ШЫМЫ АЙРЫЛЫП, КҮЙӨӨ БАЛА ЖОК ТОЙ БАШТАП... Тамадалардын эсте калган окуялары

Тойлордо жүздөгөн кишини башкарган тамадаларды кепке тарттык. Алар тойдогу эсте калган окуяларын айтып беришти.

Бакыт Байсариев: “Той учурунда күйөө баланы милиция алып кетип калган”

– Бир тойду алып барып жаткам, күйөө бала ордунда отура албай тынчы кетип эле улам-улам чыгып телефон менен сүйлөшө берди. “Эй, антрактта чыкпайсыңбы” деп да айтып көрдүм, болгон жок. Тойдун экинчи бөлүгү башталганда эшикке чыккан бойдон келбей калса боло. Пол жууган эже “күйөө баланы 5-6 киши келип машинага салып кетти” деп калды. Эки-жактан сураштырсак, райондук милиция бөлүмүнө алып кетиптир. Өкүл атасы “той бүткөндөн кийин алып кетпейт беле” деп чалып көрдү бирөөлөргө, бирок болгон жок. Күйөө баланын жок экенин апасы, өкүл атасы үчөөбүз эле билдик. Ырчы ырдап жаткан маал болчу, ага дагы бир ыр ырда дедим. Аңгыча кыз-күйөө отурган жактын жарыктарын өчүртүп бир аз караңгылаттык. Кудай жалгап күйөө жолдош досуна окшош экен. Келинге “буту түйүлүп, ичи ооруп экинчи кабатта жатат, элдин көңүлүн бурбай бүтүрө берели” деп көндүрүп, жанына күйөө жолдошту отургузуп койдук. Тойду бүтүргөнгө шаша баштадым, кийинки антракттарды кылбай туруп, беш бармакты тарттырып, букетти ыргыттырдым дагы жыйынтыктап салдым. Эл кызып калганга күйөө баланын жок экенин байкаган деле жок. Чыгып алып аркабызды карабай кеттик го.

Бир тойду баштайлы деп жатсак эле жигиттин туугандары туруп эле жапырт кетип калышты. Көрсө, алар мурун эле жашап жүрүшүптүр, үлпөт той өткөрүп коёлу дешиптир да. Той башталарда келин менен кайнене урушуп кетип, кайненеси жини менен “той болбойт, баарыңар тургула” деп баарын тургузуп кетирип салды. Столдор бош эле болуп калды. Калган конокторду 2-3төн ар кайсы столго отургузуп тойду баштадык. Антракт маалында жигит барып атасын алып келди. Ошону менен тойду бат эле бүтүрдүк.

Бир жолу 3 аялы бар байкенин баласынын жентек тоюн алып бардым. Кичүү аялы төрөп ошого жентек той берип жатыптыр. Бирок улуу эки аялы, алардын төркүндөрү дагы тойго конок болуп келишти. Биринчи өз туугандары сөзгө чыкты. Анан улуу аялы, анын туугандары сүйлөштү, алардан кийин эле экинчи аялыныкы, анан үчүнчү аялыныкы сүйлөдү. Ал тойдо байке баарын чогултуп алганына таң калгам.



Нурел Султанов: “Күйөө бала той аяктаарда келди”

– Бир жолу кыз узатуу тойду баштайлы деп кызды алып кете турган жигитти күтүп калдык. Той ээсинен эмне болду деп сурасам, “кудалар келишти, күйөө бала бүгүн чет жактан учуп келет, аэропорттон түз эле достору менен ресторанга келмек. Аба ырайына байланыштуу кармалып жатыптыр, ошону күтүп жатабыз” дешти. Кыш келип калган маал болчу, учууга ыңгайсыз аба ырайы эле. Саат 8 болду, баягы жигиттен кабар жок. Бир аз күтө туралы дегенче 9 болуп кетти. “Кандай кылабыз, күйөө баланын инилери менен киргизип баштай берели” десек ызылдап болбой коюшту. Айла жок кызды жалгыз отургузуп эле тойду баштай бердик. Саат 11 жарымдарда мага жигит келди деп телефон чалышты. Мен элге жигит Бишкекке келиптир, бир аздан соң келип калат деп сүйүнчүлөп, баары кол чаап кубанып отуруп калышты. Той аяктап калган, жигит келип бир сааттай отуруп колуктусун алып кеткен.


Кубаныч Баркалбасов: “Айылды кыдырып костюм-шым издегенбиз”

– Бир жолу Ысык-Көлгө тойго жөнөдүк. Музыкалык аппаратураны дагы биз алып бармакпыз. Үйдөн жакшы эле костюм-шымымды, керектүүнүн баарын машинага салып даярданып, музыкант байкеникине бардым. Машинамды ал байкеникине таштап, анын машинасы менен кетмекпиз. Ошондо менин кийимим өзүмдүн машинамда калыптыр. Костюм-шымым Бишкекте калып калганын кафеге жетерде эстеп жатпаймбы. Жан талашып Барскоон айылын кыдырып костюм-шым издеп жүрөбүз. Айылда бир тамада байке бар экен, Кудай жалгап экөөбүздүн өлчөмүбүз бир экен. Анын костюмун, бырышкан бир көйнөк, бутума чоң туфли кийип той алып баргам.

Бир тойго эки ай мурун буюртма алгам. Орус мүнөз байке экен, мага башында бир жолу сүйлөшкөн бойдон байланышкан эмес. Тойдон келип уктап, саат үчтө ойгонсом эле билдирүү түштү телефонго. “Коноктун баары келип калды, эмне болдуң” деп жазыптыр. Көрсө, мага саат үчкө кел дептир да, мен болсо бешке барам деп жаткам. Тура калып далбастап башымды жууп, кийимимди даярдап шашкан бойдон кечигип жетип бардым. Анан дагы музыкалык аппаратураны койгон байкеге бешке келиңиз деп койгом. Кашайып, анын телефону өчүк. Айла жок, аппаратурасы жок эле тойду баштаганбыз.


Ирлан Таалайбеков: “Той башталарда шымым айрылып...”

– Бир жолу Ысык-Көлдөн тойго буюртма алдым. Ал жакка барып, той башталар алдында чачтарачтан чачымды жасатып чыгып эле арыктагы сууга эңкейип колумду жууп алайын деп талтайганда шымымдын алаасы тырт эле дей түштү. Алмаштырганга жанымда башка шым жок болчу. “Ушундай болуп калды, мен тамадамын, ары-бери басам, жакшынакай кийинип чыгышым керек” деп болгон жагдайды түшүндүрүп ошол жактагы дос баланын шымын сурап кийип, менин айрылган шымымды ал кийген. Ошол окуя сабак болуп, андан кийин дайыма жаныма формаларымды сала жүрүп калдым.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан