Алинур Абдыкалыков, “Жарайт ситинин” актёру: “СҮЙҮКТҮҮМДҮН КОЛУН ЖОМОКТОГУДАЙ СУРАГЫМ КЕЛДИ”

"Жарайт сити" скетч-шоусунун резиденти, актёр, алып баруучу Алинур Абдыкалыков сүйүктүүсүнүн колун сурады. Жагымдуу жаңылыгы менен тең бөлүшүп Алинур жана сүйүктүүсү Айдананы кепке тарттык.

– Саламатсыздарбы, Алинур, Айдана? Алинур, алгач сүйүктүүңүздү тааныштырып өтпөйсүзбү?

Алинур: – Саламатсызбы? Болочоктогу жубайымдын аты Айдана, учурда 20 жашта. Абдан сулуу, жакшы, ак көңүл кыз. Айдана, өзүң да кошумчалап койчу.

Айдана: – Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм, ата-энем Таластан болот. Колледжди окуп бүтөрүм менен СММ адиси болуп иштеп баштагам.

– Жакшы экен, үйлөнүү сунушу жомоктогудай өзгөчө жасалды. Буга кеңири токтоло кетпесек болбойт.

Алинур: – Айдана экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Башында Айдана менен таанышканда эмнегедир “Рапунцель” мультфильми эсиме түшкөн. Ал мультфильмдеги чачы узун башкы каарманга окшош болчу. Мурун Айдананын чачы дагы ачык түстө болчу. Биз сүйлөшүп баштаганда “сен Рапунцелсиң” деп өзүнө дагы айткам. Үйлөнүү сунушун киргизүүнү пландаганда жомоктогудай бир нерсе кылгым келди. Студиядагы жигиттер менен биргеликте ушундай кылып сценарий даярдаганбыз. Жомоктун негизинде заманбап жарнамалык ролик тартабыз дегенбиз. Башкы каармандын ролунда Айдана жана Эрбол деген дос балам тандалган. Айдана көйнөк кийип роликке тартылганга даярданган. Шек санап калбасын деп көп камераларды атайын коюп, кадимки тартуу процесси жүрүп жаткандай атмосфера түзгөнбүз. Айдана анын баары сунуш киргизүүгө жасалганын билген эмес, ошол учурда колун сураарымды күткөн жок. Бир учурда күтүлбөгөн жерден мен чыгып Айдананын колун сурадым. Абдан толкундандым. Ал күнү катуу шамал болду го, жамгыр жаап жибербесе экен деп катуу сарсанаа болдум. Кудайым буюруп, аба ырайы да жардам берди, күн кызыл болуп сонун батты.

Айдана: – Мен тартылып жаткан съёмкага сарсанаа болуп, съёмканы гана ойлонуп жаткам. Бир кезде режиссёр “арттагы тургандар тоскоолдук жаратпагыла” деди. Анан эле кимдир-бирөө биздин сүйүктүү ырыбызды койду. Бурулсам эле Алинур костюмчан турат, ырдап жатат. Укмуш сезимдер болду. Аябай толкундандым.

Алинур: – Башында администратор Айданага чалып, “жарнамалык ролликке тартылып бер, гонорарын төлөйбүз” деп макул кылышкан. Анан сценарийди даярдадык, айтор, билип калбасын деп майда-чүйдөсүнө чейин пландаганбыз. Бул учурда командабыз дагы чыныгы съёмка болуп жаткандай түр көрсөтүштү.

– Кантип таанышып калдыңыздар эле?

Алинур: – Борбор калаадан таанышып калганбыз. Бирок ал мени менен жакындан таанышууну каалаган жок. Андан кийин мен аны Инстаграмдан издеп баштадым. Тапканымда ал Москвада экен, түз эфирде музыка угуп жатыптыр. "Исмаил Гаджиевдин “Когда наступит вечер” деген ырын угуңуз" деп жазгам. Эки күндөн кийин “кечиресиз, эмне деген ырды айтып жаттыңыз эле” деп жазды. Ошону менен сүйлөшүп кеттик.

– Жакындарыңыз да бул жагымдуу кабарды угуп толкунданып турушса керек?

Алинур: – Апам бул күндү абдан күткөн. Үйдө башкача бир сонун маанай болуп жатат. Мен дайыма апам менен кеңешем, экөөбүз доспуз. Апам мени дайыма колдоп турат. Үйдөгүлөр Айдана менен көптөн бери тааныш. Ал биздин үйдө өз кишибиздей эле болуп калган. Буюрса, эми ата-энелерибиз жолугуп тойдун күнүн белгилешет.

– Убакыт бөлгөнүңүздөргө рахмат! Бактылуу болуңуздар!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан