"МИНИ МИСС ЖАНА МИНИ МИСТЕР" СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АКШга ЖОЛДОМО АЛЫШТЫ

1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай Бишкекте “Мини мисс жана мини мистер” сынагынын финалы болуп өттү. Сынактын жеңүүчүлөрү, кичинекей мисс жана мистерлер эми АКШга барып, өлкөнүн атын таанытышмакчы. Иш-чара тууралуу кенен айтып беребиз.

Мотурайган 3 жаштан 12 жашка чейинки жаш балдарды сахнадан көрүп көзүң кубанат. Сахнага чыкпайм деп ыйлагандар да болду, тыпылдап өзүн чоң кишидей алып жүргөндөрү да болду. Эми булардын арасынан 10 чакты бала Кыргызстандын гана эмес, АКШнын дагы сахнасын багындырайын деп турган чагы.

Сынак 1-июнь күнү Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. 3 жылда бир өтүп турчу “Мини мисс жана мистер” сынагын Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгресси уюштурду. Аталган компаниянын Кыргызстандагы улуттук директору Амина Юсурова бул аракеттери тууралуу буларды айтып берди:

– Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгресси Кыргызстандын аймагында 2008-жылдан баштап иштейт. Биздин компаниянын өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн 74 өлкөсүндө иш алып барат. Сынак бай тарыхка ээ.

“Мини мисс жана мистер” сынагынын уюштурулуп жүргөнүнө 60 жыл болду. Бул жылы мааракелик сынак өтүп жатат. Бүгүн 35 бала катышат. Балдар үчүн ушундай сонун майрам уюштуруп берели деп сынактын финалын атайын 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө туштап өткөрүүнү чечтик. Балдар 3 категория, 3 жаштан 6 жашка чейин, 6 жаштан 9 жашка чейин жана 9дан 12 жашка чейинки категорияда ат салышышат. Ар бир категориядан 3 балага АКШга барып Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга мүмкүнчүлүк беребиз. Сынактын финалы июль айында АКШнын Вашингтон шаарында өтмөкчү. Мындан тышкары бир да бала сыйлыксыз, белексиз калбайт.

Бул иш-чарага бир ай даярдандык. Балдарды 12-13, дефиле, хореография, оратордук чеберчилик, актёрдук чеберчилик, этикет, этика, эстетика, психология жана башка предметтер боюнча даярдадык. Бүгүн эмгегибиздин жыйынтыгына күбө болдуңуздар. Бул сынак балдарга өзүн өнүктүрүүгө салым кошту деп айта алам, алардын өнөрлөрү ачылып, өздөрүнө ишеним пайда болду, ата-энелер балдары эмнеге шыктуу, эмнеге кызыгат, кайсы тараптан өнүгүшү керек экенин түшүнүштү. Мындан улам балдардын келечегин курууга жакшы шарт түзүлдү деп ойлойм.

Сынак баштан-аяк эмоцияга бай, көз тойгузган жаш балдардын кылыктары, өнөрлөрү менен коштолду. Бири бийлесе, бири ырдап, башкасы комуз чертип, айрымдары 1 мүнөттүн ичинде 2-3 өнөрүн тартуулаганга жетишишти. Ар бир чыккан сайын өзгөчөлөнгөн кийимдери үчүн ата-энелердин канчалаган эмгек кылганын байкаса болот. Бул сынак, анда жеңүүчүлөр болушу керек. Андыктан тандоо канчалык оор болсо да калыстар тобу көпкө отуруп жеңүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында төмөндө аты аталган балдар жеңүүчү деп табылышты:

9-12 жаш:

Мырзалар арасында – Азиз Касымов

Кыздар арасында – Дарина Байташева

6-9 жаш:

Мырзалар арасында Ансар Чыңгызов

Кыздар арасында –Анастасия Подлавухова

3-6 жаш:

Мырзалар арасында – Ильфар Айсаев

Кыздар арасында – Эмина Макеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан