БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨГӨ АКЧА КОТОРУУ АЗАЮУДА...

  • Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туру 24-25-июнь күндөрү өтөт, каттоо 15-июндан 23-июнга чейин жүрөт.
  • Кыргыз жеринде 5 айда 16 киши өрт кырсыгынан каза тапканын ӨКМдан маалымдашты.
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги 5 айда 262 лицензия бергени айтылды.
  • Экс-депутат, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту актады.
  • Спикер Талант Мамытов Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты.
  • Акыйкатчы: "Сот адилеттиги орномоюнча Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүгө болбойт".
  • Быйыл Курман айт майрамы 9-июлда же 10-июлда белгиленерин муфтият билдирди.
  • Мырзакул Осмонов Ош шаарынын казысы болуп дайындалды.
  • Орусия Кыргызстан менен болгон транспорттук каттамдарга коюлган чектөөлөрдүн баарын алганы расмий жарыяланды.
  • Бишкекте 28-майда түркиялык ишкерди сабап, акчасын тартып алды деп 2 жигит кармалып, камакка алынды.
  • Кайрат Иманалиев Улуттук телерадио компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.
  • 8-июндан тарта Казакстан чек арадан өткөн жарандардан ПЦР тест жана эмдөө күбөлүгүн талап кылууну токтотту.
  • УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган саясий серепчи Марат Казакбаев оор абалда ооруканага түштү.
  • 2022-2023-окуу жылынан тарта өлкөдөгү мектептерде "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы киргизилери расмий маалымдалды.
  • Бишкек шаардык соту 8-июнда Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.
  • Чүйдө абакта отургандарга баңгизат ташып жүрүүгө шектелген жаран кармалды.
  • Улуттук банк: 2022-жылы Кыргызстанга акча которуулардын агымы 2021-жылга караганда 20,3 пайызга аз болушу күтүлүүдө.
  • Акыркы коңгуроо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөгөнү айтылды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерге сууга түшүү мезгилинде балдарга этият болууну эскертти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан