Эрназар Акматалиев, балбан: “ОЛИМПИАДАДА ЖӨНДӨМҮМДҮ 100 ПАЙЫЗ КӨРСӨТӨ АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Бул апта гезитибиздин башкы бетин эркин күрөштүн эрктүү балбаны Эрназар Акматалиев кооздоду. Анын күрөшүү стилин, акыркы убакытка чейин күрөшкөн жөндөмүн көпчүлүк баалайт. Балбан 2-5-июнь аралыгы Алматыда өткөн эл аралык мелдештен алтын медаль тагынып, кубаныч менен кайтты.

– Салам, Эрназар, жеңиш кут болсун! Алматыдагы турнир кандай өттү?

– Саламатсыздарбы? Болат Турлыхановдун кубогу буга чейин грек-рим стилине гана багытталып өтүп келген. Быйыл рейтингдик турнир болуп саналгандыктан эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү дагы кошулду. Турнир абдан жакшы деңгээлде өттү, биз дагы канааттандырарлык жыйынтыкка жеттик.

– Кайсы айлампадагы атаандашың оорчулук жаратты?

– Мен атаандаштарымды күчтүү же алсыз дегенден алысмын. Спорт тоголок деп коёт эмеспи. Кээде атаандашка өзүңдү анча даярдабай чыгып алсаң, сен күтпөгөн нерселер көп болуп кетет. Ошондуктан ар бир каршылашыма даярданып чыгам. Аябай оорчулук жарата турган деле каршылашым болгон жок. Биринчи айлампада казак балбаны менен беттештим. Мен кадеттер арасында күрөшүп жүргөндө ал чоңдор арасында Казакстан, Азия, Дүйнө биринчилигин утуп жүргөн балбан болчу. Мен аны менен биринчи жолу күрөшкөндүктөн, бир аз кыйыныраак болду.

– Башында атаандашыңа көп упай берип койдуң, тактика ушундай беле?

– Жок, алгач атаандашка упай берүү деген тактика саналуу гана спортчуларда болушу мүмкүн. Биринчи ага упай берип, анан кубалап жетем деген спортчуну кездештире элекмин. Финалдагы атаандашым жаш, таланттуу балбан. Биринчи жолу күрөшүп жаткандыктан эмне ыкмаларды кыларын билбейт элем. Ошон үчүн көп упай алдырып, күтүлбөгөн нерселер болуп кетти.

– Негизи килемге чыгып жатканда коркуу сезими болобу?

– Албетте, болот. Ал учурда буга чейинки болгон даярдыктарды, машыгууда кыйналганыбызды эстегенде ал нерсе өтүп кетет. Машыгууда мелдештегиден эки эсе көп кыйналасың. “Эмнеге дайындандым, бул жакка утулуш үчүн келдимби?” деп өзүң менен өзүң күрөшүп баштайсың. “Өзүңдү жеңмейин, бирөөнү жеңе албайсың” дегендей, алгач өзүмдү жеңип анан килем үстүнө чыгам.

– Болбогон жерден жеңишти алдырып жиберген өкүнүчтүү мелдешиң кайсы болду?

– Акыркы секундда же өзүмдүн катамдан улам утулуп калган учурлар абдан көп болгон. Эң чоң каталарымдын бири – мен үчүн эң маанилүү мелдеш болгон Олимпиада оюндары. Анда индиялык балбан менен чыктым. Ал Азия чемпиондугун, Азия оюндарын уткан, Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль тагынган күчтүү балбан болчу. Мага салыштырмалуу анын көрсөткөн жыйынтыгы эки эсе өйдөрөөк. Килемге чыгарда “бул жер Олимпиада, абайлап, байкап күрөшүш керек” дегенди аң-сезимге сиңирип алып, өзүмдү кармап күрөшүп жатып жөндөмүмдү 100 пайыз көрсөтө албай калдым. Эсеп саны 3:3 болгон, бирок упайлардын сапаты боюнча атаандашым утуп кеткен. Мага эң кейиштүү учур ушул болду. Абдан жакшы формада болчумун, даярдык дагы жогорку деңгээлде эле. Анан эң маанилүү мелдешке барып, биринчи айлампада эле утулуп калганым мен үчүн чоң сабак болду. Башынан эле мурдагыдай өзүмдүн стилимде, ачык күрөшүп, ыкмаларымды колдоно берсем утуп кетмекмин деп ойлойм. Негизи утулуп калганда көп сабак аласың. Мындай кылсам болмок деп ойлоносуң, өкүнөсүң. Утулуп, өкүнүп калбагыдай болоюн деген максат менен чыгам.

– Жакында эле Түштүк Кореяда сбор өтүп келдиңер, ал жактагы машыгуулар кандай өттү?

– Биздикине салыштырганда айырмасы абдан чоң. Убакыттан дагы айырма чоң, эртең мененки, кечки машыгуунун ортосунда эс алуу убактысы азыраак болду. Биздин өлкөгө салыштырмалуу деңиз деңгээлинен аябай эле төмөн жайгашкан. Биз тоолуу делген жерине бардык, ал жер деңиз деңгээлинен 200 метр эле бийиктикте экен. Ал жакта бизге дем алуу оңой болду, машыгууларда чарчаган жокпуз. Эки жумада ал жактын абасына көнө түшүптүрбүз, өлкөгө кайтканда бир аз кыйыныраак болду. Ошондуктан Алматыдагы турнирге аябай деле даярдыкта барган жокпуз. Спортчулар жөндөмүн 100 пайыз көрсөтө албай калышты.

– Түштүк Кореядан кандай таасир алдың?

– Тартип жагынан көп үлгү алдык. Алардын улууларга, бири-бирине болгон мамилелери өзгөчө экен. Сөз менен айтып жеткире албай жатам, миң уккандан бир көргөн дейт го, аны көрүш керек. Анан дагы шаар таза, адамдар дагы агрессивдүү эмес. Бизде жол чырактарда бирөө туруп калса эле сигнал басып ызы-чуу кылып салышат го. Андай нерсени ал жактан байкаган жокмун.

– Башка кайсы спорт түрлөрүнө кызыгасың? Футболду жакшы ойнойт деп билебиз...

– Футбол, баскетбол, волейбол, бильярд, стол теннисин ойноп калам. Негизи тоголок нерсеге байланыштуу спорт түрүнүн баарына кызыгам (күлүп). Футбол көбүрөөк ойнойм, бирок буга машыктыруучулар каршы. Анткени жаракат алып калуу коркунучу бар да. Ага карабай жумасына 1-2 жолу ойнойбуз.

– Ата-энеңдин сени менен сыймыктанып турганы байкалабы?

– Албетте, алардын сүйүнүп турганы дароо эле билинет. Күрөшүп бүткөндө эле ата-энеме чалам. Туугандар чогулуп алып көрүшөт, баары кубанып эмоциясы тарай элек болот, баары кубанычын билдирип, каалоо-тилегин айтышат. Ыраматылык чоң атам менин номер биринчи фанатым болчу. Ден соолугу жакшы учурда Бишкекте, Нарында же башка аймакта өтөбү, менин ар бир турнириме барчу. Кийин ден соолугуна байланыштуу үйдөгүлөр баргызбай жатканына таарынып жүрдү. Көрүшүм керек деп көшөрүп жатып барып алган учурлары болду. Биз таштап кетсек, башка баласын чакыртып алып барчу. Мен ийгиликке жеткенде чоң ата-чоң энем кубанычтан ыйлай беришчү. Чоң апам азыр деле менин күйөрманым.

– Көпчүлүк спортчулар кыз менен мамиле күтүүдөн өзүн оолак тутат эмеспи, бул жагы сенде кандай?

– Кыз менен сүйлөшсөң убакыт көп кетип каларын билем. Досторумдун көбү эле спортчу да, кыздар менен түн бир оокумга чейин сүйлөшүп, жакшы эс албай калганга эртеси машыгууга барбай калат. Аны көрүп мен дагы ушинтип сүйлөшсөм, эртеси машыгуум үзгүлтүккө учурап калбайбы деп ойлоном. Эми чынын айтканда, каалоо болбой койбойт да. Бирок ошол нерсени эске алып, спортто чоң ийгиликке жетмейин кыз менен сүйлөшпөгөнгө аракет кылам.

– Убакыт бөлгөнүң үчүн рахмат. Ийгилигиң арта берсин!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан