Аскерде кызмат өтөө учурунда сабалган жоокер: “КӨГӨРГӨН ЖЕРЛЕРИҢДИ ЭЧ КИМГЕ КӨРСӨТПӨ” ДЕП КОРКУТУШТУ”

Чүйдүн Беловодское айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, андан улам табарсыгы жарылып ооруканага түштү. Кызыгы, жоокерди алгач командирлери ооруканага “пневмония менен ооруп жатат” деп алып келишкен. Бирок медициналык текшерилүүдөн кийин жоокердин сабалып, табарсыгы жарылганы аныкталган. Аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн тараптардын пикирин уктук.

“600 СОМГО БИРДИК САЛБАГАНЫМ ҮЧҮН САБАДЫ”

– Окуя болгон күнү мен нөөмөттө турган элем. Нөөмөттүн жетекчиси прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу мен чыгып баратканда “мага 600 бирдик салдырып бер” деп жөнөкөй чөнтөк телефонун мага берди. Мен телефонду көтөрүп нөөмөткө чыгып апама чалдым, апамдын жакында эле буту сынып айыга албай жүргөн. Ал-абалын сурашкандан кийин боорум ооруп акча салып бериңиз деп айта албай койдум. Жоокерлерге негизи нөөмөттө турганда телефон менен сүйлөшкөн болбойт, менин апам менен сүйлөшүп жатканымды капитан Мавлянов көрүп калып, “сен эмнеге нөөмөттө телефон менен сүйлөшүп турасың, нөөмөт жетекчиңди чакыр” деп урушуп кирди. Прапорщик Төрөбай Жаныбек уулун чакырдым, ал келгенде капитан Мавлянов “эмнеге сенин балдарың кутуруп телефон көтөрүп жүрүшөт, карабайсыңбы” деп бир топко сүйлөндү. Прапорщиктин ошого ачуусу келип мени сабап кирди. 20 мүнөттөй белиме, курсагыма тепкилеп токмоктоп жатканда бир ефрейтор келип арачалап калды. Ошондо прапорщик “саат 11де нөөмөттөн чык, сени менен башкача сүйлөшөм, жашооңду башкача кылам” деп кетип калды. Нөөмөттөн чыксам эле кароол жайдын ичинен кайра сабап кирди. Түнкү саат 23:00дөн эртең мененки 9га чейин уктатпай сабады. Көзүм илинип кетсе эле артымдан келип башыма урат. Таң аткыча кыйналып чыктым. Эртеси казармага барганда нөөмөттөн чыккан жоокерлерди бир сыйра медициналык кароодон өткөрөт. Ошондо бутумдун, көзүмдүн шишиктерин байкашты. Сабалганымды деле билишти. “Сени Беловодскоеге ооруканага алып барыш керек экен” деп коюшту.

“ӨКМда ЭЛЕ УШУНДАЙ ДЕДОВЩИНА БОЛУП ЖАТАТ, БАШКА ЖАКТАРДЫКЫН ЭЛЕСТЕТЕ АЛБАЙМ”

– Мени фельдшер менен улук лейтенант Замирбек уулу Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына алып келген. Ошондо “көгөргөн жерлериңди эч кимге көргөзбө, билгизбе, эч нерсе болбойт” дешти. Ооруканага мени “пневмония болуп калыпсың” деп жаткырышкан, бирок дарыгерлер "сен сабалыптырсың, табарсыгың жарылып, заара ички органдарга жайылып кетиптир" деп айтышты. Болбосо мен аягына чейин чыдап айтпай эле коёюн дегем. Ооруканада жаткан убакта да Бейшеналиев деген прапорщик жакындарымдын көзүнчө “урса урду деп айтпайсыңбы” демиш болуп, алар сыртка чыгып кеткенде “айтсаң антем, тигинтем, кийин баары бир аскер бөлүккө барасың” деп коркутту. Негизи мындай окуялар бир жумада бир жолу болуп турат. Бети-башы көгөрүп, сабалган балдар башкаруучу жетекчилерден жашынып тамактанып, аларга көрүнбөй качып жүрүп көгү тараганда гана көрүнүшөт. Менин абалым өтө оор болгону үчүн ачыкка чыгып калды деп ойлойм.

Кыйноолордун түрү көп, кээде кечки саат 22:00дөн кийин уктатпай түнү менен кыйнап эрмектешчү. Жөн эле кыйналганыбыздан ырахат алуу үчүн сабашат. Сүлгүнү суулап алып урушат эле, анткени дене көгөрбөйт экен.ӨКМга караштуу аскерий бөлүктө эле ушундай дедовщина болуп жатат, башка жактардагы дедовщиналарды элестете албайм.

Рамис Усенбеков, Бишкек шаардык Тез жардам ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы: “ЖООКЕРДИН ТОЛУК РЕАБИЛИТАЦИЯСЫНА 6 АЙ КЕРЕК”

– 3-июнь күнү жоокер Бекзат Эсенбеков бизге пневмония диагнозу менен түшкөн, дене табы 38 градус менен келиптир. Хирургдар УЗИден карап, курсак көңдөйүндө суу толгонун айтышып операцияга алышкан. Операция учурунда табарсыгы айрылып, сийдик башка органдарга тарап кеткенин байкадык. Учурда табарсыгы тигилип, сийдиги атайын түтүк менен чыгып жатат. Буюрса, 2-3 күндө ал түтүк алынат. Өпкөсүнө да суу толуп калыптыр, суусун алып лабораторияга жөнөттүк. 2-3 күндө жыйынтыгы чыкса пневмония болгонбу же болгон эмеспи так аныктайбыз. Негизи баланын абалы учурда орточо оор деп бааланып жатат, толук реабилитациясына 6 айдан кем эмес убакыт керек болот.

Алмакан Исмаилова, жоокердин апасы: “ЖАЛПЫ 36 МИҢ СОМГО БИРДИК САЛДЫРГАН”

– Бекзат эң кичүү уулум. Үч эжеси, бир агасы бар. Бирдикти үч кызыма, агасына, жезделерине, мага, атасына, баарыбызга салдыртчу экен. Мага бир жолу "атама айтпай миң бирдик салып коюңузчу, форма тиктирмекпиз" деди. “Өздөрү тигип бербейби” десем, “жок өзүбүз тигебиз” деди. Андай бирдиктердин канчасын салдык. Менде бардык тизме бар. Жалпы 36 миң сомго бирдик салыптырбыз.

ӨКМ бардык дары-дармек менен камсыз кылып жатат деген жалган, бир тыйын да жардам берген жок. Өзүм Таластан биртке тыйынымды алып келдим. Баламдын абалы оор, алгач буту шишип келгенде дарыгерлер шымын чече албай кесишиптир. Башында көзү шишиген, көк ала тактары бар болчу, колунда тактары бар. Аскерде башка жоокерлерди да абдан кыйнашат тура, чачын кыргандан кийин башына антисептик сээп чуркатышат экен. Ушул кантип болсун? Биз балдарыбызды аскерге ар кайсы прапорщиктен кордук көрсүн деп жөнөтпөйбүз да. Окуяга тиешелүү бардык жетекчилери жазага тартылсын. Айдай баламды оорукчан кылып колума карматышты. Биз адилеттүүлүктү, акыйкатты талап кылабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “ЖООКЕРДИ САБАГАН ПРАПОРЩИК КАМАККА АЛЫНЫП, 6 КЫЗМАТКЕР ЖУМУШТАН ЧЕТТЕТИЛДИ”

– 20 жаштагы Бекзат Эсенбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Медициналык текшерүү учурунда анын бутунун шишигени байкалып, алгач Беловодскоедеги ооруканага, андан соң Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. Учурда жоокердин сабалганына тиешелүү 6 кызматкер жумуштан четтетилип, аны сабаган прапорщик Ж. уулу Т. камакка алынды. Ошондой эле Бекзат Эсенбековдун атасы Э. Исмаилов Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып, уулун токмоктогон Ж. уулу Тга чара көрүүнү суранган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тергөөгө чейинки иштерди баштап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси менен кылмыш ишин козгогон. ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан