30 ЖАШКА ЖЕТПЕЙ ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН КОРЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

Түштүк Корея өз жанын кыйган адамдардын санынын көптүгү боюнча алдынкы мамлекеттердин катарына кирет. Ар тараптан өнүккөн, маданият-шоу бизнесинин аркасы менен дүйнөнүн төрт бурчуна аты чыккан өлкөнүн мындай кара тизмеге кириши өкүнөрлүк, бир чети ойлондура турган, сабак ала турган көрүнүш. Макалабызда жашынан таланты менен эл көзүнө алынып, таанымал болуп, бирок 30 жашка жетпей өз өмүрүнө кол салган корей жылдыздары тууралуу сөз кылабыз. Миллиондогон жаштар k-pop жылдыздарына суктанып, үлгү алып, аларга окшоп сахна жылдызына айлангысы келери турган иш эмеспи. Анда эмнеге жаш таланттардын арасында суицид көп катталат?

СОЛЛИ, 25 ЖАШ

Түштүк Кореянын жарык жылдызы, актриса, ырчы, модель катары таанымал Соллинин өлүмү тууралуу кабар дүйнө жүзүндөгү анын күйөрмандарын бир селт эттирди. Он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздын жансыз денесин үйүнө барган менеджери биринчи көргөн. 1994-жылы төрөлгөн Чве Чжин Ри актрисалык кесипти 2005-жылы баштаган. Ысымын өзгөртүп Солли каймана аты менен жүргөн кыз өзүн ар тараптан таланттуу экенин далилдей алды. Кино, музыка, мода дүйнөсүн багындырды. Аялдардын укугун коргогон ойлорун ачык айткан күчтүү айым экенин да көрсөттү. Бирок “интернет-зомбулугунан” жеңилип калды. Кореяда чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөргө талап күчтүү, айрыкча коомчулуктун ой-пикиринен көп нерсе көз каранды. Ошол эле учурда аларга талап коюп, жылдыздардын “туура-туура эмес” жашап жаткандарын сынга алган элге чара көрүү аз. Ошондуктан да суициддер көп катталса керек. Солли да ушундай диван-эксперттеринин “жеми” болду. Өзүнө карата айтылган, жазылган ачуу сөздөрдү, жалган жалааларды көтөрө албай калган ырчы көп жыл депрессияда жүргөн. Канча жолу интернет-зордукчуларына чара көргүлө деп агенттигине кайрылган. Алар өлкө башчысына бир нече ирет кайрылуу жолдошкон. Бирок интернетте Соллиге негатив төккөндөрдүн саны азайган эмес. Паникалык атака, депрессиядан кыйналган актриса 2016-жылы да өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул аракети 2019-жылдын 14-октябрында ишке ашып, корейлердин бир таланттуу кызынын жылдызы өчтү.

КИМ ЖОНХЁН, 27 ЖАШ

Түштүк Кореянын SHINee тобун кимдер гана билбейт. Дүйнөнүн ар тарабына таанылып, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен топтун солисти, музыкант, алып баруучу Ким Жонхён 2017-жылдын декабрь айында өз жанын кыйды деген маалымат тараганда нес абалда калгандар көп болду. 27 жаштагы жигит атайын газга ууланып каза болду. Буга чейин жеке ырчылыкты ийгиликтүү алып бара жаткан, коомчулуктагы теңсиздиктерге каршы чыккан, ЛГБТ коомчулугун колдогонунун айынан сынга кабылган Жонхён өз жанын кыят деп эч ким ойлобосо керек. Бирок ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө жакындарына атактуулуктун жүгүнөн, коомчулуктун айыптоолорунан тажаганын айтып жүргөн.

СОН Ю ЖОН, 26 ЖАШ

2021-жылдын 23-январында дагы бир жаш актриса, модель Сон Ю Жон жашоосу менен кош айтышты. Кинолордо түрдүү образдарды жараткан, подиумду сулуулугу менен багынткан, шоу-берүүлөрдө шайыр, эч нерседен кеми жок жашоодо жашагандай түр көрсөткөн актрисанын өлүмүнүн себеби ачык айтылган жок. Ошол эле учурда ар бир кадамы, ичкен-жегени, сүйлөгөнү, кийген кийимине чейин катуу көзөмөлгө алган агенттигинин талаптарынан чүнчүп жүргөнүн, коомчулуктун көңүл буруусу, атактуулук, интернеттеги терс билдирүүлөрдүн баары Сон Ю Жонду депрессияга салганын жакындары айтышат. Интернет барган сайын кулачын жайып бара жаткан заманда жашоо коркунучтуу деп да ойлоп кетесиң. Ошон үчүн кыргыз “диван-эксперттерине” да эскертүү айта кетким келет, интернет желесинде башка бирөөнүн жашоосуна кийлигишпей, бирөөнүн өлүмүнө себепчи болуудан алыс болгула.

ЧА ИН ХА, 27 ЖАШ

2019-жылдын 3-декабрында Сеулдагы өз үйүнөн актёр Ча Ин Ханын жансыз денеси табылган. “Банкир”, “Кумарлануу менен тазалоо”, “Кемчилиги бар адамдар” жана башка дорамаларга тартылып көпчүлүккө таанылган актёрдун өлүмүнүн себеби расмий түрдө ачыкталган жок. Бирок анын жакындары Ча Ин Хага карата басым көрсөтүлүп келгенин айтышкан. Ин Ханы өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирген адамдар ким, эмне себеп экени сыр бойдон калды. 1992-жылы жарык дүйнөгө келген Ча Ин Ха актёрлук карьерасын 2017-жылы гана баштаган эле. Көпчүлүктүн кумирине айланган жигит 2 жылдан кийин кыялданып келген кесибин да, жакындарын да таштап кете берди.

ГУ ХАРА, 28 ЖАШ

Ырчы, актриса Солли 2019-жылдын октябрь айында каза болсо, анын курбусу Гу Хара бир ай өтпөй ноябрь айында өз жанын кыйды. 2008-жылы “Kara” тобунун курамында сахнага чыккандан бери жагымдуу ырлары, актрисалык өнөрү менен көз кубантып келген Гу Харанын өлүмүнө анын мурунку жигити Чвэ Чжон Бомдун күнөөсү бар дешет. Анткени 2018-жылы Хара ЖМКларга уруксатсыз тартылган интимдик видеолорун чыгарам деп коркутканы үчүн жигитин сотко берген. Сот иштери созула берди, коомчулуктун баягы “кыз гана күнөөлүү” деген сынына кабылган Хара 2019-жылдын май айында эле суицидге барган. Бирок жардам өз убагында көрсөтүлүп, аман калган кыз ноябрь айында кайра өзүнө кол салып, жарыкчылык менен коштошкон. Сот процесси 2020-жылы гана аяктап, Чвэ Чжон Бом 1 жылга кесилген. Күлкү келерлик чечим, ээ? Гу Харанын өлүмүнөн кийин коомчулук өлкө башчысына интимдик видеолорду, сүрөттөрдү уруксатсыз тартып, тараткандарга карата оор чара көрүү суранычы менен кайрылган.

Тилекке каршы, бул тизме чети гана. Жогорудагы каармандардын тагдырын окугандан кийин ар бирибиз сабак алсак, ойлонбой айтылган сөз менен тааныган да, тааныбаган да адамдардын көңүлүн калтырбасак, жамандыкка себепчи болбосок дегим келет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан