КАРА-МЫК – ТАРЫХКА БАЙ АЙЫЛ

“Биздин айыл жердин сулуусу, жылда барсам жылда суктанам…” деген ырды Чоң-Алайдын Кара-Мык айылынын сыртта иштеп, окуп жүргөн атуулдары да ырдайт. Кара-Мык чек арага канатташ, тоо түбүндөгү тарыхка бай айыл. Бул айыл тууралуу маалымат топтоого айыл башчысы Абдылла Жакыпов жардам берди.

Кожолуктун (түтүн) саны – 715

Элдин саны – 3343

Айылда – орто мектеп, чакан оорукана, бала бакча, клуб, ФАП, тегирмен, чек ара өткөрмө пункту, мечит бар.

Кара-Мык – Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу айыл. Облустун борбору Ош шаарынан 350, райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Түштүк Батыш тарабынан Тажикистандын Жерге-Тал району менен чектешет.

“ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛ”

Боронбай Эшов, 42 жашта, айыл активисти:

– Кара-Мык – тоолуу, Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан айыл. Айыл четинде чек ара өткөрмө пункту бар. 1999-жылы Тажикстандан куралчан адамдар айылга кирип келгенге аракет кылган, бирок тилектери ишке ашкан эмес.

2021-жылы Тажикстан чек арага вагон коюп, биздин эл ызы-чуу салган соң алышкан.

Эл дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Арпа, буудай, беде, эспарцет эгип, картошка айдашат. Кой, уй, жылкы багышат. 2-3 үй-бүлө төө да багат. Айылдагы электр тегирменге буудай, арпа тарттырышат. Негизги каражатты картошка жана малды бордоп сатуудан табышат.

Кооз жаратылышыбызга кызыгып кээде туристтер келип калат. Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жаткан айылдаштарыбыз көп. Айылыбызда темир уста, шырдак шырып, таар соккон уз-чеберлер, “Шайыр апалар” тобу, ырчылар жана башка өнөрпоздор бар.

“АЙЫЛДЫН АТЫ АЛП АДАМДЫН АТЫНАН КОЮЛГАН”

Шермамат Идирисов, 72 жашта, айыл тургуну:

– Айылдын Кара-Мык деп аталып калышы боюнча бир нече варианттар бар.

Биринчиси, илгери Кара Мык деген алп киши жашаган экен. “Кара” байыркы монгол сөзү, бизче “чоң”, “күчтүү” дегенди билдирет. Ошол кишинин конушуна бардык деп жүрүп, айыл ошонун атынан аталып калган.

Экинчиси, айыл четтеринде эски көрүстөндөр бар. Ар көрүстөндүн чети таш менен тегерете курчалган. Ошол көрүстөндөр илгери жашаган мык деген элдин көрүстөндөрү делет. Айыл ошондон улам аталган болушу мүмкүн.

Айылыбыз тарыхый жайда жайгашкан. Чар-Дөң деген жерибиз бар. Чар деген фарстын “чор” деген сөзүнөн алынган, бизче “төрт” дегенди түшүндүрөт. Аянты төрт чарчы болуп келип, 4 бурчунда дөң бар. Ошондон улам Чар-Дөң деп аталып калган окшойт. Сыягы илгери мында жашагандар чопо иштетишкен. Анткени казылган жерлерден чопо идиштердин сыныктары чыгат.

Айылдын кире беришинде Кызыл-Коргон деген чептин калдыктары бар. Аянты жалпы 2 гектардай. Азыркыга чейин урабай сакталган жерлеринде бийиктиги 2 метрдей, туурасы 2 метрдей келген дубалдар бар. Илгери чепке Жерге-Тал деген сууну буруп, ичине киргизген дешет. Ошол чептин ордунан илгерки бышкан кыштардын сыныктары чыгат. Чептин ичинде биз кичине кезде жер алдында жол бар болчу, кийин чеп урап бузула баштаганда ал жол билинбей калды.

17-кылымда Тилек баатыр чыгып, чек арадан тажиктерди биз жакка өткөрбөй турган деген уламыш бар. Кылычты сол колу менен чапчу экен. Кытайлар менен чабышкан кытайлык кыргыздарга бир ирет жардамга барып, ошол жактан көз жумуп, сөөгүн айылга алып келип коюшуптур.

Айылда негизинен кыпчак, кара тейит, кыдырша уруулары жашайт.

“8 КИЧИ ТРАКТОР ЖАСАП, САТТЫМ”

Макамбай Жармамат уулу, уста, 26 жашта:

– Устачылыкты атамдан үйрөнүп чоңойдум. Темир дарбаза, кичи трактор, соко, темир меш жана башкаларды жасайм. Буга чейин 8 кичи трактор жасап, айылдагалырга саттым. Эми тогузунчусун жасап жатам. Аларды 80-120 миң сомдун тегерегинде баалайм. Кичи трактор менен жер айдаса, культвиация жүргүзсө, жерди малаласа, кар тазаласа, жөөк салса болот. Чакан болгондуктан 10-15 сотых жер тилкелеринде колдонсо жакшы.

“БИР ТӨӨ 400 КИЛОГРАММДАЙ ЭТ БЕРЕТ”

Кошан Арзыматов, 49 жашта:

– Төөнү мурун атам багып, союп жечүбүз. Атамдын көзү өткөндөн 10 жылдан бери мен багып келе жатам. Төө жайы-кышы, талаада, тоодо оттогон жандык. Учурда 5 төөм бар. 3 жыл мурун төөлөрдү саап көрдүк. Сүтү рак, кант диабетине дары экен деп кээ бирлер келип ичип жүрүштү. Анан түйшүгү көп экен деп саабай койдук. Айылдагы досумдун 14, жээнимдин 3 төөсү бар. Баарын кошуп чогуу тоого айдап жиберебиз. Өткөн кышта 2 төөнү союп, этин 450 сомдон элге саттым. 1 чоң төө 400 килограммга чейин эт берет. Өркөчүн тамактарга кошо берсе болот. Куурдак кылса жакшы.

“103 ЖАШТАГЫ ЭНЕМДИН 65 ЧӨБҮРӨСҮ, 2 КЫБЫРАСЫ БАР”

Максатбек Зайналов:

– Энем Алила Мамажунусова 103 жашта, 2 уул, 2 кызы, 20 небере, 65 чөбүрөсү, 2 кыбырасы бар. Чоң атам 75 жашында каза болуп калган экен.

Энем табыпчылыкты, эмчи-домчулукту аркалап келди. Жүрөгү түшкөндөрдүн жүрөгүн көтөрөт. Жаш балдарды эмдейт. Азыр кулагы укпай калды, көрүүсү начар. Бирок эшик-эликке өзү кирип-чыгат.

Узак жашоосунун сырын өзү “менин бир туугандарым жок. Ата-энемден эрте ажырап калгам, ошого Кудай мага боор ооруп, узак жашатып жатат го” деп калат.

Айылдагы той бергендердин баары чоң апамды “бата бериңиз” деп чакырат. Батасын алганы эл көп келет.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА