Жеңиш Кангелдиев, актёр: «МЕНДЕ ЖОК СЫЙЛЫКТЫ КЫЗЫМ АЛДЫ»

“Акыркы сабакта” Урматтын карындашынын ролун аткарган кичине кыз эсиңиздеби? Ал актёр Жеңиш Кангелдиев менен актриса Дамира Орозбекованын кызы экенин билчү белеңиз? Бул ирет таланттуу ата-кыздан маек алдык.

– Кош келипсиздер. Сөздү Бегимайды тааныштыруудан баштабайлыбы. Бегимай, өзүң айтып берчи.

Бегимай: – Саламатсызбы? Мен Бегимай Касымалиева. 2011-жылы 14-апрелде төрөлгөм. Атам да, апам да актёр. Өзүм да кичинекей кезимден бери актёрлукка кызыгам. Бийге, лыжага баргам. Азыр волейболго барып жатам.

– Сонун. Жеңиш мырза, сиз эмнелерди кошумчалайсыз?

Жеңиш: – Кызым тартиптүү, аракетчил, мектепте лидер. Азыр экранга чыгып, жылдыз болуп калбадыбы. Театрда да спектаклдерде ойноп жүрөт. Кызымдын талантына жакшы баа берем. 6 жашында “Кылым карытар бир күндө” Эрмектин ролун ойногон. Ошол спектакль менен Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган театр фестивалында “Мыкты дебют” наамын алган. Анда кесиптештерим “сизде жок сыйлыкты кызыңыз алып жатат го” деп тамашалашкан. Ал спектаклде Бегимай залды ыйлатат, атасын НКВД алып кетип жатканда чаңырып, өкүрүп ыйлайт. Репетицияда “ыйлап кереги жок” десе болбой ыйлап ойнойт.

– Бегимай, атаң жөнүндө айтып берчи. Мүнөзү кандай?

Б.: – Атамдын мүнөзү катуураак. Бирок жөн эле уруша бербейт. Жолдо машина айдап баратканда башка кишилер эрежени бузуп айдаса, токтотуп алып урушат, “эмнеге антип жатасың, эрежени жаттап ал” дейт. Мектептен мага бирөө тийишип койсо мектепке дароо барат. Атам менен сыймыктанам, көп кинолорго тартылган.

– Үйдөн чогуу кайсы оюндарды ойнойсуңар?

Б.: – Апам менен бурч, атам менен шашки, шахмат ойнойбуз. Мен шахматка дагы катышкам. Кичинемде жашынмак ойночубуз. Үйдө атам көбүнчө тамашалайт, күлө беребиз.

– Атаң менен апаңдын кимиси көбүрөөк эркелетет?

Б.: – Атам көбүрөөк эркелетет, Бөкөлөкөк деп (күлүп). Мен аны жакшы айта албайм, ушуну атам бат-баттан айтат. Апам Бику дейт. "Жаным, балапаным" деп эркелетишет.

– Кызыңыз сизди мүнөзү катуу деди...

Ж.К.: – Аябай деле катуу эмесмин. Мени негизи урушчаак деп коюшат. Жумуштагылар маанайым жакшы болсо “бүгүн жакшы экен” деп, кичине маанайым жок болсо “үйдө бирдеме болгон го, согуштан келаткан экен, ээ” деп тамашалай беришет. Менде эрежелер көп болсо керек. Баары орду менен болсо дей берем. Андайга көнүп алсаң да жаман экен. Бир нерсе ордунан жылып кетсе поезд рельстен чыгып кеткенсип эмне кыларыңды билбей каласың.

– Бегимай, атаңдын кайсы сапаттары жагат сага?

Б.: – Эркелеткени, мени менен ойногону, көңүл коюп укканы, сабактан бир нерсе сурасам аягына чейин түшүндүргөнү. Тамак жасап калат, ошонусу жагат. Шорпону даамдуу жасайт.

Ж.К.: – Чалап жасап берем, ээ?

Б.: – Ооба.

– Кандай белектерди берет?

Б.: – Көбүнчө кымбат кийим сатып беришет. Кичинемден атам менен апам мени “модный” кылып кийинтишет, тренддерден калтырбай. "Муну сатып бериңизчи" десем дароо сатып беришет.

– Жакшы экен. “Акыркы сабакка” кантип тартылып калдың эле?

