ИТАЛИЯ ДААМЫ ЛАЗАНЬЯ

Италия ашканасынын дагы бир классикалык тамагы – лазанья. Даамдардын эң сонун айкалышын таба билип, кылдаттык менен жасалган бул тамак көп өлкөлөргө тараган. Лазаньянын даамы пицца сымал, бирок бул ширелүү, толук кандуу тамак. Чоңдорду да, балдарды да кайдыгер калтырбаган лазаньянын менюңузга кошуп алууну сунуштайм.

Тарыхы

  • Лазанья деп римдиктер алгач ушул тамак бышырылган казанды аташкан.
  • Учурда лазаньяны жумурткага жуурулган бир нече камыр катмарынын ортолоруна болоньезе менен бешамель соусун сүйкөп, үстүнө сыр себелеп электр мешинде бышырып жатышса, антикалык доордо гректер жупка жасашып, аларды узун кесимдерге бөлүп үстүнө шарап, уксус чачып, ортосуна помидор менен эт кесимдерин кошуп беришкен. Муну “lagani” деп аташкан. Катып калган жупкаларды ушундай жол менен жегиликтүү кылуунун бир амалы болгон деген маалыматтар бар.
  • 14-кылымдын ортосунда жашаган неаполдук ашпозчу тамак-аш тууралуу китебинде лазаньянын рецептин сунуштайт. Бул лазаньянын мекени Италия экенин тастыктайт. Ашпозчу эмгегинде жаңы бышкан камыр кесимдеринин ортолоруна татымалдарды, сыр сээп, отко коюп кызартып алууну сунуштаган. Ал учурда татымал болуп сарымсак, пияз, туз, кургатылган ашкөктөр саналган. Бирок бул китеп Англияда басылып чыгып, ошол жактан тарагандыктан англиялыктар биздин улуттук тамак деп азыркыга чейин талашып келишет.
  • Лазанья “Гарфилд” киносундагы Гарфилд мышыгынын сүйүктүү тамагы. Ал “лазанья – жөн эле тамак эмес, бул жашап жатканыңдын белгиси” дейт.

Тамактын калориялуулугу

Тоок этинен фарш, сүттөн жасалган соус, моцарелла сыры кошулуп бышырылган 100 грамм лазаньянын калориялуулугу 150 ккал. Ал эми уй, кой эти колдонулуп, бешамель соусу коюулатылган сүттөн жасалса, сырдын башка түрү кошулса 250-300 ккалга чейин жетет.

Негизги кошулмалар

Лазаньянын негизин – камыр жайымдары, болоньезе жана бешамель соусу, сыр түзөт. Бир нече катмардан турган лазаньянын болоньезе соусуна башка да жашылчаларды кошуп, фантазияга жараша өзгөртүп жасоого болот.

Камыр үчүн керектелүүчү азыктар:

Жумуртка – 2 даана

Ун – 300 грамм

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Камыр жалаң жумурткага жуурулуп, жука жайылат. Камырды чоң-чоң кесимдерге бөлүп, алдын ала кургатып даярдап коюу ыңгайлуу.

Болоньезе соусу

Соустардын аталышы башкача болсо эле бизде жок азыктар кошулат экен деп ойлоп албаңыз. Күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн азыктар кошулат.

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тоок этинен фарш – 350 грамм

Помидор – 4 даана

Пияз – 1 баш

Сельдерей – 1 боо

Каймак май – 20 грамм

Туз, прован татымалы – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорлордун түп жагын кайчылаш тилип, кайнак сууга 10 мүнөттөй салып коёбуз. Алып чыгып кабыгын тилинген жеринен баштап сыйрып, аябай майда туурап же блендер менен эзип алабыз.

2. Ысып турган көмөч казанга каймак майды салып, алгач майда тууралган пиязды, андан соң сельдерейди салып 2-3 мүнөттөн кууруйбуз. Фаршты салып бир аз куурулган соң помидорду, туз, татымалдарды кошуп орточо отто 10 мүнөттөй капкагын жаап кайнатабыз. Чыгарып муздатабыз. Бул аралыкта бешамель соусун даярдап алыңыз.

Бешамель соусу

Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 30 грамм

Ун – 1 аш кашык

Сүт – 300 миллилитр

Мускат жаңгагы – 2-3 чымчым

Туз – 2-3 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

Бешамель соусу буламыкка окшош эле жасалат.

Жай оттогу ысып турган идишке каймак майды салып, ун кошуп бир массага келип бир аз саргыч тартканча кууруйбуз. Жылуу сүттү куюп коюуланганча аралаштырып турабыз. Мускат жаңгагы менен туз кошуп аралаштырып оттон чыгарабыз. Үстүн жаап коё туруу керек, болбосо үстү катып бөлтөк болуп калат.

Лазаньяны бириктирип бышыруу

1. Лазанья жасаар алдында кайнап жаткан сууга туз татытып, 1 аш кашык өсүмдүк майын куюп 6-7 кесим камырды 1-2ден салып бир кайнаган соң чыгарып алабыз.

2. Электр табасын же айнек же керамика табаны өсүмдүк майы менен чекелерине чейин майлап чыгабыз. Кайнак суудан алып чыккан камыр кесиминин бирин табага жайып, бешамель соусунан сүртүп, үстүнө болоньезе соусунан тегиз куюп, кийинки камыр кесимин төшөйбүз. Сыр көп болушун кааласаңыз фарштан кийин дагы сыр себелөөгө болот. Кийинки катарлар ушундай жол менен коюлат. Акыркы камыр жайылган соң сырды калың себелеп, электр мешинде 190 градус ысыктыкта 20 мүнөткө чейин коюп бышырып алабыз. Пармезан, моцарелла, рикотта, маскарпоне сырын колдонууга болот.

Лаваштан бат жасалуучу лазанья

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Сыр – 100 грамм

Уй этинен фарш – 350 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Сабиз – 1 баш

Томат – 2 аш кашык

Лаваш – 2-3 даана

Каймак (сметана) – 100 грамм

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жогорудай эле болоньезе соусун даярдап аласыз. Болгону сельдерейдин ордун майда тууралган сабиз, жанчылган сарымсак менен, помидордун ордун томат менен алмаштырып аласыз.

2. Лавашты формага жараша чактап кесип, майланган табага бирөөсүн төшөп, каймак, анын үстүнөн болоньезе соусун сүйкөйбүз. Кийинки катмарларда ушул эле процессти кайталайбыз. Акыркы лавашка каймак сүйкөп, сүргүчтөн өткөн сырдан себелеп, 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт коюп бышырабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан