымды катуу тарбиялаганбыз, ал да ачууланбашы керек эле, бирок эжекеси үй-бүлөсүнө асылганда токтоно албай калыптыр. Минтип атасы да ооруп жатканда эжекеси үй-бүлөсүн козгогондо жарасына туз сепкендей эле болуп кетти да. Кызымдын жоругун актабайм, ал да балалыкка салып каяша сүйлөгөн. Видео тараганда деле “кызым, жакшы айтышыпсың” дегеним жок. Көбү “тарбиясыз” деп жатышат. Кызым буга чейин мугалимдерине тике карап сүйлөгөн эмес, эжекелери өздөрү таң калып жатышат “бул окуучубуз жакшы окуйт эле, мындай эмес болчу” деп. Эжекеси урбай эле мага айтып койсо өзүм тарбияга салмакмын. Ал дагы педагогикалык тажрыйбасынын жоктугунан ушундай кадамга барды деп ойлойм. Кыскасы, күнөө эки жакта тең бар. Мугалимдин 5 баласы бар экен, ал да катачылык кылды, иштегенге мүмкүнчүлүк берели, коомчулуктун туура түшүнүүсүн суранып кетет элем.

Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: “МУГАЛИМГЕ АТА-ЭНЕ СЫЯКТУУ МАМИЛЕ КЫЛЫШ КЕРЕК”

– Албетте, балага карата орой мамиле кылбоо керек. Бирок мектеп окуучуларынын өз эжекесин ошого жеткирип, провокация кылып, анан атайын видеого тартып чыгарганы бул ойлоно турган маселе. Биз мектептерде ыйман, адеп сабагын киргизели дегенде көпчүлүгү диндештирүү деп түшүнүп жатышпайбы, андай сабактарда ушул эле улууга урмат, кичүүгө ызат, какырба, түкүрбө, сөгүнбө, таза жүр, адептүү бол, мугалимди сыйла дегенди үйрөтүшмөк. Биз Азия өлкөсүбүз, биздин менталитет, маданият өзгөчө. Батыштагыдай бала келип атасына “менин укугумду кордоп жатасыз, мыйзам алдында жооп берип калбаңыз” деген деңгээлге жетпешибиз керек. Биздеги нарк, мамиле, биздеги таалим-тарбия башкача. Мугалимге деле ата-эне сыяктуу мамиле кылыш керек. Мындай окуя болгону өтө өкүнүчтүү, мен мугалимди актабайм. Бирок мугалим менен ушундай мамилеге жеткенибиз бардык коомдун жоопкерчилигиндеги маселе.

Шердор Абдукапаров, юрист: “МУГАЛИМ ЖУМУШТАН АЙДАЛЫШЫ МҮМКҮН”

– Сузактагы окуяда мугалим окуучуну башка койгулаганы туура эмес. Медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек, эгер окуучунун оор жаракат алганы далилденсе, анда мугалим кылмыш жообуна тартылат. Оор жаракат албаса тиешелүү органдар мугалимди жумуштан айдап же коомдон кечирим суратуусу мүмкүн. Негизи тергөөнүн жыйынтыгына жараша чара көрүү маселеси чечилет. Чынында, мен бул маселеде өтө оор кылмыштын изин көрбөй турам.

Назгүл Турдубекова, Балдардын укугун коргоо боюнча фонддун жетекчиси: “МУГАЛИМДИН МЕКТЕПТЕ ИШТӨӨГӨ УКУГУ ЖОК”

– Бул жерде биз мугалим окуучуну эмес, чоң адам өспүрүм кызды сабап жатат деп кабыл алышыбыз керек. Видеодо көрүнгөндөй, кызга зомбулук көрсөтүлгөн. Өкмөт, Билим берүү министрлиги бул көрүнүшкө мыйзам чегинде баа берүгө тийиш. Эгер биз өзүбүздүн келечек муунду ушундай жол менен тарбиялайбыз десек, анда Кыргызстан эски доорго барып калат. Балдарга карата зомбулукка каршы бүгүн туура баа берилбесе, эртең кеч болот. Райондук билим берүү бөлүмүнүн мугалимди кайра мектепке иштетем дегени мыйзамсыз. Анын мугалим болуп иштөөгө укугу жок. Тажрыйбалуу педагог өзүн эмоцияга алдырып балага кол көтөрбөйт. Ал чектен чыгып кеткен.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан