Өмүрзак Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “СЕНИ КИМ УГАТ ДЕП ЫЗА КЫЛЫШСА ДА БОЛБОЙ ДАСТАН АЙТЫП ЖҮРДҮМ”

Манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү менен жанаша жүргөн дагы бир өнөр бар, ал – дастанчылык. Бүгүнкү күндө бул өнөрдү аркалагандар абдан аз. Ошол азчылыктын өкүлү – дастанчы Өмүрзак Кайыпов менен маектештик. Көп кырдуу таланттын ээси, ошол эле убакта жөнөкөй инсандын маеги алдыңыздарда.

– Арыбаңыз! Дастанчынын бала чагы кайсы жерде өттү эле?

– Бар бологой! Мен эл үшүп жатса, кычап кыштын так ортосунда 1971-жылы, 15-январда жарык дүйнөгө келгем. Балалык кезимдин абдан таттуу күндөрү Токтогул районунун Чолпон-Ата айылындагы Балыкты деген кыштоодо өткөн. Ата-энем малчы болушкан. Жазында кар эрий баштаганда карды кууп жайлоого кетчүбүз, күзүндө кайра кардан качып ошол кыштоого келип кыштачубуз. Ошондуктан кыштоону баса белгилеп айткым келип жатат. Мектепте райондун борборунда бир тууган эжемдин үйүндө жүрүп окугам. 13 бир туугандын кичүүсүмүн.

– Чыгармачыл чөйрөгө качан келдиңиз?

– Эргеш деген комузчу жездем бар эле, 3-4-класс кезимде ал бир тууган эжеме комуз черткенди үйрөтүп жаткан. Эжеме көрсөтүп берип, кайра чертчи десе эле унутуп калат. Мен аларды тиктеп 2-3 саат бою отурдум. Эжекеме баса турган жерлерин айтып жатканда жаттап алдым. Анан “берсеңиз, мен чертип көрөйүн” деп черттим. Ошондо жездем “ой, балдыз, тур, сен кет, мен үйрөтө турган киши башка экен” деди. Адамга мактоо, жакшы сөз чоң ийгиликтерди алып келет. Ошол сөз мага чоң таасир берди, “мен үйрөнө алат турбаймынбы” деген ишеним пайда болду. Ал киши ошентип бир ырды үйрөтүп кетти. Андан кийинки ырларды өзүм издеп таап, үйдөгү эски комуз менен өз алдымча үйрөнө баштадым. Аны байкаган ата-энем 5-классымда райондук музыкалык мектепке беришти. Ал жактан мектептер аралык фестивалдарга катышып турчубуз. Ошолордон көрүп жүргөн үчүн мен мектепти бүткөндө Маданият үйүнө эч кандай диплому жок эле кызматка алышып, бир аз убакыт иштегем. Андан кийин аскерге барып келдим.

1992-жылы ошондогу Көркөм өнөр институтуна салттуу музыка жана фольклор кафедрасына тапшырып, аяктагам. Ал жерден Кыргыз Эл акыны Замирбек Үсөнбаевдин окуучусу болдум.

Кичинемден эле ушул багытка кызыкчумун, мага оюн кызык эмес эле. Эгер радиодо жакшы берүү болуп жатса, же үйгө өнөрпоздор келип жакшы сөздөрдү сүйлөшүп, ырдап же бир уламыштарды кеп кылып отурушса, мен аларды угуп отура берчүмүн. Бала кезимден башталган өнөрдү бүгүнкүгө чейин аркалап келатам. Учурда “Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчы, дастанчысымын. Дастанчы катары “Манас” театрында да иштейм.

– Дастанчы деген азыр ким? Азыркы биздин коомдо орду кандай?

– Манасчылык, төкмө акындык, дастанчылык ЮНЕСКО тарабынан “материалдык эмес баалуулуктардын шедеври” деп бааланган. Бул үчөө кыргыздагы улуу өнөрлөрдүн туу чокусу. Дастанчылык – элге кызмат кылган улуу инсандардын басып өткөн жолун дастан кылып ырдап, көөнөрбөс чыгармага айлантуу.

Мурунку заманда бир эле киши дастанчы, акын, комузчу, ырчы, манасчы да болгон. Азыркылар же комузчу болот, же манасчы, же ырчы болот. Мен ушул өнөрдүн баарын бир алып жүргөн адамды дастанчы деп билем. Демек, мен өзүм да толук кандуу дастанчы эмесмин. Бул өнөрдү акыркы алып жүрүүчүлөрдүн бири катары Элмирбек Иманалиев деп билет элем.

– Дастанчылыкты жайылтуу боюнча кандай иш-аракеттер жасалып жатат?

– 2016-жылы “Дастанчы” деген коомдук фонд түзгөнбүз, анын негиздөөчүлөрү – Токтобек Асаналиев, Самат Көчөрбаев жана мен, жетекчиси менмин. Ушул өнөрдү алып жүрүүчү улан-кыздарды тарбиялайлы деген максатта иш алып барып жатабыз. Андан сырткары чет жактан донор уюмдардан каражат алып, “Курманбек”, “Кожожаш”, “Карагул ботом”, “Жаныш-Байыш”, “Кулмырза менен Аксаткын” эпосторунун аудио вариантын жаздырып чыктык. Муну менен катар терме-санат, ашыктык-арман ырлары, айтыштар, жоктоолор, жалпысынан 50 чыгарманы аудио кылып жаздырып, аны менен кошо китеп кылып, китепке түп нусканын нотасын кошо түшүрүп, ага диск кошо чөгөрөлү деп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Бул дастанчы болом деген уул-кыздарыбызга дапдаяр материал болот.

– Азыр дагы дастан жазгандар барбы? Өзүңүз жазасызбы?

– Чоң дастандар иштелбесе дагы, терме, санаттар чыгып жатат. Элмирбек Иманалиевдин жакшы термелери бар. Аалы Туткучев сонун термелерди жазып, коомчулук уксун деп, керек болсо бекер таратып жатат. Мен “Арстанбектен алп саптар” деген терме иштеп чыккам. Негизги өзөгү Арстанбек атабыздын сөзүнөн жазылган, ошондуктан ушундай атагам. Өзөктөрү эски кайрыктар, Токтогул, Эшмамбетке барып такалат, бирок муундары башка болгондуктан ылайыктап обонун мен иштеп чыктым. Менин бир жаңылыштыгым – улуу инсандардын көөнөрбөс чыгармаларын окуп, ошолор менен жашап, алпурушуп жүрө берип, менин жазганым баары бир булардын деңгээлинде болбойт деген ойдо болчумун. Убакыт өтүп, "Арстанбектен алп саптарды" иштеп чыккандан кийин мен деле колумдан келишинче обон жарата берсем болмок экен деген ойдо калдым. Эми жазганым канчалык деңгээлде болду, аны эл сынап көрөт. Терме, санат жазайын деген оюм жок, тескерисинче, улуу инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс чыгармаларына обон жаратып көрсөм деген ойдо калдым. Өзүмө ыраазы болгон жерим – мен ушул дастанчылык деген өнөрдү жолго таштаган жокмун. Бир учурлар болгон, дастанчылыкка ЖМКлар, мамлекет тарабынан дагы таптакыр көңүл бурулган эмес. Мисалы, радиого, телевидениеге барганда мени аябай ыза кылышчу. “Узак айтат турбайсыңбы, кыскартчы, же кыска эле бир нерсе ырдап койчу, сени ким угат?” деп айтышчу. Үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей болчумун. Болбой эле дастан айтып жүрө бердим. Убагында бир китепти баштан-аяк жатка айткан учурларым болду, аны кыскарт дей беришкенден улам үзүндү-үзүндү кылып айтып калдым. Азыр жакшы убак, “2 саат берели, дастан айтып берчи” деп калышат. Тилекке каршы, чоң дастандарды баштан-аяк айткан уул-кыздарыбыз жокко эсе.

– Шакирттериңиз барбы?

– Мен ушул нерсени жакшы түшүнбөйм, эгер шакирт бир эле кишиден сабак алса, ал ошол кишинин көчүрмөсү болуп калат. Андыктан ар кайсы мыктылардын жакшы жактарын үйрөнгөнү жакшы. Менден сабак алып, фестивалдарда Гран-прини жеңген шакирттерим бар. Бизден улуу кишилер да кызыгып үйрөнүшөт. Өнөр жашка карабайт, өнөр өнөрдүн деңгээлине карайт. “Сизден сабак алсак болобу?” деп жазгандар көп, тилекке каршы, менин убактым тар. Эки жарым кылым мурда жашаган Калыгул, Арстанбек аталарыбыз айткан экен, “Уктасаң уйкуң канбаган, түн кыскарган кез келет. Иштесең ишиң бүтпөгөн, күн кыскарган кез келет” деп. Мына бүгүн ошол күндө жашап жатабыз. Убакыт ушунчалык тез өтүп жаткан учур.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Жеңең медицина кызматкери, өнөр жагынан алыс адам, бирок менин жубайым болгондуктан ушул өнөрдүн уңгусун жакшы түшүнөт. Мага шарт түзүп бергенге колунан келишинче аракет кылат. Чет өлкөгө маданий иш-чаралар менен көп чыгам, 3-4 айлап жүрүп калган учурларым болот. Бир жолу Америкага үч айлык долбоор менен кеттим эле, анда кызым бир жаштан жаңы өткөн. Келсем, мени тааныбай калыптыр. Аябай ыйлагым келген ошондо. Жеңең экөөбүздүн бир кызыбыз бар, азыр Финансы академиясында окуйт.

– Маегиңизге рахмат!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан