ДҮЙНӨДӨГҮ КООЗ ЖОЛДОР

Барчу жер эмес, бара жаткан жол маанилүү дегендей, бул жолу дүйнөдөгү таң калтырган, суктанткан жолдорго сапар алдык. Алардын кайсынысы өзгөчө көрүнүшү менен алгачкы орундарда турарын сиз аныктаңыз.

163-ТРАССА

АКШнын Аризона штатынан башталган бул трасса ээн талаа менен кызыл топурактуу мейкиндиктеги табият жасаган өзгөчө монументтерге алып барат. Жолдун 72-чакырымындагы керемет көрүнүштү карап эле тургуң келет. 163-трассадан Навохо индейлерине таандык кооз өрөөндү көрүп өтүүгө да болот. 1970-жылы салынган жолдун узундугу 104 чакырымды түзөт.

ТӨӨ-АШУУ

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жалгыз жолдогу Төө-Ашуу ашуусу туристтерди суктантып келет. Ашуудан көк тиреген тоолорду, кооз табиятты, бир күндө 4 мезгилди тең көрүүгө мүмкүн. Тоннель салына электе ашуу азыркыдан 500 метрге бийик болгон. Бишкек–Ош трассасын куруу үчүн 1956-жылы чечим чыгып, 1 жылдан соң салына баштаган. 1965-жылы колдонууга берилген жолдун узундугу 678 чакырымды түзөт.

ПАМИР ТРАКТЫ ЖЕ ОШ–ХОРОГ ЖОЛУ

Ош–Хорог жолун 2016-жылы “National Geographic” журналы дүйнөдөгү кооз жолдордун алдынкы ондугуна киргизген. Тажикстандын Хорогу менен Кыргызстандын Алай, Гүлчөсүн байланыштырат. Анын узундугу 701 чакырымды түзүп, 2 этап менен салынган. Алгач 1876-жылы орус армиясы тарабынан Фергана менен Алай өрөөнүн байланыштырган жашыруун стратегиялык жол салынган. Ал эми экинчи этабында жол 1931-1934-жылы Хорог шаарына чейин уланган.

Орусиялык блогер Дмитрий Чистопрудов 2016-жылы ушул жолдор менен саякаттап, “кооз пейзаж, идеалдуу асфальт, бул Европа же АКШ эмес, бул – Кыргызстан” деп жазган.

ТЯНЬМЭНЬ ЖОЛУ

Кытайдын Хунань провинциясындагы ыйык деп саналган Көк асман дарбазасы үңкүрүнө, Тан династиясына таандык храмга жетүү үчүн 11 чакырымдык жолдогу 99 бурулуштан кийин 999 тепкичти басып өтүү керек. Маданий жайга жетүү үчүн көпчүлүк туристтер асма көпүрө менен чыгышат. Ал дагы дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине катталган. 99 бурулушу бар жол 8 жылдын ичинде салынып бүткөн.

УЛУУ ОКЕАН ЖОЛУ

Улуу автомагистраль Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлерге эстелик катары 1919-жылы салына баштап, 1932-жылы бүткөн. Австралиянын Виктория штатында жайгашып, Тынч океанды бойлой өткөн трассаны жээктей бир нече улуттук парк, үңкүрлөр, маданий жайларды көрүүгө болот. Ошондой эле 600дөн ашык кеме чөгүп кеткен сырдуу жээкти, суунун 40 метр тереңдигинен чыккан акиташ аскалары – Викториянын 12 апостолун кезиктиресиз. Узундугу 243 чакырымды түзгөн бул жолдо суу спорт түрү боюнча мелдештер, фестивалдар көп өткөрүлөт.

АТЛАНТИКА ЖОЛУ

2005-жылы Нидерландыда өткөн сынакта “Кылымдын курулушу” деген наамды алган, 2006-жылы Улуу Британиянын “Гардиан” гезитинин версиясы боюнча “Өлкөнүн эң мыкты туристтик жолу” деп табылган жол Норвегияда жайгашкан. Океандагы бир нече аралчаларды бириктирген автожол Мёре-ог-Ромсдал провинциясын Авер аралы менен байланыштырып турат. Аралчаларды бириктирген жолдо бир нече көпүрө бар. Алардын эң бийиги суу үстүнөн 23 метр бийик курулуп, америка горкасын элестетет. Океан толкуган кезде толкун автоунааларга суу бүркүп, кошо агызып кетчүдөй түр көрсөтөт. Ушунусу менен да Атлантика жолу көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Жол 1983-жылы курула баштап, 1989-жылы колдонууга берилген. Жолдун узундугу жалпы 8,27 чакырымды түзөт.

ГУОЛЯН ТОННЕЛИ

Бул да Кытайда жайгашкан таң калычтуу жолдордун бири. Тайханшань тоосу менен цивилизациядан четтеп калган Гуолян кыштагына барууга болот. Сырткы дүйнө менен байланыш түзүү үчүн кыштак тургундары 1972-жылы тоону бойлой жол салууну пландашкан. Алар негизинен балка менен кескилерди колдонушкан. Эң кыйын тилкеде жол 3 күндүн ичинде 1 метр жылган. Тоннелдин жалпы узундугу 1,2 чакырым, бийиктиги 5 метр, туурасы 4 метр. Куруучулар динамитти жана кошуна облустардан келген жардамды да колдонушкан. Тоннель 1977-жылы ачылып, анын жаралышы айылды туристтик жайга айландырды.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан