Z МУУНДУН АР БИРИНЕ БИРДЕН ПСИХОЛОГ КЕРЕКПИ?

Талкуу болгон Сузактагы мугалим менен окуучунун чыры тууралуу теманы улайлы деп чечтик.Мугалим менен окуучуну күнөөлөп тим болушту, маселенин өзөгү табылбады. Психологдор изилдөөсүндө азыркы мектеп окуучулары Z муун деп аныкталат. Башка планетадан келген эмес, биздин эле балдарыбыз. Бирок таптакыр башка дүйнө таанымы, баалуулуктары, жашоо стили менен дүйнөгө келишкен. “Аларды тааныбасак жогорудагы маселе өөрчүй берет” дейт маектешим педагог, психолог Барчынай Таникулова.

Окуяда ким күнөөлүү?

– Экөө тең күнөөлүү эмес, бул окуя менен абал “коом, биз жакты карагыла” деген коңгуроо какты. Өзүмчө экөөнө Чолпонбайлар деген ат коюп койдум. Маселенин өзөгү – азыркы муунга ылайыкталган билим системинин жоктугу жана өзгөчөлүгүнө карата мамиле болбой жатканында. Мугалим эле эмес, ата-эне менен балдардын ортосунда ушундай айыгышкан күрөш жүрүп жатат. “Сабак билбейт, бул телефон эле тиктеп жатат” деп ата-энелер да айгай салып жатышат. Z муун мурункулардан 10 эсе акылдуу, жөндөмдүү. Болгону билимди, дүйнөнү биз көргөндөй кабыл ала алышпайт.

Z муун тууралуу терең иликтеп жүрөсүз, мүнөздөп берсеңиз?

– Канча аракет кылсак да гаджеттерден, технологиядан айрып көрүү мүмкүн эмес. IT тармагында өздөрүн суудагы балыктай сезишет. Миң жолу колунан телефонду алып койсоңуздар да, бир жолун табышат. Бул муунду ата-эне, мугалимдерден мурун дүйнө тарбиялап жатат. Биздин “кыргызча” кол көтөрүп, зордоп тарбиялаганыбыз аларга өтпөйт. Булар ата-энеге же мугалимге эмес, эркиндигине, укугуна, өзүнүн каалоосуна таянышат. Фальшты, рамкага түшкөндү жаман көрүшөт. Ачык, эркин муун болгон үчүн ушул окуя болду. Болбосо мугалим окуучуга кол көтөргөн мурун деле болуп келбеди беле, бирок видеого тартып чыгарып жиберүүгө эрктери жеткен эмес.

Z муундун каармандары кимдер?

– Интернеттен кооз сүрөттөр менен же күчтүү образдар менен жашоону кабылдап жатышат. Үйүнө келсе эле баягы тытынган ата-энеси, анан кайсыны тандайт? Албетте, кооз дүйнөнү. Ата эне сөз менен тарбиялайт, сөз адамга 7 пайыз гана таасир берет. Ата-эне же мугалим урушат, эмоция адамга 38 гана пайыз таасир берет. Ал эми сүрөт же образ мээге 55 пайыз таасир берет. Демек, тарбияда кайра эле интернет утуп кетип жатат. Алардын каармандары социалдык тармактагылар же оюндардагы каармандар.

Ата-эне баласын түшүнүү үчүн эмне кылышы керек?

– Окуш керек! Алар менен тең тайлаша технологияны, психологияны окушу зарыл. Бала кимге керек? Албетте, ата-энесине. Ошондуктан мезгил менен кошо жарышуу керек. “Биздин заманда мындай эле” деген рамканы жоготуу керек.

Мугалим кандай кабылдаш керек бул муунду?

– Сыйлоо, билимин таңуулабоо менен кабылдаш керек. Баланын жөндөмүн баа менен баалаган заман эмес экенин мугалим түшүнүшү керек. Билим берүү системи бир кылым мурун бекилген боюнча жүрөбүз. Бир кылымдан бери эмне деген гана окуялар болгон жок. Элестетсеңиз, мурун почта менен сүйлөшчүбүз, азыр бардык тармакта баарлаша алабыз. Ал эми балдарды ошол почта менен сүйлөшчү замандагы билим системи менен камап жатабыз. Алар бул системди кабыл ала албай жатканын мугалим да кабылдашы керек, ыкмаларын издеши зарыл.

– Өзгөчөлүгүн моюнга алдык, кандай кылып тарбиялайбыз?

– Акылдуу муун деп жатпайбызбы, аларды чет тилдерди үйрөтүү, IT тармагындагы ийримдерге жаздыра берүүнүн кереги жок. Ата-бабаларыбыздан калган ыкмага кайрылсак жакшы натыйжа берет. Алар балдарын кандай тарбиялаган? Белгилүү бир жашка келгенде устатка беришкен. Ата-энелер баланын шыгын, күчтүү жагын байкап ошол кесиптин устатына бергени туура. Устат аларга каарман болуп бере алат. Билим эмес, өнөр үйрөтүү керек.

Эркиндик менен тарбиянын чегин кайдан табабыз? Мисалы, телефон бербесе апасын уруп жиберген балдарды кантебиз?

– Балага ата-эненин мээрими, сүйүүсү, көңүл буруусу толук жетишкен болсо, анчалык агрессивдүү болбойт. Үй-бүлөдө баары тынч болгондо бала токтоо болот. Чек дайыма болуш керек, психологияда 7 жашка чейин этин оорутпай чыбык менен тарбиялоого болот. Бирок 7 жаштан кийин таяк менен, жаман сөз менен чекти көргөзө албайбыз, анда психологиялык травма алып калат.

Рухий жактан толтуруу...

– Ата-энелердин милдети – азыркы муундун ошол бөксөсүн толтуруу. Аны эмне менен толтурса болот? Булар ушундай муун экен деп эле таштап койбош керек. Балдарга эң чоң инвестиция – алардын акылын эмес, жан дүйнөсүн толтуруу. Кыргыздын өзөгүнө кайтуу менен, аларга ата-бабалар тууралуу айтып берүү менен, боз үйгө жашатуу, жылкыга минип, кымыз ичирүү менен толтуруу керек. Табиятка чыгуу, тоо коюнунда эс алуу сонун жыйынтык берет. Ички дүйнөсүн ачып баарлашуу, спорт менен машыктыруу менен толтура алабыз. Балага өз колу менен бир нерсени жасатуу да жакшы жардам берет. Ушул жол менен гана бул муунду куткара алабыз.

Артыкчылыгы...

– Тез кабылдайт, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билет, өзүн-өзү баалоосу күчтүү. Көргөн нерсесин ойлонуп отурбай тез жасайт, коркпойт. Байлыкка, статуска эмес, адамдарга, дүйнөгө кызмат кылгысы келген муун.

Кемчилиги...

– Дайыма өздөрүн жалгыз сезет. Анткени алар жашоосунда жок эле адамдарды каарман кылып алып жатышпайбы, чыныгы колдой турган адамы жоктой сезишет. Кийинки 10 же 20 жылдыкта Z муундун ар бирине бирден психолог керек болуп калган убак келет деп жатышат изилдөөчүлөр. Руханий жактан алсыз. Жан дүйнөсү бир нерсе менен толбой эле жүрө берүү коркунучу бар.

Баалуулуктары...

– Z муун асмандан түшкөн жок, же башка планетадан келген жок, биздин эле балдарыбыз. Бирок тарбиясында ата-эне утулуп калган, дүйнө тарбиялап калган. Мурда ата-энебиз “дарак бир жерде көгөрөт” деп тарбияласа, дүйнө аларды “сен чектелбе, мүмкүнчүлүктөрүң чексиз, каалооң менен жаша” деп тарбиялап жатат.Булар чет жакка чыкканды каалашат, бир жерде отура албайт. Баалуулуктары – эркиндик, көз карандысыздык, өзүн баалай билүү, жакшы жашоодо жашоо.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан