КЕЛИНДИ КЕЛГЕНДЕ КӨР...

Жылдыздар турмушунан

Элибиз салтка бекем келет эмеспи. Салтыбызга жараша каадабыз да бар. Мисалы, жаңы келген келин кайын ата, кайын энесине тик карабайт. Чайды ылдый карап сунат. Деги койчу, санай берсек көп. Биздин жылдыз келиндер жаңы келгенде кандай окуяларга кабылышты экен?

Гүлзинат Суранчиева:
“ЖУУРУГАН КАМЫРЫМДЫ
КАЙНЕНЕМДЕН КАТКАМ”
– Кайненем азербайжан улутунан эмеспи. Тамакты сонун жасайт. Ошондон улам айылда той-топур кайненемсиз өтпөйт. Ал барып дасторконго баш-көз болуп берет. Жаңы келин болуп барганда кайненемдин тамак-ашты кыйын жасаарын билип апкаарып, мурун үйдөн жасап жүргөндөрүмдү да окшоштура албай калдым. Айт күнү кайненем, кайын сиңдим экөө мага «боорсокко камыр жууруп кой» дешип базарга кетишкен. Элестет, түш болду камырым былтыйып көтөрүлбөйт. Жаным чыккан боюнча аны итке салып, экинчи чараны жууруп салдым. Камырды, негизи, үйдөн кыйын эле жуурчумун. Экинчиси Кудай жалгап ачыптыр. Бир убакта кайын сиңдим сыртка чыгып эле каткырып кирди. Кайненем дагы эмне болду деп карап калды. Көрсө, бир чара камырды ит жебей коюптур. Кайын сиңдиме көзүмдү кысып, «апама айтпа» деп ишарат бердим. Ал түшүнүп, кайненеме эч нерсе айткан жок. Анан акырын иттин алдындагы камырды өзүнчө баштыкка салып, көчөдөгү таштандыга таштап келгем.

Назми:
“КАЗДЫ ТУУРАП, КАРГАНЫН БУТУ
СЫНЫПТЫР БОЛГОМ”
– Мен жаңы келин болуп барганда Орусияда иштеп жүргөн абысыным келди. Анын келин болуп келгенине он жылдан ашкан. Карасам, жоолугун шарфтай ичке ороп туруп сонун салынып алыптыр. Көзүмө ушунчалык кооз көрүндү. Анан мен дагы жоолугумду ошентип ороп туруп салынып алдым. Кайненем, кайнатам баары дасторкондо отурушат. Чай куюп жатсам эле жолдошум көзү менен жоолугумду көрсөтөт же мен түшүнбөйм. Чай ичилип бүткөндөн кийин гана жолдошумдан жаңы келген келин төбөсүн көрсөтүп жоолук салынбасын билгем.

Сайра Момунбаева:
“КАЙНАТАМДЫН СӨЗҮНӨ
ТЕРИГИП ЫЙЛАГАМ”
– Мени ала качып кетишкен. Чоочун бүлөгө көнө албай аябай кыйналдым. Кылган ишимден кынтык табышпаса экен деп жаным тынбайт. Кайненемдин да көзү өтүп кеткен экен. Бир үйдө жолдошум, кайнатам, анан мен. Бир күнү туугандарыбыз шаардан келип калды. Алар «кандайсыңар?» десе эле кайнатам «үч күндөн бери ачкамын» деп жатпайбы. Кечинде жолдошум келгенде арызданып ыйладым. Кантип капа болбойм, күнүгө түрлөп эки маал тамак жасап берип жатсам деле үч күндөн бери ачкамын деп жатса. Көрсө, кайнатамдын төл сөзү бар экен. Эмне болсо эле тамашалап ушинтип айта берерин кайдан билем? Ошентип, кайнатамды 3 күн ачка койгом.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
arlekino
2010-12-17 16:37:26
Гулзинат камырды итке ыргытып жатканда кесир болоорун ойлонгон жоксунбу?...эххх адамзат....(((( ошого жетпегендер канча...
анын эмеси уят ачык эле айтып кайра жууруса...
0
Prokuror
2010-12-17 17:01:40
Гулзинаттын акыбалын тушуном, бирок, башка жолун да ойлонуп корсо болмок. Ачыбаган камырды деле жайып кургатып койсо тамак-ашка жарай берет. Кайын энеси кыйын экен, айтса бир жолун тапмак.
0
Akjol
2010-12-17 19:18:04
Баарыбир жаны келин жаны уй булоого конгучо сурдойт да.
0
Dinara
2010-12-18 03:20:02
Akjol ake tuura aitasyz...
0
japarova
2010-12-18 10:29:54
obaa,jani uy bulogo kelgende,bir jerim jakpay kalbasa ele boldu dep,titinip iwtesen da..jaman kaynene je jaman katinga okwogon kaynatan owondo da jaktirbasa..jaman i4in kuyotda..tak 4to ki4ine bolso da xitriyraak boluw kerek eken:-)!bir nerse jasardin aldinda,baarin jakwilap oylonup turup jasaw kerek negizi..kayn atan kayn enen dele sendey ele kiwiler,kuday bolup ketse da emne boluptur,samoe glavnoe siylasan boldu!:-)
-1
Sezy
2010-12-21 06:01:45
биз келин десе эле жумуш кылыш керек, уйдо канча киши болсо ошолордун кирин жуудуруп, жадагалса жаны тороп келсе дагы чай куйдуруп, жумуш жасатышат байкуш келиндерге.
0
caky
2010-12-22 03:26:38
Katuu Gazsam ke4eiprip koiosuzdar,no bizde Kelinderibiz Uidogu bolgon Gumushtu gasap,kursaktaryn toiguzp,suragan nersesin berse gana jakshy kelin,Al emi anyn i4ki-duinoosu,adamga kylgan mamilesi,Bilimi e4 eseptelbeit.Gada kalsa Gigitteribiz apasyna jakkan kyz alyp gatpaiby.Erten ushu kyz m,n kandai gashaim,ekoobuzdun jashoodogu maksatybyz birbi?Bul emneni kaalait,meni emneni dep oilonboston!Nesi bolsoda kyrgyzymdyn Gigitteri algan kelin4eginerdi 1 kundon bashtap kylgan Gumushu jagynan gardam
0
caky
2010-12-22 03:27:41
bere albasanar da,moraldyk gaktan koldop tursanar kandai sonun!
0
Nurzatka
2010-12-22 08:33:36
келин болуп баралекте кыз кезинде минтип койбойбу, антип койбойбу, дей беребиз бирок баргандан кийин баары кыйын,башка уйго конуш,ал жактын озунун эрежелери да озунчо!
0
priyatnaya
2010-12-22 09:45:29
башка семьяга,булоо болуп кетиш ото эле кыйын.менин да башыман эмне гана деген кундор откон.деги койчу,келин болсо эле эмне экен?ал деле бироонун суйуп,эркелетип чонойткон баласы. сенин деле кызын,эже-синдин бар,аларды деле ошолордун ордуна коюп кор!так что келиндерди коп эле кордобой котунорду кыскыла!!!
0
SubAz
2010-12-24 16:40:35
приятная, очень не приятные слова написаны вами..
0
zulya
2011-01-02 16:37:17
кыргыз элинде келинди ото эле баалабайт.Бизде келин деген значит служанка
0
elkaelka
2011-02-19 23:47:28
zulya ya s toboi soglasna,bizde deistvitelno syilabait,barktabait.men kyzgyzdyn kelini emesmin,biz kanenemdkine baraarda bizge 2 kun murda chalyp,emne jeisiner,emne jazap koiun dep turat.barganda jyinap,jardamdashyp kirsem(kantse da kyrgyz kanybyzda bar da,jon oturbai)choogu jyinaibyz,otur dep turat.
0
mila9
2012-12-21 18:15:12

zulya.туура айтыпсын ошентип ойлошот
0
ayzyrek89
2015-08-31 20:34:27
тан аткандан кун батып жатканга чейин кайнене деги койчу баарынын настроениясын карап мамиле кыласын.Деги эле жакпайсын кайненеге айрыкча.
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан