Илим Карыпбеков: «ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ ДЕГЕНДИК – БИР БАЙКУШТУН ЖАШООСУ»

Интернеттеги социалдык тармактарда бул кишинин өзгөчө юмор аралаш ийине жеткире айткан сөздөрүн күтүп окугандар көп. Илим Карыпбеков медиа эксперт, мыкты менеджер катары көпчүлүккө таанымал. Акыркы учурда блогер, альпинист катары да тааныла баштады. Жакында эле Непалдагы атактуу 2 чокуну багындырып келген Илим мырза менен ар кыл темада кеп козгодук.

«МОТОЦИКЛДИ ЖАКШЫ ТҮШҮНӨМ»

- Мурун мотоциклге кызыкчу деле эмесмин. Бир күнү досум мотоцикли менен келип "айдап көрсөң" деп калды. Айдап көрдүм, жаккансыды. Бул деле жаңы нерсе, үйрөнсө үйрөнөйүн деп интернеттен карап, анан инструктор жалдап жакшылап өздөштүрдүм. Анан өзүм мотоцикл алдым. Кызыгып изилдеп жүрүп мотоциклди жакшы түшүнүп калдым. Жаз келери менен мотоциклимди гараждан чыгарам. Бизде мотоциклдин сезону 7-8 ай, шаар ичинде тыгын менен ишиң жок айдап жүрө бересиң. Майга дагы үнөмдүү, 10 литр бензин куйсаң 300-400 чакырымга жетет.

«ТООСУЗ ЖАШООНУ ЭЛЕСТЕТҮҮ КЫЙЫН»
- Негизи тоого көп чыкчумун, бирок альпинист болуу оюмда жок эле. Бара-бара чокуга чыгып жаткан альпинист балдарды көрө баштадым. Бизде альпинизм факультетин аяктап жаткандар 4170 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусуна чыгышат. Алгач мен дагы ошол чокуга чыгып көрөйүн дедим, чыга алдым. Ошентип эле башталып кетти. Анан Учитель, Адыгине, Путин чокуларына чыктым. Көнгөндөн кийин аркан менен атайын жабдыктарды алып аскаларга чыкканды үйрөнүүгө киришип, альпинисттерге аралаша баштадым. Анан альпинизм федерациясына Эдуард Кубатов президент болуп келгенде “вице-президент бол, альпинизмди өнүктүрүүгө жардам бер” деп суранып калды, 4 жылга шайландым. Азыр мага тоосуз жашоону элестетүү кыйын болуп калды.

«ЭВЕРЕСТКЕ БАРСАМ ДЕГЕН МАКСАТЫМ БАР»
- Бир күнү Эдуард Кубатов “туристтик топту Эвересттин этегине алып бара жатам, кааласаң барып кел” деп калды. Туристтик топко кошулуп Гималайды көрүп, 6200 метр бийиктиктеги Лабуче чокусуна, андан ары Кала-Патхар (5645 метр) деген чокуга чыктым. Эми, буюрса, июлда 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна барам. Күзүндө экспедициялык топ 8163 метр бийиктиктеги Манаслу тоосуна чыкканы жатабыз. Ленин, Манаслуга ийгиликтүү чыксам, буюрса, Эверестке барсам деген максатым бар.

«ТИЛ БИЛБЕСЕҢ СЕН ЖАРТЫ АДАМСЫҢ»
- Адамга эң зыяндуу сапаттардын бири – билимсиздик. Билимсиздик аракет кылбагандан пайда болот. Туура эмес, жаман нерсенин баарын билимсиз, акылсыз адам кылат. Экинчиси – тил билбестик. Жалгыз эле кыргыз тили менен оокат кылып өтүп кетем деген өтө чоң жаңылыштык. Тил билбесең сен жарты адамсың. Андан тышкары элге көз артып, сын тагып, ушактап эле отура бергендик өтө начар сапат. Бул адамга эч бир пайда алып келбейт. Кыргызда көрө албастык канга сиңип калгандай эле, бирөөнүн иши жакшы болуп жатса, өзүңдүкүн андан жакшы кылууга аракет кылгандын ордуна, аныкын жаман кылууга аракет кылабыз. Кээ бирөө “менде мындай сапат жок” деп так кесе айтат го. Антип айтуу туура эмес. Себеби азыр сенде мындай сапат болбогону менен, тигиндей чыгып бирөөнү жамандап салсаң дароо пайда боло калат. Булар менен Кудайдын куттуу күнү күрөшүш керек.

«БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ӨЗҮҢДҮ БАКТЫЛУУ КЫЛ»
- "Эл эмне дейт?” дегендик бул бир байкуштун жашоосу. Өзүн чектеп жашагандар – аң-сезим жактан майып адамдар. Себеби татыктуу жашоону ойлонбой эле “кой, мындай кылсам эл жаман ойлоп калат” дей беребиз. Мисалы, балдар ээн-эркин ойлонуп жатса “кой, бала деген баладай болгону жакшы, отур” деп шагын сындырып тыйып салабыз. Биринчи өзүңдү бактылуу кылып, анан тегерегиңдеги адамдарга жардам берүүгө аракет кылышың керек. Тегерегиңдеги адамдар бактысыз болуп жатса, анда өзүң толук кандуу бактылуу боло албайсың. “Эл эмне дейт?” деп чектей бергендин билими төмөн болот. Так ошол адам коомго зыян кылат. Билимдүү адам коомго зыян келтирчү нерсени эч качан кылбайт.

«АЛАРДЫН ТААСИРИ МАГА БИР ТЫЙЫН»
- Мурун кайсы саясатчы таасирдүү деп кызыгып, ойлоно берчүмүн. Кийин саясаттан кеттим. Азыр алардын таасири, аброю канчалык деңгээлде экени мага бир тыйын. Айрымдар “сен аларды сындап жатпайсыңбы” деп айтышы мүмкүн. Мен коомдун өкүлү катары “бул жагыңар кемчилик, оңдошуңар керек” деп белги берип жатам. Акылы жетсе оңдойт, жетпесе мага коркутуп телефон чалып, же ар кандай каттарды жөнөтүшөт. Бул акылы аз саясатчылардын кылганы.

«ЭРКЕККЕ КАРАГАНДА КЫЗ КИШИ АКЫЛДУУ»
- Эркекке караганда аялзаты бардык параметрлер боюнча кыйла өйдө. Эркектин аялдан бир эле артыкчылыгы бар – булчуңу күчтүүрөөк. Эркекке караганда кыз киши акылдуу, сабырдуу, чыдамдуу, билимдүү, эмгекчил. Ошол артыкчылыктарга татыктуу жооп бериши үчүн эркекке мээ керек. Көбүбүздө мээ жок болгондуктан зордук-зомбулук, чектөө менен башкарып жатабыз. Коомдо аял кишиге ушундай мамиле качанкыга чейин уланса, биздин ийгиликсиздигибиз, өлкөнүн чабалдыгы ошого чейин улана берет.

«ӨЛКӨГӨ ЭМНЕ САЛЫМ КОШТУМ?..»
- "Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошпойсуңбу” дегендерге дайыма айтам, ар бир кыргыз жараны акылдуу, билимдүү болуп өзүн-өзү бакса андан ашкан салым жок. Өлкөнүн байлыгы – адам. Элестетиңиздер, 6 миллион адамдын 4 миллиону сабаттуу болуп, коркутуп бирөөдөн жулуп албай, коррупция кылбай, эмгек менен акча таап жашоосун жакшынакай оңдоп кетсе Кыргызстан өнүгүп жатып калат. Мен эмне салым коштум? Эч кимден эч нерсе сурабайм, акчаны уурдап алып жаткан жокмун. Колумдан келишинче мага ишенген адамдарга таасир эткенге, спорт менен машыгууга, бийик максаттарды коюуга, жаман жолго түшпөөгө үндөп, өз мисалым менен жашоонун башка жактары бар экенин көрсөтүп жатам.

«БАЛАГА ТАТЫКТУУ МАМИЛЕ ЖАСАШ КЕРЕК»
- Менде балалыктан калган психикалык травма аябай көп. Кичинекей кезде жашоом бир аз кыйыныраак болгон. Улуу агаларым мени катуу сабачу. Алар ичип келгенде үйдө мушташ чыкчу, вилка, бычак каткан, сарайга самандын арасына уктаган учурлар көп эле болду. Мен ата-энем жок өсүп калдым да, атам мага агадай мамиле кылчу, апам менен 16 жашымда тааныштым. Кичинемде башкалардын ата-энесин көрүп ичим күйчү. Азыркыга чейин эсимде калгандыктан ушунун баарынан психикалык травма алганымды билип жатам. Албетте, бул адам баласынын жашоосуна таасир этпей койбойт. Кудайга шүгүр, мен жакшы жолго түшүүгө умтула алдым. Мындай травмалар балдарды туура эмес жолго түртөт. Андыктан балага татыктуу мамиле жасашыбыз керек. Кыргызда балдарга дээрлик туура мамиле кылынбайт. Ошондуктан зордук-зомбулук көп.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан