Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8-июнда футбол боюнча Азия Кубогуна тандап алуунун тайпалык оюндары старт алды. Алгачкы беттеште Тажикстан курама командасы менен Мьянма курама командасы кез келип, беттеш 4:0 эсебинде Тажикстандын жеңиши менен аяктады. Муну менен Тажикстан алгачкы 3 упайды алып, тайпада биринчи орунга чыкты.
Экинчи беттеште Кыргыз курама командасы Сингапур курамасы менен кез келди. Оюнда эсеп санын 56-мүнөттө Сингапурдун оюнчусу ачты, бул гол кыргызстандыктарды бир силкип алды. Оюн жарымынан дээрлик ооп калганда “Ак шумкарларда” алмашуу орун алып, оюн талаасына чыккан Виктор Майер оюнду жандантты. 77-мүнөттө капитан Валерий Кичин гол жаратса, ага удаа эле 82-мүнөттө Виктор Майер гол киргизип кыргызстандыктарды кубантты. Оюн 2:1 эсебинде “Ак шумкарлардын” пайдасына жыйынтыкталды. Муну менен Кыргызстан 3 упайга ээ болду.
Виктор Майер мыкты оюнчу аталса, оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыккан "Барселона" клубунун тарбиялануучусу Эрбол Атабаев улуттук курамда дебют жасады.
Кийинки оюндар 11, 14-июнь күндөрү болот.