(Башы өткөн сандарда)
– Башка эмне дейт элем, жумушунан бошобой калды деп жалган айтайынбы?- Марат колундагы сумкасын жерге коюп тепкичтин кырына отурду.
– Ботом, эки баласы бар аялга эр эмне даяр турат дейсиңби? Жөнү жок сүйлөбөчү!- неберелерин кучактап өөп үйгө алып кирип кетти. Алардын көзүнчө эч нерсе сурагысы келген жок. Марат чылым чегип ойлонуп отуруп калды. Бирде туруп “Карлыгач мындай нерсени кылбайт эле” деп ишенгиси келбейт. Бирок бирөөдөн укса бир жөн, көзү менен көрбөдүбү, анысын эстеп ызырынып кетти. Ичиндеги ачуусу канын кайнатып жиберди. Колуна тийсе экөөнү теңкүм-жам кылып салгысы келет. “Балдар үчүн жашайм деп коём, намысым ага жол береби?” деп ойлонду. Балдары колунда калганы үчүн аларга байыр алып, айласы жок ачуусун ичине катып калды. Алар болбогондо ким билет, эмненин ичинен чыкмак? Марат күнөөнү бир гана Карлыгачтан издеп жатты. Балким, анын ушундай жолго барышына өзү түрткү болдубу? Карлыгач ал жигиттен эмне издеди, эмне тапты? Эмнеге Мараттан кутулууга шашты? Керек болсо балдарынан баш тартып, туугандарынан, баарынан безе качканына эмне себеп болду? Буларды эч кимиси ойлонгон жок. Туугандары, Марат, кошуналары, айтор, бул окуядан кабары бар кишинин баары бир беткей Карлыгачты күнөөлөп жатышты.
Неберелерин жаткырып коюп очокканага уулунун жанына келип кемпир оор үшкүрүнө отурду.
– Кебетеңе караганда жайыңжакшы эмес. Эмне айылга келбейм деп мен үчүн уруштуңарбы? Мага караба, үй-бүлөңдүн ыркын кетирбей шаарыңда жашай бер деп айттым эле го. Балдарды сумсайтып урушуп жетип келбей, тынч эле шаарыңда жата бербейт белең. Мен өлбөсөм жашай берет элем го.
– Болдуңузчу, апа, сиз үчүн урушкан жокпуз. Сиздин тиешеңиз жок. Өзүңүздү жөн эле күнөөлүү сезе бербеңизчи. Кеткен катын кетти да, болду, сурай бербегилечи! Ансыз эле жашайбыз. Балдар бир күн сумсаят, эки күн сумсаят, анан көнөт. Балдарды өзүм эле багам, балдардан айлансын, ушуларды көргөнгө зар болчу күн да келет...
– Деги эмне болду, балам, туңгуюктатпай ачыгын айтчы?!- эне күйпөлөктөдү.
– Айттым го, апа, айттым го. Эмне кайра-кайра сурайсыз, ошол сөздү айтмак турсун ойлогондо жаным өрттөнүп кеттип жатат. Болду сурабаңызчы,- деп жашырууга тырышкан шибеге мүшөктү тешип чыкты.
– Эрге тийип кетти. Бүрөөнү сүйүп калган имиш, ансыз жашай албайт имиш!- деп жанатан бери отту чукулап отурган көзөсүн ыргытып салып эшикке чыгып кетти. Жерге каңк эте тийген көзөдөн көзүн жума жалтанган кемпир көзүн жашылдантып бир топко очокканада отурду. Баласынын айтканына ишенбей турду.
“Кантип эле Карлыгач бирөөнү сүйүп калсын, кантип эле балдарды таштап салсын? Сенин эле былжыраган кебиң го, биринен ажырашпай бирине тийип кетпес”,- эне өзүнчө күбүрөнүп бир саамга отура берди. Бир кезде ачуусу менен чыгып кеткен уулун карайын деп сыртка чыкты. Эшиктен таппай койду, үйгө кирип жаткандыр деди эле, орду бош турат. Кемпир кыйпычыктай эшикке чыкты, телефонун да очокканага таштап кетиптир. Байкуш кемпир санаага чөмүлө түштү. Карлыгачка чалып көрүүнү ык көрдү. Чоо-жайын өз оозунан уккусу келди... "Сиз чалган абоненттин телефону өчүрүлгөн...” дегенди угуп шаабайы сууп отуруп калды.
ххх
Жанатан Тимурду тикирейе карап кайрат күтүп турган Нурзат ал чыгып кетери менен столдун үстүндөгү идиштерди жерге күбүп салды да, ыйлап отуруп калды. Өзүнүн ушунчалык бактысыз экенине ыйлады. Жаштыгы, өмүрүнүн жарымы Тимурдун сүйүүсүн күтүү менен өткөнүнө ыйлады. Ыйдан чарчаганда өзүн-өзү сооротту. “Чыныгы сүйүүсүн таба койгонун, сен мени ушунча жыл киши катары көргөн жоксуң, сезимдеримди баткактай тебеледиң. Эми жаш сулууң менен бактылуу, тынч өмүр сүргүң келип жаткан турбайбы. Ооба, мен сени тынч жашатам. Мени сүйүүгө зар кылып сыздатсаң, сүйүүңдү колуңдан алып сени да сыздатам!” деп сүйлөнгөн Нурзат бирөөгө телефон чалып, түн экенине карабай үйүнө келип калуусун айтты. Көп узабай үйгө эки жигит келди.
– Кандайсыз? Жайчылыкпы?! Жети түндө чакыргыдай эмне зарылчылык болду?
– Жай болсо чакырбайт элем да. Отургула, бир нерсе ичесиңерби?
– Жок,- деди далдайган сары жигит. Аны улай башын чайкады кара сакалчаны.
– Жигиттер, ушул үйдү үйдө жашагандар менен чогуу өрттөп салыш керек. Канча десеңер берем,- Нурзат чылымын өчүрүп телефонундагы дареги жазылган үйдүн сүрөтүн көрсөттү. Кара сакалчан жигит сүрөттү бир топко карап турду да, эмне кылалы дегендей сары жигитти карады. Анысы макул дегенсип башын ийкей көзүн жумуп койду.
–Акырын эле дым-дым кылып, өзүңөрдү карматпай дароо жок болушуңар кажет, бул ишти ким кылганы билинбесин. Мага ушул гана керек. Калган жагдайларды өз ара сүйлөшүп чечишип аласыңар. Бул силерге аванс. Канча тез болсо ошончолук жакшы,- деп сары жигиттин колуна акчаны кармата салды. Жигиттердин келгенинен кеткени бат болду. Үйдөн шашылыш чыгып кетишти.
ххх
Тимур үйгө кеч келди. Айсара залда уктап калган экен. Үстүн жылуулап жаап, акырын саамайынан жыттап, өөп койду да, бир топко жанында отурду. Бөлмөнүн жарыгын өчүрүп уктоочу бөлмөгө кеткени менен, Айсараны жалгыз таштап уктай алчудай эмес. Жука жууркандан колуна бирди кармап Айсара жаткан бөлмөгө кайра келди. Ойготуп албайын деп этияттап барып жумшак отургучтун бирине жатты. Айсара жашоосуна киргенден бери Тимур ушунчалык өзгөрдү. Мурункудай ар кайсы жакка кетпей калды. Бардан көзү ачылбай калгыча ичмей адаттары өзүнөн өзү токтоду. Азыр ага Айсаранын жанынан өткөн жайлуу жер жоктой үйдөн чыкпайт.
ххх
Байыш айткандай эле экөөнүн жашоосуна эч ким кийлигишкен жок. Карлыгач кайсы күнү үйгө кимиси келип калат деп чочулаганы менен, ушунча убакыттан бери Байыштын үйүнө бирөө-жарым келген жок. Байыштын бир нерсеге аябай берилип кетмей адаты бар. Ошол толкун өтүп кетмейин оюнун баары ошол нерседе болуп калат. Акыркы тапта баарына кайыл болуп, сүйүүдөн башы айланып турган чагы. Карлыгачтын үй-бүлөсү, ажырашканы, балдары эч бир нерсе аны ойлондурган жок. Жанында Карлыгач болсо телегейи тегиз. Карлыгачтан маркум апасынын айрым сапаттарын көргөн сайын бактылуу, дүйнөсү түгөл боло түшөт. Карлыгачка бакыт тартуулап, аны кубантуу менен алек. А аялзатына мындай камкордук, сүйүү, жакшы мамиле кантип жакпасын? Мындай көңүл буруу өзгөчө, сүйүүгө, жакшы мамилеге, камкордукка суусап жүргөн аялзатын жолунан эле эмес, акылынан адаштырары шексиз эмеспи. Аял бала төрөйт, өзү багат, аны сабаса-сөксө боло берет, баарын эч нерсе болбогондой аш кылып, оту менен кирип, күлү менен чыгып кызматчы аялдай үйдө жүрө берет. Жолдошунун "балдар менен кайда кетмек эле" деп аялына көңүл кош мамиле кылганы, таап келген акчасын колко кылып, жөнү жок эле ар кимден кызганганы, туугандардын турмушуна кирише бергени, айтор, аялзатын тажаткан жашоодогу ушундай толгон-токой терс көрүнүштөр бар. Жылдан жылга көкүрөктө чогулган ушундай таарыныч, ыза, аялдын өзүн керексиз сезүүсү айрым учурда аны баарынан баш тартып басып кетүүгө мажбур кылат. Ар бир иштен күнөөлүүнү издейбиз, бирок жашоо өзү эле баарын таразалап коёт. Байкабаганыбыз менен ар бир кылганыбыздын жообун алып жүрүп отурабыз...
(Уландысы кийинки санда)