Б.: – Апам “жүрү, кастингге барып келели” деди. Атам, апам болуп бардык. Алар мени алып барышкан. Анан байкелер камераны маңдайыма коюп, “эмне менен алектенесиң?” деп сурашты, “бийге барам” дедим. Бир байкени көрсөтүп, “ушул сенин байкең деп элестет. Ал сени бийге алып барбай жатат” дешти. Байкем эжебизди жакшы көрөт экен. Эже жолугушууга макул болбой койсо, ошого таарынып мени бийге алып барбай жатыптыр. “Эмне кылмаксың?” деди. “Байке, мени алып барып келиңизчи. Менин акчам бар, сизге роза сатып берейин, эже менен сүйлөшүп берейин, алып барыңызчы” дедим. Дагы эмне дегенимди унутуп калдым, аягында көндүрдүм. Анан атам менен апамды да ошол жактан көрүп жактырып, роль беришти.

– Ушул сериалдан кийин жылдыз болдуңбу?

Б.: – Ооба, “Акыркы сабак” "жарды". Мектепте баары эле мени бири-бирине көрсөтүп сүйлөшүшүп... Мен 5-классмын да. Кенже класстагылар чочуп карашат. Укпайт деп ойлоп мен жөнүндө сүйлөшө беришет, бирок мага угулат баары. Мектепте баары таанып, ошондон кийин популярдуумун.

– Кыйын бекен популярдуу болуу?

Б.: –Башында мени таанып жатышат деп сүйүнүп жүргөм, аягында кичине жүдөп кеттим. “Сенсиңби же копиясысыңбы?” деп сурай беришет. Жогорку класстагылар “Айбанын, Урматтын, Алишердин номерин берчи, миң сом берем, 500 сом берем” дегендер көп болду. Бирок алардын уруксаты жок бербеш керек деп ойлойм.

– Туура. Гонорарыңа эмне алдың?

Б.: – Чоң актёрлорго күнүнө 3 миңдей берип жатты, мага 1500. Ал акчага “Гарри Поттер” китептерин алдым. Азыр окуп жатам, ортосуна жеттим.

– Азаматсың. Бегимай кийин да актриса болом десе кандай кабыл аласыздар?

Ж.К.: – Биз жаш кезде айлык 500 сомго жетпейт, "Ош базардан" театрга чейин канча жолу жөө келдим. Азыр абал жакшы, айлыгыбыз көбөйдү. Эми чыныгы чыгармачылыкты ойлонуп, толук кандуу иштесе болот. Азыр кино көп тартылып жатат. Мурун кино тартат десе сенсация болчу да. Келечекте мындан да өнүгөт го. Кыргыз актёрлорунун жашоосу Голливуддагыдай болбосо да Түркиядагыдай өзгөрөт деп ишенем. Бегимайдын өнөрлүү экенин, ролго кире аларын, сезе аларын көрүп турам. Башка кесиптештерим да көп макташат. Андыктан каршы болбойм. Актёр каармандын образына сүңгүп кирип ойношу керек, Бегимай сырткы жашоону унутуп калып, ролго кирип кетет. “Кылым карытар бир күн” спектакли Бегимайдын катышуусу менен жетишкендиктерге жетти” деп ачык айтышат. Министр Азамат Жаманкулов келип көргөндө “бул бала жакшы ойнойт экен” дептир жанында турган Камчы Сарыбаевге. Камчы бала эмес, кыз экенин айтканда, “кызбы?” деп таң калып, мактаптыр.

– Бегимай, спектакль ойногондогу кайсы учур жагат?

Б.: – Элдин кол чапканы, мага көңүл бурганы жагат. “Кылым карытар бир күндө” төлгө салып жатканымда көрүүчүлөрдүн ыйлап жатканын көрөм. Арт жактагы жарыктарды карайм. Бирок көрүүчүлөр көрүнөт. Аягында сахнага чыкканда да аябай кол чабышат.

– Атаң катышкан кайсы тасмалар жагат?

Б.: – “Сүтак”, “Белгисиз маршрут”. Кичинемден эле ошол кинолорду көрө берем. Спектаклден “Төлгөдө” атам Исмаилди ойногону жагат. Биринчи жаш жигит болуп чыгат. Анан дароо эле Семетей чоңойгон жерин ойношот да. Бир мүнөттө кийимдерин алмаштырып, атмосфераны түзүп жетишиш керек. Атамдын бардык ролдору жагат.

– Жакшы. Сиздерге ийгилик каалайбыз! Маегиңиздерге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан