ИЛЬЯЗ ТЕРЕЗЕНИ ТАЛКАЛАП САЛА ЖАЗДАДЫ

Тамаша тор

"Тамаша тордун" каарманын "корпоративдик кечеге келип эки ыр ырдап кет, 200 доллар төлөйбүз" деп чакырдык. Келген ырчыны үч кыз бир үйгө алып кирип, болушунча нервине тийишмек.

ТОРГО ОМАР ЭМЕС, ИЛЬЯЗ ИЛИНДИ
Омарды тамашага салуу максатында бүтүндөй Кыргызстанга белгилүү бир адамдын ысымын атап, анын иниси үйлөнүп жатканын айтып, 200 долларга ырдап берүүсүн өтүнүп байланыштык. Ал "бул маселе боюнча пиар менеджерим менен сүйлөшкүлө" деди. Экөө менен тең макулдашылгандан кийин, Омар кечки саат жети жарымга келмей болду. Ырчынын жоопкерчиликтүү экенин ушундан билиңиз, белгиленген убакытка жетпей эле келип калды. Бирок “мен жана түшүнбөй калыптырмын, кафеге деп ойлогом. Үйгө барып ырдай албайм” деп сөзгө келбей зуу койду.
Көп ойлонбой эле торду Ильяз Андашка ыргыттык. Ильяз чакыруу алгандан жарым саат өтпөй, ырчы Сайра Момунбаева эжекеси менен бирге келип калды. Жолдон тосуп алган биздин актрисалар Сайра эжени машинада алып калышты да, Ильязды үйгө алып кирип кетишти. Үй ичинде үч бийкеч диктофон, жашыруун камералар менен күтүп отурушкан эле.

Ильяз Андаш:
“ТАМАГЫМДЫ ТАШТАП, ШАШЫП БАРГАМ”

Жайылган торго ишенчээктиги менен тез эле түшүп калган Ильяз кандай абалда болду? Анда өз оозунан угалы.

– Ильяз, чакырганыбызда дароо эле "баратам" дедиң. Эмне, акча керек болуп жатты беле?
– Акча кимге эле керек болбосун? Сайра эже экөөбүз тамактанып жатканбыз. Чакыруу болуп калабы деп костюм-шымымды дайыма машинада алып жүрөм. Ичип жаткан тамагымды таштап, машинадан шаша-буша кийинип жетип келген элем.
– Кыздар “ырдап бер” деп ка­туу эле суранышыптыр. Эмнеге оозуңдан бир сап ыр чыккан жок?
– Тойлордо сурантпай эле ырдайм. Анан жөн эле үйгө камап алып "ырдап бер" десе, намыстанып ырдаган жокмун. Ырдамак түгүл, көк беттенип сүйлөбөй да койдум.
– Мурун кыздардын ушул сыяк­туу жарга такаган жоругуна кабылдың беле?
– Мындан 2-3 жыл мурун Тынчтыкбек байкеге бир кыз телефон чалып, “мени Ильяз менен тааныштырып коюңузчу?!” деп көп суранчу. Бир күнү Тынчтык байке “баягы кыздын туулган күнү экен. Гүл көтөрүп барып куттуктап койчу” деди. Ошентип кафеге барсам, кыз мени күтүп жалгыз отурат. Экөөбүз тамактандык, акчасын мен төлөдүм. Кафеден чыгып үйүнө узатып барсам, “кир, нан ооз тий” деди. Киргенден кийин силердикиндей эшик шарт жабылып, ачкыч катылды. “Мени менен кал” деп кучактап алып коё бербей, асыла баштады. Башында телевидениенин тамашасы болсо керек деп күлүп-жайнап эле жүргөм. Арадан эки саат өткөндө чыдабай кетип телефон менен терезесин сындыра чапсам, кыздын жүрөгү түшүп калды. Силердин актрисаларды да ошондой кыздардан болсо керек деп жиним келди. Ичимден "эмне эле мен ушундай окуяларга туш боло берем?" деп ызаландым. Бир аз ачпай коюшса тажрыйбам бар эмеспи, терезесин талкалап болсо да чыгып кетем деп ойлоп отургам. Сайра эжеге телефон чалайын десем, кашайып соткам машинада калыптыр да. Ошентип, ишенчээктигимден силердин торуңарга өзүм түшүп бердим.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
kanysha
2010-12-20 14:08:44
жонокой жана ыймандуу экениниз корунуп турат... Ийгилик! Мындан ары абайлап журунуз...
0
malish
2010-12-20 17:12:37
мага бетин жаап отурган жери жакты.
0
Agusha
2010-12-20 22:06:44
мына сага бечера бала десе кыздар дагы кичине кыйнап корбоптур да эмне кылат экен эле
0
Narynbek
2010-12-20 23:07:57
Чын эле дагы бир аз алып олтурушса айнекти талкалап качмак
0
Sezy
2010-12-21 05:55:55
Ушундай да тамаша кантип болсун, бул бала коркуп калды го
0
azulya
2010-12-21 08:42:02
У него такой вид испуганный :) Бирок молодец. Маданияттуу бала экени корунуп турат.
0
bakulya
2010-12-22 01:06:02
ала качып келген жаш кыздарга окшоп отуруп алыптыр ))
0
aika-b
2010-12-22 08:42:04
Мына жигит деген ушундай болуш керек, анын ордунда ыймансызы болсо баары тескерисинче болмок,азаматсын Ильяз, негизи эле башынан эле баа берем,соз жок!!!
0
konya
2010-12-22 09:15:12
Тамаша торго ишенбейм! Калп эле суйлошуп алышат дагы чтоб газета ылдамыраак отуп кетиш учун же болбосо бир ырчынын баркын которуу учун, Кантип эле Ильияз ушинтип отуруп калсын.
0
lira
2010-12-22 09:57:39
Bul tamasha tor bashynan Omarga plandashtyrylgan eken da. Anan baikush Iliaz tush bolup kalyptyr. Omar kanday joop kylar ele, kyzyk.
0
Zyza
2010-12-23 14:00:07
ыймандуу бала экен!
0
Selya
2011-01-13 13:53:31
кыздарга окшоп бетин жаап алганы кызык болуптур да!
0
nyrik92kg
2011-01-13 23:26:53
торуңар супер а бирок Ильяз мегасупер экен...!
0
Aiko
2011-01-14 20:05:37
Ого, Ильяз молодец!
0
asylchik
2011-03-01 11:08:07
ya by na tvoem meste vsem pizdy dal by! i tamawa toru i babam... izdevayutsya tvari...
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан