«АЙЫЛ БАНК» 66,7 МИЛЛИОН СОМ ПАЙЫЗСЫЗ КРЕДИТ БЕРДИ

2021-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №132-р «Майда, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоого алуу» долбоорун бекитүү тууралуу буйругу чыккан. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Айыл Банк" ААКсынын ортосунда 2021-жылдын 13-августунда №19-04-01/57 «Майда, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоого алуу» долбоору боюнча келишим түзүлгөн.

Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистин шартында микро, чакан, орто ишканаларга финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Аталган келишимдин алкагында 2021-жылдын декабрь айынан тарта, Covid-19 илдетинин тарашынан улам келип чыккан оор жагдайдан жабыр тарткан микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо жана алардын ишин калыбына келтирүү максатында "Айыл Банк" ААКсы төмөнкү шарттарда пайызсыз кредиттерди берип жатат.

Кредит алуучулар үчүн тандоо критерийлери 2 категорияга бөлүнөт:

1-КАТЕГОРИЯ

Ыктыярдуу патенттин же жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген ишкерлер:

– Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер;

– Финансылык жардам 250 миң сомго чейин;

– Валюта – сом;

– Пайыздык чен – 0;

– Жардамды колдонуу мөөнөтү 18 айга чейин.

2-КАТЕГОРИЯ

Жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген ишкерлер же юридикалык жактарга берилет:

– Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон 30 миллион сомго чейинки ишкерлер же юридикалык жактар;

– Финансылык жардам 1 миллион сомго чейин;

– Валюта – сом;

– Пайыздык чен – 0;

– Жардамды колдонуу мөөнөтү 18 айга чейин.

Ошондой эле төмөндө келтирилген чыгашаларды төлөө үчүн финансылык жардам каражаты берилет:

– эмгек акыга кеткен чыгашалар;

– товар сунуштоочулардын эсеп-фактуралары;

– ижара төлөмү боюнча чыгашалар;

– коммуналдык кызмат, жана интернет;

– жүгүртүүдөгү товарды толуктоо.

Банк боюнча 2022-жылдын 7-июнуна карата 205 кардарга 66 775 000 сом пайызсыз кредиттер берилди.

Талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча суроолор боюнча маалыматты Банктын аймактык филиалдарынан же сайтынан (www.ab.kg) алсаңыздар болот. Ошондой эле төмөндөгү телефондорго кайрыла аласыздар:

0(312) 68 00 00;

0(556) 68 00 00;

0(222) 68 00 00;

0(707) 68 00 00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан