Аптанын окуясы
Кезектеги коалициянын “архитектору” Бабанов “беш же төрт баштуу көпчүлүктү курам” деген сөзүн ишке ашыра албады. Дээрлик эки апта ой толгоп, буту үзүлгүчө чуркаган “Республиканын” “атасы” араң үч башты бириктирди.
15-декабрда КСДП, “Республика” жана “Ата Журт” партияларынын лидерлери парламенттик коалиция жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев – өкмөт башчы, Өмүрбек Бабанов – 1-вице-премьер, ал эми Ахматбек Келдибеков ЖКнын төрагасы болот. Бабанов мырза канча аракет кылбасын, коалицияга көп өзгөртүү киргизген жок. Болгону, “Ата Мекенди” чыгарып, анын ордуна ошол эле спикерлик кызматты убада кылуу менен “Ата Журтту” кошту. “Ата Мекендин” коалицияга кирбей калышы жаңылык деле эмес болчу. Анткени Текебаевди төрагалыкка шайлоодо дал ушул “республикачылар” каршы добуш беришкенин эртеси эле сайрап чыгышпадыбы...
Ал эми “Ар-намыс” “премьерликти бересиңер, болбосо жок” деген адатына салып коалицияга кирбеди. Же чындап эле Феликс Кулов айтмакчы, “бабановчулар” алдын ала “жок” деген жоопту алыш үчүн “татыксыз” кызматтарды сунуштаган чыгар? Өткөн сапар Атамбаев Куловго башкы прокурорлукту берем десе, бул жолу Бабанов “коалициянын жетекчиси” болууну сунуштады. Феликс мырза: “Сунуштаган кызматы түшүнүксүз. Ал пенсиядагы аксакалга ылайык сый. Мен жандын тынчын көздөп калган куракка жете элекмин, иштейм”,- деп мындай сунуштан баш тартып койду.
Ак үйдөгү узун кулактардын айтымында, партиялар премьер менен спикерликти эле эмес, майлуу-сүттүү орундардын баарын талашып жатышкан имиш. Мисалы, “ата журтчулар” Энергетика, Транспорт жана байланыш, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине, Эсеп палатасына, ошондой эле “Манас” аэропортуна "кожоюн" болууну көздөп, коалицияда соодалашып жатат дешүүдө.
Өмүрбек Бабановдун айтымында, коалицияга “Ата Мекенди” да кошууга аракеттенишкен. Бирок аталган партиянын өкүлдөрү спикерликти беришсе гана кире тургандыгын кабарлашкан. Парламент тууралуу мыйзамга ылайык, төрагалыкка бир киши экинчи жолу көрсөтүлбөйт. Буга таянган “республикачылар” “Ата Мекен” маселесин кайрадан талкуулашкан эмес.
Ошентип, реформанын баштоочусу, парламентаризм жана Баш мыйзамдын “атасы” Текебаев мырза илгеркидей оппозициячы бойдон калары анык болуп калды.
Гезит басууга жиберилерде Ак үй тараптан дагы кабар келди. Жаңы коалиция ичинде да бир топ талаш маселе чыгып, "Ата Мекенди" кошуу маселеси кабыргасынан коюлуп, Бабанов бул фракция менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болгонун билдирди.
Биз куралып бүтпөй жаткан коалициянын тагдыры жөнүндө айрым билерман жана депутаттарга кайрылып, төмөндөгү жоопторго ээ болду.
Шайырбек Маматокторов,
“Ата Журт” партиясынын катчылыгынын кызматкери:
– “Партия лидерлеринин коалицияга кирүү үчүн негизги талабы – кресло” дегенге кошуласызбы?
– Кошулбайм. Азыр кызматтан да маанилүү маселелер көп. Эмне үчүн алгачкы коалиция ыдырады? Анткени аймактык тең салмактуулук сакталбай, түштүк электоратынын кызыкчылыгы каралбай калды. Азыр 260 миң шайлоочусу бар “Ата Журт” кошулду. Бирок коалиция жакшы иш алып баруу үчүн 4 партиядан куралса дурус болмок. Анткен менен партия лидерлери коалицияга кирейин деп жулкунбай, тескерисинче, оппозицияда болууга умтулушту. Себеби кызмат деген бул – жоопкерчилик. Эл мурункудай эмес, жарым жыл өтпөй, ошол эле өкмөт башчыдан “эмне кылдың?” деп сурай баштайт.
Турсунбай Бакир уулу,
“Ар-намыс” партиясынын депутаты:
– Эгерде “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” партиялары коалицияга кирбей калса, экөө оппозициялык күч катары биригиши мүмкүнбү?
– Эми расмий түрдө бирикпесе дагы, Жогорку Кеңеште экөө оппозициялык партия болуп кала берет. Өткөн жолкусунда биз “Ата Журт” менен чогуу оппозициялык күч болууга макул болгонбуз. Бирок алар Бабанов түзгөн коалицияга кошулуп кетишти. Азыр буга байланыштуу таарынычтар бар. Андыктан экинчи ирет мындай жолго барбасак керек. Эки партиянын биригиши мындай турсун, азыр бир партиянын ичинде бири-бирине окшош пикирлеш адамдарды табуу кыйын.
Дамира Ниязалиева,
КСДПнын депутаты:
– Мурунку коалицияда спикерликке Текебаевди өткөрбөө үчүн көмүскөдөгү күчтөр акча таркатышкан имиш. Ушундай көрүнүш Келдибековду спикерликке шайлоодо кайталанбайбы?
– Өмүрбек Текебаевди спикерликке өткөрбөөгө кызыкдар тараптар чын эле болду. Жашыруун акча таратса, балким, тараткандыр. Жеке мага эч ким сунуштаган жок. КСДПнын өкүлдөрүнүн баары толугу менен Текебаевди колдоп добуш берген. Бул жолу элдин “папке талашып жатышат” деген ачуу сөздөрүнөн улам биз “Ата Журт” менен бирге коалициялык курамга кирүүгө макул болдук. Алдыда кыш. Мугалимдер митингде. Ал эле эмес, “Мекен шейиттери” уюму дагы Атамбаевге элдин кызыкчылыгы үчүн “Ата Журт” менен чогуу иштешүүгө жол беришти.
Эльвира Караева
koom@super.kg