Ар ким өзүнүн кан тобун билиши мүмкүн, бирок көпчүлүк резус-фактор деген эмне жана ал организмибизде кандай роль ойноорун биле бербейт. Ошентсе да балалуу болууну пландаганда жана кош бойлуу кезде резус-факторду билүү маанилүү болуп чыга келет. Бул тууралуу гинеколог Бактыгүл Абдраманова айтып берди.
Адамдардын 15 пайызы терс резус-факторду алып жүрөт
Эритроциттердин үстүндөгү резус-фактор белогу адамдарда жана “резус” аттуу маймылдарда кездешет. Резус аталышы ушундан улам келип чыккан.
РЕЗУС-ФАКТОРДУ АЧКАНДАР “НОБЕЛЬ” СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛГОН
Резус-фактор укум-тукумга күчтүү, доминант ген катары берилет.
Баш кошуп, түтүн булатып, балалуу болууну пландаган жубайларга кандарынын резус-факторлорун билүү өтө маанилүү. Эмне үчүн дегенге жоопту төмөндөн аласыз.
ЭНЕ ЖАНА ТҮЙҮЛДҮКТҮН РЕЗУС-КОНФЛИКТИ
Экинчи кош бойлуулукта маселе жаралат. Анткени аялдын организминде антиген жана алар иштеп чыгарган антителалардын саны көбөйөт. Натыйжада эне менен түйүлдүктүн кан топторунун келишпестиги келип чыгат. Эмнеге дегенде аялдын канындагы эритроциттердин үстүндө резус-фактор белогу жок, организми ал эмне экенин билбейт. Түйүлдүктүн канындагы эритроциттердин үстүндөгү белокту аялдын иммундук системи чоочун зат катары кабылдайт жана эритроциттерди жок кылууга өтөт. Тактап айтканда, аялдын организминдеги антигендер антителаларды көп бөлүп чыгара баштайт. Антителалар болсо организмге кирген чоочун зат болгон бактерия, вирус, грибок жана башкаларды жок кылуучу “киллер” клеткалар. Ошентип аялдын организминдеги антителалар ичтеги түйүлдүккө өтүп, анын канынын курамындагы эритроциттерди жок кыла башташат. Бул илимде “резус-конфликт” деп аталат.
ТҮЙҮЛДҮК ИЧТЕН ӨЛҮП КАЛЫШЫ МҮМКҮН
Эритроциттер кычкылтекти бүт органдарга ташыйт. Кычкылтексиз адам жашай албайт. Эненин организминен бөлүнүп чыккан антителалар түйүлдүктүн канынын курамындагы эритроциттерди өлтүрө баштагандан тартып түйүлдүктүн органдары кычкылтектин жетишсиздигине кабылат. Ушундан улам түйүлдүктө анемия жаралат. Андан тышкары өлгөн эритроциттер ууну, башкача айтканда, билирубинди бөлүп чыгара башташат. Билирубин жашоого керектүү органдарды ууландырып, алардын иштешин бузат, натыйжада түйүлдүк саргая баштайт. Органдар, анын ичинде баш мээ шишийт. Боор жана көк боор чоңоёт, жүрөккө зыян келет. Бул түйүлдүктүн өспөй калышы, бойдон түшүү же ичтен өлүп калуу коркунучун жаратат.
Андыктан өзүнүн каны терс резус-факторду, ал эми күйөөсү оң резус-факторду алып жүргөн аял 2-ирет кош бойлуу болгондо гинекологго барып, каттоого туруп, кан анализин тапшыруусу зарыл. Анализден кан тобу, антителалардын өлчөмүнүн аз же көп экендиги текшерилет. Аял 7 айга чейин ай сайын кан анализин тапшырып, антителалардын өлчөмү изилденет. Жогоруда айткандай, биринчи кош бойлуулукта резус-конфликт болбойт. Бирок биринчи баласын төрөгөндөн кийин аялга 72 сааттын ичинде иммуноглобулин сайылат. Иммуноглобулин кийинки кош бойлуулукта эне менен түйүлдүктө резус-конфликт келип чыкпашы үчүн керек. Эгер сайылбаса кийинки кош болуулукта резус-конфликт жаралат.
Кокус биринчи кош бойлуулукта аял аборт жасатса же боюнан түшүп калса да 72 сааттын ичинде иммуноглобулин алышы зарыл. Аял ошентип ар төрөтүнөн кийин иммуноглобулин сайдырып турат.
ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨТҮЛӨТ
– 2-кош бойлуулукта эненин организми антителаларды эрте же кечирээк бөлүп чыгара башташы мүмкүн. Мисалы, антителалар түйүлдүккө 7 ай болгондо иштелип чыгарыла баштаса, анда баланы эртерээк 7 айлык кылып төрөтүп алышат. Эгер кош бойлуу аял төрөөр маалына жакындаганда кан анализин тапшырып, андан антителалар табылбаса, аял өзү табигый жол менен төрөп алышы мүмкүн. Негизи терс резус-факторлуу аялдарды операция жолу менен төрөтүшөт.
Эгер кош бойлуу аял 28 аптага чейин анализ тапшырганда антителалар табылса ал ошол замат төрөткананын кош бойлуулар патологиясы бөлүмүнө жаткырылышы зарыл. Түйүлдүктүн абалы УЗИ, допплерометрия, кардиотокографиядан изилденет. Дарылоо менен аял менен түйүлдүктүн абалына көзөмөл жүргүзүлөт. Дарылоо жүргүзүлбөсө түйүлдүктүн өспөй калышы, бойдон түшүү же ичтен өлүп калуу коркунучу бар. Айрым учурда аялга донордун канынын эритроциттери куюлат.
Кош бойлуу аял менен күйөөсүнүн канынын резус-факторлору экөөнүкү тең оң же терс болсо, анда ичтеги түйүлдүккө коркунуч жок. Башкача айтканда, бойдон түшүп калуу, ара төрөлүү, ичтен өспөй калуу, же ичтен өлүп калуу коркунучу жок. Себеби алардын баласыныкы да оң же терс резус-фактор болот. Ошондой эле күйөөсүнүкү терс резус-фактор, ал эми аялыныкы оң резус-фактор болсо да түйүлдүккө коркунуч туулбайт.
Канымжан Усупбекова