ЖАЙ – ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУСУ БАРЛАР ҮЧҮН ЧОҢ СЫНАК

Ысыкта, өзгөчө жайкы саратанда жүрөк-кан тамыр оорусу барлар оорусу курчуп кетпеши жана миокарддын инфарктына, инсультка чалдыкпоо үчүн эмнелерди билиши зарыл экендигин кардиолог Эсеналы Сарыков айтып берди.

Ысыктын жүрөк-кан тамыр системине терс таасири

Аптап адамдын организмин күчтөнүп иштөөгө түртөт. Ысыктан кан тамырлар кеңейип, айрым учурда артериалдык басым түшүп кетет. Ысык аба ырайы тердин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Организмдеги суюктуктун көбүнүн тер болуп чыгып кетишинен улам кан коюуланып, уюган кандын (тромб) жаралышын шартташы ыктымал. Көп тердегенде тер менен кошо магний, калий да чыгып кетип, жүрөктүн ритми канча бир деңгээлде бузулат. Катардагы адамдарга ысык ушундай таасир этип жаткандыктан жүрөк-кан тамыр оорусу барлар, мисалы, миокарддын инфарктына жана инсультка чалдыккандар, стенокардия, жүрөк кемтиги, аритмия, жүрөктүн ишемиялык (миокарддын жабыркашы) жана жогорку кан басым оорусу барлардын абалы ого бетер оорлойт.

Организм күчтөнүп иштегенде адамда энергия азаят, иммунитет түшөт. Ушул себептүү адамда инфекциялык ооруларга чалдыгуу коркунучу жогорулаарын да кошумчалай кетели.

Эми ысыкта жогоруда аталган оорусу барлар эмнелерди эске алуулары керек экендигин айтабыз.

Суюктукту азайтыңыз!

Жүрөк оорусу барлардын жүрөгү алсызыраак келет. Андыктан жайында мүмкүн болушунча суюктукту ичүүнү азайтуулары керек. Суюктукту көп ичкенде алар канга барып кошулуп, кандын өлчөмү көбөйөт. Алсыз жүрөккө анча канды иштетүү күч келтирет. Бөйрөк да көбөйгөн заараны иштетип, чыпкалоого жетишпей күч келип, сезгенет. Дегеле башка өнөкөт оорулардын да козголушу ыктымал.

Суюктукту көп ичкенде өпкөнүн ичинде суу көбөйүп, аба жетпей демиктирет, буттары шишийт. Ичинде суу топтолуп кетет. Чалкасынан жатып уктай албай жаздыкты бийик коюп, отуруп уктап калышат. Жүрөк-кан тамыр оорусу менен кошо кант диабети барлардын абалы оорлой турганы айтпасак да түшүнүктүү.

Суюктуктарга суу, суюк тамак, квас, жарма, компот, чалап жана башкалар кирет. Суткасына 1-1,5 литр суюктук жетет. Көп суусабоо үчүн майлуу, таттуу азыктарды жеп-ичпей, көчөгө зарыл иш болбосо чыкпоо керек. Кокус суюктукту көп ичип шишик пайда болсо, анда заара кубалоочу каражат ичип коюу сунушталат. Дарбыздын курамынын 90 пайызы да суудан тургандыктан андан 1 күндө 500-700 грамм жеген жетиштүү. Жайында газдалган суу ичүү сунушталбайт, ал бөйрөктүн иштешин оорлотот.

Сууну аз ичүү да болбойт. Кан коюуланып, тромб жаралып, инсультка, миокарддын инфарктына жеткириши мүмкүн. Тамекини көп чеккендерде, салмагы жогору болгондордо да ушундай коркунуч бар.

Ысып туруп муздак сууга түшүү жүрөк пристубуна жеткирет

Температуранын кескин алмашышы жүрөктүн кан тамырларынын тартылып, жыйрылышын (спаз) жаратат. Андыктан жүрөк-кан тамыр оорусу барлар ысып туруп муздак сууга түшкөндө жүрөк пристубуна кабылып калуу коркунучу бар. Муздак сууга түшөрдөн мурда бир топко көлөкөдө отуруу, анан сууга акырындан кирүү керек. Ысык айрыкча жүрөгүнө операция жасаткандарга (шунт, стент, жүрөк клапанына протез койдургандар жана башка) оордук келтирет. Андыктан кардиологдун кеңештерин аткаруулары зарыл.

Көлгө барганда күнгө кактанууга эртең мененки саат 10-11де, түштөн кийин саат 17:00 чендерде 30 мүнөт гана болот. Андан ашса кан коюуланат, жүрөктүн кагуу ритми бузулат. Тери күнгө күйүп калса дене тап көтөрүлөт. Булар чогулуп миокарддын инфарктына, инсультка жеткириши мүмкүн.

Алкоголдук ичимдик өлүмгө жетелейт

Жүрөк-кан тамыр оорусу барларга алкоголдук ичимдик ичүүгө болбойт. Алкоголь кан басымды көтөрүп, жүрөктүн кан тамырларына 2-3 эселеп күч келтирет. Алкоголь – организмден суюктуктун чыгып кетишин да шарттайт. Булар жүрөктүн кагуу ритмин бузуп, өлүмгө жеткириши ыктымал. Стенокардия оорусу барлар ичимдик ичсе миокарддын инфарктына учурашы мүмкүн дейт окумуштуулар. Алкоголдук ичимдикти көп ичкенде кан басым көтөрүлүп инсульт жаралуу ыктымалдыгы бар.

Кофе ичүүгө да болбойт. Бул да организмден суюктуктун чыгып кетишин шарттайт, дене кургайт, организмдин иштешине күч келет.

Жүрөктүн иштешин жеңилдетчү азыктар

Жайында жүрөктүн иштешин жеңилдетип, кан тамырлардын жыйрылып, тартылышынын (спаз) алдын алуучу азыктар бар. Ошолорду тамак-ашка колдонуу керек.

Жүрөктүн иштешине жардам берүүчү магний помидордо, ал эми калий өрүктө бар. Өрүктүн ширесин 1 күндө 100-150 грамм ичсе болот. Петрушканын 1 чай кашык ширеси артериалдык кан басымды түшүрөт. Капуста – кан тамырларды тазалоочу C витаминине ээ, муну жеңиз. Ашказан гастрити жана жарасы жок болсо сарымсактын 1-2 тишчесин күн сайын жеп жүрсөңүз, кан айлануу жакшырып, кан тамырларда спазм болбойт.

Жашылча-жемиштерди, балык, сууга бышкан майлуу эмес этти жесеңиз жакшы.

Табигый материалдан тигилген кийим кийиңиз

Көчөгө чыкканда башка панама, кепка, шляпа кийип же жоолук салыныңыз. Ачык түстөгү табигый материалдан тигилген кийимдерди кийиңиз. Мисалы, пахта, зыгыр булаларынан жасалган материалдан тигилгенин. Саат 12:00дөн 16:00гө чейин өтө ысык убакыт, көчөгө чыгуудан, сыртта иш жасоодон карманыңыз.

Огороддо иштөөгө эртең мененки жана кечки салкында чыгып 1 сааттан иштесеңиз болот. Бирок ийилип башты кечке салаңдатып иштөөгө болбойт. Башка кандын баруусу бузулуп, баштын оорушу, айлануусу күтүлөт. Адам жыгылып, эсин жоготушу мүмкүн. Жүрөктүн катуулап согушу, баш айлануу сезилсе дароо салкында жатуу керек. Кокус адам эсин жоготсо кебезге нашатырь спиртин тамызып жыттатуу же бетин муздак суу менен жуу сунушталат. Абалы оор болсо “Тез жардам” чакыруу зарыл.

Саякатка, эс алууга чыгарда дарыларды унутпаңыз!

Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар саякаттоого же бир жакка эс алууга жөнөөрдө жанына ичип жүргөн дарыларын, медициналык документтерин сөзсүз алуусу зарыл. Анткени алыска жол жүрүүдө, жүк ташууда, бийиктикке чыкканда, саякат учурунда климаттын кескин алмашуусунан, жаңы таасирлердин айынан эмоционалдык чыңалуудан жана башкалардан жүрөккө күч келип, дары ичүү керектелет. Медициналык документтер кокус ооруканга түшүп калганда же эс-учун жолдо жоготуп койгондо медициналык жардам көрсөтүү үчүн керек.

Саякатка же эс алууга жөнөөрдө, мисалы, тоого барарда кардиолог врачтан кеңеш алууну унутпаңыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан