Эмил Жамгырчиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «КАКЫЛДАП КОЙСО ЭЛЕ КЫЙЫН ДЕПУТАТ БОЛУП КАЛБАЙТ»

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бейнесин ачып берели дедик. Каарманым “абдан ишенчээкмин, адамдар сатып кетсе деле ишене берем” дейт. Маекте үй-бүлөсү, баскан жолу, саясий карьерасындагы тоскоолдуктар жөнүндө да кызыктуу кеп салып берди.

– Саламатсызбы, Эмил мырза? Парламентке депутат болгонуңузга 2 ай болду. Байкоолор кандай? Депутаттык сиздин табиятыңызга ылайык эле кызмат бекен?

– Эл өкүлүнүн негизги милдети – эл менен тыгыз иштешип, алардын көйгөйүн чечүү. Элди бейпил жашоо менен камсыз кылуу. Менин жообум сизге канчалык баналдуу сезилбесин, бирок чындык ушул, депутат болуп келүүнүн максаты – элге пайдаңды тийгизип, жардам берүү. Микрофонго какылдап койсо эле кыйын депутат болуп калбайт. Элдин көйгөйүн жон тери менен сезип, билиш керек. Парламентке келгиче 20 жыл аткаруу бийлигинде иштедим. Ага чейин Европа өлкөлөрүндө миграцияда жүрдүм, биздин азыркы мигранттарга тиешелүү көйгөйлөрдүн көбүн билем. Өзүм үч жарым жыл Улуу Британияда окуп, иштедим. Эмне деген гана жумуштарды жасабадым, ажаткана жуугандан тарта далай жумушта иштедим. Ал жактан иштеп топтогон акчабызга иним экөөбүз Кыргызстанга келип ресторан, тамак-аш бизнесин ачканбыз. Тамак-аш рецепттерин абдан жакшы билем. Негизги турмуштук тажрыйбаны миграцияда жүрүп аласың. Менде мамлекеттик кызматтагы да, турмуштук да тажрыйба жетиштүү.

– Сизди саясатка алып келген жол жеңил болдубу же татаалбы?

– Бардык кыйынчылыктан өттүм. Тоскоолдуктар, жаманатты кылуулар, ортодо абакка да отуруп чыктым. ИИМдин академиясын кызыл диплом менен бүткөм. Окугандан кийин билимим текке кетпесин деп укук коргоо органдарында 10 жыл иштедим. Акыркы кызматым Финансы полициясынын төрагасынын орун басарлыгы болду. Ушул кызматта иштеп көп ажыдаардын куйругун бастым. Бизге чейин Каржы полициясында иштеген команда бюджетке 1,5 миллиард сом төксө, биздин команда ал көрсөткүчтү 5,5 миллиард сомго жеткирди. Бирок бул 5,5 миллиарддын артында көп ажыдаарлар туруптур, ошолордун каарына калдым. Ошол кездеги бийлик мага кылмыш ишин козгоду. Абакка отурдум, кийин соттон акталдым. Биз, депутаттар, жок дегенде жарандардын укугун коргой турган пайдалуу мыйзамдарды жазсак дейт элем. Анткени укук коргоо жаатында кандай акыйкатсыздык орун алып жатканын жон терим менен сездим, СИЗОдо отурганда 4,5 жылдан бери сот чечимин күтүп камакта отурган адамдарды көрдүм. Көрсө, алардын кылмыш иши боюнча экспертиза дайындалган экен, экспертизаны күтүп отурганына 4 жылдан ашып кетиптир. Же соту болбой, же экспертизанын жыйынтыгы чыкпай отура берген болбойт да. Алар да биздин жарандар. Миграция боюнча жакында Улуттук банк жаңы мыйзам долбоорун алып келди, банктын “кара тизмесине” кирген жарандар Евросоюз алкагындагы мамлекеттерге ачык болсун деп жатышат. Жарандарыбыз миграцияда жыргаганынан жүргөн жок, мисалы, Орусиядан насыя алалы десе “кара тизмеден” сөзсүз чыгып калат, эл деле өзүнүн оокатын кылып алсын да. Азыр ар бир үчүнчү жарандын банктан алган насыясы бар. Жашоодо ар кандай болот, кээде өз убактысында төлөй албай банктын “кара тизмесине” кирип калышат. Мен 500 миң сомго чейин насыя алып “кара тизмеге” кирип калган жарандарды тизмеден чыгаргыла деп сунуштадым.

– Депутаттыкка талапкерлигиңизди койгондо дарегиңизге бир топ сындар да айтылып жатты...

– Ооба, кара пиар ашыгы менен болду. Кеп менде эмес, мен ээлеген кызматта болчу. Депутаттыкка аттанып жатканда да көп тоскоолдуктар болду. Абактан чыгып үгүт иштерин жүргүзүп, элдин ишенимин алуу деле оңой эмес, эми ар бирине барып актана албайт экенсиң да “мен анткен эмесмин” деп. Сот иштерим да жүрүп жатты, ошол эле учурда үгүт иштерин да жүргүзүп жаттык. Ак ийилет, бирок сынбайт дейт эмеспи, шайлоо башталарга 10 күн калганда акталдым. Айрым үгүтчүлөрүм өзүмө келип эле “сен соттолот турбайсыңбы, сотто сага 15 жыл сурашпадыбы” деп жатышты. Ушундай оор кырдаалга карабай элимдин колдоп шайлап бергени мен үчүн чоң жеңиш болду.

– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак, балалыгыңыз кайда өткөн?

– Мени көптөр көпөстүн баласы деп ойлошот экен. Андай эмес, ата-энем карапайым адамдар. Апам медицина кызматкери болуп, атам бала бакчаларга азык-түлүк ташып көп жыл иштешти. Өзүм Бишкек шаарында төрөлгөнүм менен, айылда чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Супер саякмын, Жумгал районунун Дыйкан айылынан болом. Балалыгымда тентек элем, апам “сенин топурагың жеңил” деп койчу. Балдар мушташкан жерде баары качып кетет, мен эле калып калам. Кичинемден спортко жакын өстүм, алгач циркте бир дөңгөлөктүү велосипед тээп үйрөндүм, кийин дзюдо менен машыктым. Мектеп курагында таэквондого катышып, ал спорт түрүнөн кара курдун ээси болгом.

– Чакан мамлекетиңиз тууралуу, тамаша-чынга сала бир эле аялыңыз барбы деп да сурагым келди...

– Мактанбайын, мендейлерди “однолюб” деп коюшат. Жүрөгүмө бир эле аял батат. Экинчи аял алганга “повод” деле жок, анткени келинчегим менен бактылуумун. Жубайым юрист, ата-энебиз менен чогуу жашагандыктан энемден алган тарбиясын балдарына берип келет. Өзүм шар жүргөн жигитмин, бала кезден ата-энеме жөлөк болоюн, таяныч болоюн деп мээнет кылып жүрүп кыз жандап ага гүл берип, романтика тартуулаганга деле убакыт болгон жок. Ошондуктан жубайым менен бир жума сүйлөшкөндө эле баш кошуу сунушун киргизгем. Таанышкандан бир айдан кийин баш кошконбуз. Чогуу жашап жатканыбызга 18 жыл болду, 4 балабызга татыктуу тарбия берип жатабыз.

– Акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?

– Чынын айтсам, ал күндү эстегим да келбейт. 2017-жылы октябрь айында бир тууган иним Нурлан Жамгырчиев автокырсыктан каза болгон. Ошол кездеги вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун кеңешчиси болуп иштечү, аны менен шайлоо иштерине байланыштуу Таласка иш сапарга баратып жолдо кырсыктан каза болгон. Бул аза биздин үй-бүлө үчүн чоң сокку болду. Айрыкча ата-энем күйүп кетти. Аларды көрүп мен кыйналдым. Иним абдан кичи пейил, сылык, мамлекеттик кызматта иштесем деген дымагы күчтүү адам эле. Ата-эне бекеринен “алдыңдан кетейин” деп айтпайт экен. Азыр да ата-энем неберелерине “алдыңдан кетейин” деп отурушат.

– Ишенчээксизби? Адатта укук коргоо органдарында иштегендер ар бир нерседен шектенип, күмөн санай беришет...

– Ооба, ишенчээкмин. Мени сатып кетишсе деле, жамандык кылса деле ишене берем. Эч кимге ишенбей жашасаң, анда жашоонун кызыгы эмнеде? Абакта отурганда Жараткан менен көп диалог болот, “эмне үчүн, кайсы күнөөм үчүн?” деген суроолорду бересиң. Ошондо ойлоп көрсөм, 10 жыл тергөө кызматында иштеп эч кимди камабаптырмын. Анткени ишенчээк болчумун да (күлүп). Эркектин башына эмнелер гана келбейт, көтөрдүм. Бирок ата-энең, жакындарың көтөрө албайт экен. Камалып кеткеним да ошол ишенчээктигимден болгон, негизи.

– Таш менен урганды аш менен ур деген сөздү турмушта көп колдоном деп калдыңыз...

– Ооба, былтыр шайлоодо жакындарыма “шайлоодо мен утсам да, утулсам да мен үчүн эч ким менен урушпагыла” деп айттым. Анткени бир үй-бүлөдө 5 адам болсо, бешөө беш партияда үгүт ишин жүргүзгөн учурлар болду. Энем көп жылдан берки курбусунан “балама добуш берип койчу” деп сураныптыр. Бирок ошол айылдан мага эч ким добуш бербептир. Энем курбусуна таарынып алган, чалбайт, ал-абалын сурабайт. Анан мен “апа, мындай болбойт, каяктагы бир депутат болом деген жаман балаңыз үчүн 40 жылдык достугуңузду садага чабасызбы?” дедим. Балким, туура эмес адамды белгилеп алгандыр, салбай калгандын ар кандай шарттары болот да. Депутат болгондон кийин бата алайын деп шайлоодо башкалар үчүн, мага каршы иштеген туугандарымды кошо чакырдым. Мен үчүн мамиле баарынан бийик турат. Биз бири-бирибизге болгон сый менен гана баарын жеңе алабыз.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан