ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-июндан 19-июнга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жумуштагы көйгөйлөр өтө көп түйшүк жаратышы мүмкүн. Баарын бир убакта чечем десеңиз, натыйжасы сиз күткөндөй болбой калышы ыктымал. Үй-бүлөдө туугандар менен болгон мамиле курч темага айланат. Алар менен тынч отуруп, сүйлөшүү жолу менен маселени чечкениңиз туура. Сүйүктүүсүн тапкысы келген бойдоктор аны алыстан эмес, чөйрөсүнөн издегени туура. Дем алыш күндөрү бейтааныш адамдар менен баарлашууда абайлаңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Адамдар менен тил табышууда кыйынчылыктарга дуушар болосуз. Балким, алар аброюңузга шек келтирип, сизди кабатыр кылчу кандайдыр бир окуяга аралаштырып жиберүүлөрү мүмкүн. Кокустан таанышкан адамдарга ишенбеңиз, кесиптешиңиз болсо да. Бизнес менен алектенген букачарларга пайдалуу сунуш түшүп, жаңы киреше булагын ача алышат. Дем алыш күндөрү достук кечеге катышуудан баш тартуу сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жакында каржылык абалыңыз жакшырат. Көптөн бери үйүңүздү оңдоп-түзөөнү пландап жүрсөңүз, аракетти баштаңыз. Насыяга акча алуу жана карызга берүү сунушталбайт. Апта ортосунда бойдоктор үчүн романтикалык мамилелердин өнүгүшүнө жана бекемделишине шарт түзүлөт. Эгерде сиз көптөн бери сүйүктүүңүздүн сезимдеринен күмөн санап жүрсөңүз, анын сезимдеринин күчтүүлүгүнө жана берилгендигине ынана аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жашооңуздагы бардык көйгөйлөрдүн чечүү жолун табасыз. Өмүрлүк түгөйүңүз менен мамилеңиз жакшырып, гармонияга келесиз. Бирөөнүн ишине баа бербегенге, сындабаганга аракет кылыңыз. Өз оюңузду айткандан көрө унчукпай койсоңуз жеңесиз. Ошондой эле жылдыздар болуп өткөн окуяларды эстеп маанай түшүрбөөнү сунушташат. Дем алыш күндөрү жалгыз калып убакыт өткөрүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Сүйүктүүңүз менен өз ара түшүнүшүүнүн көрүнбөгөн көпүрөсүн кура аласыз. Үй-бүлөлүү түгөйлөр балдардын түйшүгү менен алышып жүрүп, бири-бирине убакыт бөлө албай калышы мүмкүн. Жумушта кесиптештер менен келишпестик орун алышы мүмкүн. Алыска иш сапарга чыгууну пландап жаткандар сапарын кийинки жумага жылдырып турганы оң. Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен табият коюнунда эс алып көңүл ачсаңыз туура болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Досторуңуздун айынан сүйүктүүңүз менен таарынышып калууңуз мүмкүн. Капчыгыңызга сак болуңуз, шылуундардын тузагына түшүп калышыңыз ыктымал. Жашоосунда бир нерсени өзгөртүүнү каалаган бийкечтер кыялын ишке ашырууга олуттуу кадамдарды жасаганы туура. Болбосо турмушунда эч нерсе өзгөрбөйт. Аптада мурун пикир келишпей жүргөн адам менен мамилеңиз жакшырат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз менен жайкы эс алууга пландарды түзүп, акылдашсаңыз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада чыдамкайлыкты көрсөтүп жагымсыз жагдайларга туруштук берүүгө үйрөнүшүңүз керек. Анткени сиздин эмоционалдык абалыңыз сыналган учурларга көп кептелесиз. Кесиптик ишмердүүлүктө, үй-бүлөлүк мамилелерде көйгөйлөр жаралат. Бойдок таразалар жакын тууганынан же ата-энесинен материалдык колдоо алышат. Жылдыздардан кеңеш: каражатты үнөмдүү пайдаланып, керектүү жактарга жумшаңыз, болбосо жакындарыңыздын сизге карата ишенимин жоготуп аласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Саякаттоо, юристтер менен байланышуу, маалымат жана документтер менен иштөө үчүн ылайыктуу учур эмес. Кагаз иштерине байланыштуу бардык жумуштарды кийинкиге калтырып турган оң. Бойдок чаяндар жаңы адамдар менен таанышат. Жактырган адамын романтикалык кечеге чакырат. Үй-бүлөлүү чаяндар олуттуу чечим кабыл аларда ата-эне, туугандары менен кеңешип чечим кабыл алганы жакшы. Дем алыш күндөрү кызыктуу чыгарма окуп же тасма көрүп чер жазсаңыз болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бойдок жаачыларга сүйүктүүсү менен мамилени сактап калуу үчүн чыдамкайлык жана сабырдуулук керек болот. Сүйүктүүңүздүн күтүлбөгөн мамилеси, кандайдыр бир кескин аракеттери сизге жакпашы мүмкүн. Үй-бүлөлүү жуптар ортодогу бир калыптагы мамилеге өзгөртүү киргизүүсү зарыл. Мүмкүн болсо, жан шеригиңизди тамактанууга чакырып, жылуу сөздөрдү арнасаңыз болот. Апта аягында каражат маселесине тиешелүү көйгөйлөрүңүз чечилет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үй-бүлө жана никедеги мамилелер апта башында татаалдашы мүмкүн. Өзүңүздүн пикириңизди таңуулоо жана жакыныңыздын көз карашын четке кагуу менен сиз чыр-чатакка негиз даярдайсыз. Алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүп коюңуз, болбосо өнөкөт ооруларыңыз козголсо маселе жаратышы мүмкүн. Апта аягында жеке жашооңузга байланыштуу ушак-айыңдарды угасыз, ал сөздөрдү кулак сыртынан кетирип, түгөйүңүз менен талаш-тартышты ырбатпаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Нерв системиңиз чыңалбасын десеңиз маалыматтын агымын азайтып, баарлашуу чөйрөңүздү, байланыштарды чектешиңиз керек. Негизи эле адамдардан оолак болуп турганыңыз жакшы. Бойдок суу куярларга салтанаттуу жана коомдук иш-чараларга, мисалы, үйлөнүү үлпөт тоюна, мааракелик тойго катышуу үчүн ыңгайлуу учур. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз бекемделет. Апта аягында тамак-аштын сапатына көңүл буруңуз, уулануу ыктымалдыгы жогору.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балаңыздын ою менен болуңуз, дүкөн кыдырып каалаган оюнчугун алып бергенге аракет кылыңыз. Жеке мамиледе сүйүктүү адамыңыз жөнүндө адилетсиз сын-пикир угушуңуз мүмкүн. Андыктан айтылган түрдүү сындарга даяр болуп ачууга алдырбаңыз. Апта ортосунда үй-бүлөңүздө тынчтык жана бейпилдик орнойт. Дем алыш күндөрү эски, керексиз буюмдарды таштандыга ыргытып, үйүңүздү иретке келтиресиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан