Максат Токтоналиев, бийчи: “БИЙЛЕЙМ ДЕП ҮЙДӨН КАЧЫП КЕТЧҮМҮН”

Маектешим 17 жылдан бери бий дүйнөсүндө жашап келаткан Максат Токтоналиев. Кандай гана иш-чара болбосун, анын заманбап бийге тиешеси бар болсо, анда ушул жигитти, анын командасын көп кезиктиребиз. Шоу-бизнестин көптөгөн өкүлдөрү менен иштешип, катташып жүргөн шайыр бийчи жигитти кепке тартып, бий дүйнөсүнө, бийчинин дүйнөсүнө көз чаптырып көрдүк.

– Кандайсыз, Максат мырза? Эмне жаңылыктарыңыз бар?

– Жакшы, рахмат. Жакшы жаңылыктардан эң биринчи эле кызыбыздын жеңишин айткым келет, жакында Бишкекте өткөн “Мини мисс жана мистер” сынагында 2-орунду алып бизди сүйүнттү. Кудай буюрса, бир айдан кийин 3 жашка чыгабыз. Жакшы жаңылыгыбыз ушул. Бул сынакты көрүп, алгач мен келинчегиме сунуштадым, келинчегим “азырынча кичинекей да” деп бир аз каршы болду, мен “азыртан өсө берсин, көнө берсин” деп, экөөбүз кеңешип, анан катыштырдык. Кызымдын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун, талантын байкап калчубуз, ошону сынап көрөлү дедик. Биздин үмүттү актап, 2-орунга ээ болду.

– Азамат, куттуктайбыз!

– Рахмат. Андан кийинки жаңылык, футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндары башталды. Ачылышында биз өзүбүздүн курама командабызды колдоп 100 киши менен флешмоб кылып бийлейбиз.

– Жакшы экен. Бий өнөрүн качан сиздики деп билдиңиз? Максат Токтоналиев бийчи болбосо ким болмок?

– Программист болмокмун, анткени кесибим боюнча программистмин. Бирок азыр бул кесип боюнча эч кандай түшүнүгүм жок. Же футболчу болмокмун. Кичинемде футболчу болом деп, “Дордой” клубунда ойночумун. Ден соолукка байланыштуу токтотуп койгом, чуркаганга болбойт деп. Ошол учурда интернеттен француз бийчиси B-Boy Junior`дун бийлерин көрүп, кайталап жатып, досторум менен чогуу брейк стилинде бийлеп баштадым. Ошондо бий меники экен деп чечкем. Хобби катары башталып, план түзүп иштеп жүрүп, азыр эми кадимки жумушубуз болуп калды. 15 жашымда баштагам, азыр 32 жаштамын, 17 жылдан бери бийлеп келатам.

– Бий түрлөрүнүн кайсынысы сизге эң жакын?

– Багытым – хип-хоп. Анын ичинде да стилдери көп, локинг, попинг деген сыяктуу түрлөрү бар, мен негизинен ушул хип-хоптун өзүн эле карманам, сахнага ылайыкталган хип-хоп хореография менен алектенем.

– Ийгиликтериңиз, окуучуларыңыз тууралуу да айта кетсеңиз...

– Мурда "W`II bе" бий тобу менен бийлечүмүн, ал топтогулар азыр чачырап кеттик. Андан кийин өзүмө “The show team” деген топ ачкам. 5 жыл болуп калды, ошондон бери ушул топ менен иш алып барабыз. 15ке жакын окуучум бар, мурункудай азыр мен балдарга сабак өтпөйм, менин окуучуларым сабак өтүшөт. Мен үстүнөн карап турам.

"We’ll be" тобунда бийлеп жүргөндө "Я танцор" эл аралык бий фестивалында 2012-2013-жылдары чемпион болгонбуз, ошондой эле 2013-жылы Астана шаарында Орто Азия боюнча ISDS деген эл аралык сынакта биринчи орунга ээ болгонбуз. 2014-жылы Лас-Вегас шаарында бийдин хип-хоп түрү боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышып, жарым финалга чейин жеткенбиз. 2015-жылы ТНТ телеканалынын "Танцы" деген долбооруна катышкам, 2019-жылы "The Show team" командам менен Central Asia Got talent деген долбоордо жарым финалчы болгонбуз. Буюрса, ушул бий тобум менен жакында Парижде боло турган Fusion деген фестивалга даярданып жатабыз.

– Ийгилик! Бий үчүн кандай кадамдарга, кандай курмандыктарга бардыңыз?

– Башында бийлейм деп үйдөн качып кетчүмүн. Мурда Ак-Өргөө конушунда турчубуз, кийин Кызыл-Аскерге көчүп кеткенбиз. Анда да болбой кайра Ак-Өргөөдөгү досторума келип алчумун. Каникул учурларында мени тентип кетпесин деп үйдү сыртынан бекитип кетишет, анда да терезеден чыгып кетип калчумун. Окуумду да таштап коюп бийлейм деп кетип калган учурларым болду. Брейк стилинде бийлейбиз деп, сыйгалак нерсе керек болгон үчүн ачка болсок да акча чогултуп, ДВП сатып алчубуз. Ошонун үстүндө бийлечүбүз. Ошол досторумдун арасында азыркыга чейин бий менен алектенгендер бар, алар менен азыркыга чейин үй-бүлөлүк катыштабыз.

– Ырчылардан ким менен иштешкен жеңилирээк?

– Эгер кыймылдар боюнча, хореография боюнча иштешүүнү алсам, өзүмдүн өкүл атам Кайрат Примбердиев менен иштешкен жеңилирээк. Айтканымды дароо түшүнүп, жеңил кабыл алып кетет. Атам айткан нерсени мен да жакшы түшүнөм дегендей.

Негизи баары менен эле иштешкен жеңил. Анткени мен кыймыл койгондо ырчыга жараша кыймыл тандайм. Көп эле адамдар менен иштештим, бийлей алганы, бийлей албаганы менен дегендей, кыймылды тандап көрүп, жарашпай калса кайра башкага алмаштырып ылайыктуусун табам. Ошон үчүн да көбү мени тандашса керек.

Мындан сырткары концерттерде режиссёрлук кылам. Мисалы, Нурмат Садыров, Мирбек Атабеков, Кызсайкал Кабылова жана башкалардын концерттерин өткөрүп бердим.

– Бий менен Кыргызстанда үй-бүлө бакса болобу? Кошумча да бизнесиңиз барбы?

– Кошумча бизнес ачкыбыз келет, идеялар көп, бирок аракетти баштай элекпиз. Мен бий менен эле жашоомду куруп келатам. Үй-бүлөмдү да бий менен багып жатам.

– Бир күнү каалоо жок калып бийди такыр таштап коюшуңуз мүмүнбү?

– Мен бийди жакшы көрөм, бий менен жашайм. Таштап коё албасам керек. Меники эми жумуш графигим эркин да, каалаганда эс алып, каалаганда иштеп турам. Бийден эң узак карантин учурунда эс алдым окшойт. Бирок анда деле аз-аздан иштеп турдум.

– Ата болгон кандай сезим?

– Сонун! Ата болгон жагат мага, 17 жашымдан бери эле окуучуларым бар да, ошондуктан да тарбия берүүдө өзүмдүн ыкмаларым бар. Урушпайбыз. Анткени булар эч качан чоң киши болуп көргөн эмес, а биз кичинекей болуп көргөнбүз. Андыктан бала көп нерсени азырынча түшүнбөйт, билбейт. Негизгиси, туура тарбия бергенге аракет кылабыз.

– Кыздуу болгонго чейинки берген маегиңизде “балдарыңыз бийчи болом десе колдойт белеңиз?” деген суроого “жок” деген экенсиз...

– Убакыттын өтүшү менен пикирибиз өзгөрүп турат экен. Азыр кызым кандай кесипти тандаса да колдоп берем. Балким, дарыгер болом дейт, балким, модель болуп кетет. Негизгиси, туура жолдо болсо болду, ата катары кызымдын тандоосун сыйлайм.

– Маегиңизге чоң рахмат! Кызыңызга бактылуу балалык!


Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан